БАЛДАР тамактары

 «Уйкудагы мамалак» тамагы

Кандай азыктар керек?

«Мамалак» үчүн:

Күрүч: 100 г

Эт: 100 г

Сыр: 1-2 кесим

Зайтун: 1-2 даана

«Жуурканы» үчүн:

Жумуртка: 1-2 даана

Сүт: 1 чоң кашык

Ун: 1 чай кашык

Кантип жасалат?

Эт менен күрүчтү өз-өзүнчө сууга кайнатып бышырып аласыз.

Бышкан этти блендерде майдалап, аны күрүч менен аралаштырып бир аз туз кошосуз.

Бул аралашма менен тарелкага уктап жаткан мамалактын формасын жасайсыз.

«Жуурканы» менен «жаздыгын» жасоо үчүн жумуртканы, сүттү, унду кошуп жакшылап чаласыз.

Мындан эки даана жука омлет жасайсыз.

