Фарида Өмүрзакова: «Турмушка чыкпай, жашоомду балама арнап келген элем»

Комузда кол ойноткон Фарида Өмүрзакова социалдык баракчаларына баласынан айрылганы тууралуу постторду көп чыгарат. Мончоктой баласынан ажырап ушул күнгө чейин күйүтү басылбай жүргөн ырчы жакында уулунун жаркын элесине арнап концерт бергени турат.

– Сөздү алдыда боло турган концертиңизден баштасаңыз?

– 5-апрель күнү Кыргыз улуттук филармониясында баламды эскерүү концертин бергени турам. Уулумдун каза болгонуна быйыл үч жыл болуп баратат. Андан бери биринчи жолу концерт койгону жатам. Жоготуудан улам эч нерсеге көңүлүм жок жүрүп эми баш көтөрдүм. Баладан айрылган эненин күйүтү өмүр бою айыкпайт деп ойлойм.

– Оор экенин түшүнүп турам, бирок уулуңуз тууралуу бир ооз айта кетсеңиз?

– Уулум Азамат Акматбеков сахнага ырдап чыгып, бир чыкканда эле жылдыздай «жарк» деп, тилекке каршы, тез эле өчүп калды. Өзүм таптап жүргөм, беш чыгарма жаздырып, үч клип тарттырганбыз. Эл жакшы кабыл алып баштаган. Өзүмдү экинчи планга коюп балам үчүн катуу даярданып жаткан элек. Коңур, ушунчалык башкача үнү бар эле. 2014-жылдын март айында концерт бергенбиз. Арадан көп өтпөй ошол жылдын 15-октябрында 22 жашында каза болуп калды. Көз тийдиби, сөз тийдиби билбейм. Жалгыз уулум ушул Азаматым эле бар эле. Балам багат деп турмушка да чыкпай, болгон жашоомду балама арнап келгем. Жолдошум менен ажырашканда балам курсагымда эле. Жалгыз балам болгонго экөөбүздүн жаныбыз бир болчу. Эненин сугу өтөт деген чын го, үч маал бири-бирибизди өпкүлөп жашачубуз (ыйлап). Баладан башкача бала эле, мага күйүмдүүлүгүн айт, бутумдан бери аарчып жиберчү. «Балам, мынчалык эле кичи пейил болбочу, мени өтө эле бөпөлөбөчү», - дечү элем.

– Балаңыздын мынчалык эрте кетишине кандай себеп болду?

– Тилекке каршы, балам өзүнө-өзү кол салды, тактап айтканда, муунуп өлдү. Себеби келиним экөө бир аз талашып-тартышкан экен. Келинимден сурасам: «Апа, мен эч нерсе деген эмесмин», - дейт. Шайтан азгырган го деп калам. Баламдын үйлөнгөнүнө эки эле ай болгон. Каза болорунун алдында эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Ошондон 2-3 ай мурун бир тууган иним 45 жашында эле талмадан каза болуп, артында беш баласы калды. Анын алдында баламдын үйлөнүү үлпөт тоюн берем деп элдин баарына чакыруу таркаткам. Жалгыз баламдын тоюн өзгөчө өткөрөм деп тургам. Бирок бир тууган иним өлүп жатса кайдагы той деп баарын токтотуп койгом. Азыр абдан арман кылам, жамандыктын артынан дароо той кылып жиберсем болмок экен деп өзүмдү-өзүм күнөөлөйм. 12-октябрда инимдин туулган күнү эле, «тирүү болсо куттуктабайт белем», - деп аябай ыйлагам. Көрсө, ый ыйды чакырат экен. Эки күндөн кийин балам каза болуп калып атпайбы. Азыр ошондо анчалык ыйлабасам балам өлбөй калат беле деп ойлой берем. Айтор, оюма ар нерсе келет. Биз жаңы эле жер алып, кабат үй салууну кыялданып жатканбыз. Уулума: «Бир жылы дубалын тургузсак, бир жылы үстүн жаап бүтүрүп алабыз. Көп балалуу болсоң , очор-бачар болуп жашай беребиз», - дечүмүн.

– Неберелүү боло алдыңызбы?

– Азыр Кудайга шүгүр дейм, келинимдин боюнда калыптыр. Уулум каза болгондон бир айдан кийин келинимди: «Бала төрөлгөнчө сиздер менен болсун», - деп ата-энесине кошуп бердим. Небере кызым төрөлгөндө бир ай менин үйүмдө турушту. Уулум менен келиним кыздуу болсок атын Раяна коёбуз деп тилешчү экен, ошол атты койдук. Анан келиним: «Апа, Орусияга барып иштеп келейин», - деп кеткен. Неберемди мен карайын десем: «Мени менен болсун», - деди. Эне сүтүн эмген баланын ден соолугу чың болот деп макул болдум. Неберем эки жаштан өтүп калды. Аны сагынам, сүрөтүн көрүп ыйлайм. Буюрса, концертке келишет.

– Азыр депрессиядан чыгып, күйүтүңүз жеңилдеп калдыбы?

– Депрессиядан чыктым десем болот. Ыйлай берип кан басым, көздүн глаукома оорусуна кабылдым. Көзүм тунарганынан текшертсем: «Бул оору стресстен, ыйлагандан, нерв болгондон болот. Көрбөй калууга алып келет», - деди. Ошондон кийин: «Көрбөй калсам жетелей турган жалгыз балам өлүп калды», - деп өзүмө келе түштүм. Азыр дарыланып жүрөм. Ыйлай берген болбойт экен, өзүңдү кармашың керек тура. Баласы менен небересин удаа жоготкон апам такыр эле жатып калды.

– Филармонияда иштеп жатасызбы?

– Балам каза болгондон кийин жумушка үч айдан кийин чыктым. Жетекчилерим: «Чык, ырда», - десе, «балам өлүп күйүттө жатам, түшүнүп атасыңарбы?» - деп урушуп, аларды жаман көрүп жүрүптүрмүн. Бирок алардын айтканы туура экен, себеби ырдаганда бир аз болсо да кайгыны унутуп жеңилдейсиң. Мен азыр мерез болуп калдым, бирөө өлгөнүн уксам: «Адам деген өлөт, бүгүн барбыз, эртең жокпуз», - деп коём. Боор ооруу сезими жок, бүгүнкү күн менен гана жашап жатам. Буга чейин өлүм тууралуу ойлончу эмесмин.

– Жалгыздык кыйынбы?

– Албетте кыйын, бирок көнбөскө арга жок. Чыгармачылыкта жүргөндүн жакшы жери кечке иш менен чуркап жүрүп, үйгө бутумду сүйрөп барып, кантип уктап калганымды билбей калам. Учурда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузчу, мэриянын алдындагы «Доор» ансамблинде солист болуп иштейм. Айлык аз болгондуктан эки жакка жетишип иштегенге аракеттенем. Мурда комузчулук менен иштеп келгем, ыр жагына өткөнүмө үч жылдай болду. Агайларым: «Күүнү таштап койдуң», - дешет. Чынын айтсам, тойго: «Күү ойноп бер», - деп чакырбайт, «Ак тилек” деген ырыңды ырдап бер», - деп чакырат.

– Айлыктын аздыгынан ырчылардын көпчүлүгү жеке ырчы болуп кетишти.

– Өмүр бою мамлекеттик жумуштарда иштеп келе жатам. Кийин пенсияга чыгам да, ошол жагын ойлойм. 13 жыл Жалал-Абад филармониясында иштеп, ага катар музыкалык техникумда студенттерге, окуучуларга комуздан сабак бердим. Студенттерим азыр: «Эжеке, убагында нервиңиз кетти эле», - дешип ыраазычылык кылып белек беришип кубандырып турушат. Ал жактан бир топ студенттерди тарбиялагам. Жолдошум менен ажырашкан соң чыгармачылыгымды өркүндөтөйүн, балама жакшы билим берейин деп Бишкекке көчүп келгем. Бишкекке келгенден кийин да 67-мектепте, кийин үйүмдүн жанындагы мектепте жана «Сейтек» балдар борборунда комуздан сабак берип иштедим. Быйыл чарчап андан эс алайын дедим. Эмгегим бааланып Билим берүүнүн отличниги болдум.

– Уулуңуз атасы менен катышчу беле?

– Албетте, атасын жамандап андан алыстаткан жокмун, «кандай болгон күндө да атаң», - деп катташтырып койгом. Балам каза болгондон кийин күйүттөн атасынын кант диабет оорусу күчөп, бир жылдан кийин баласынын артынан кете берди.

– Бактыңызды дагы сынап көрүү оюңуз барбы?

– Ооба, «көздүү мончок жерде калбайт» дешет. Мен өзүмдү жаш сезем (күлүп). Жаш кезимде: «Балам бар, болду», - деп башка нерсени ойлобоптурмун. Апам да: «Күйөөгө тийип эмне кыласың, балаң турат го», - десе, анын тилин алыптырмын. Азыр кээде: «Сиз ошондо турмушка чык дегениңизде, жаш кезимде турмушка чыгып дагы төрөп алмактырмын», - деп апамды күнөөлөп калам.

– Сөз айткан мырзалар болобу?

– Болот, бирок “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп ары жак, бери жагын карап калат экенсиң. Чыгармачылыкты да биринчи орунга коюп кеттим окшойт. Эгерде үй-бүлөнү биринчи орунга койгон аял болсом, тоонун башында эшек менен суу ташып жашамакмын. Эми деле бакыттан үмүт кылам, Кудай берерин унутпасын.

 

Динара ЧОКОЕВА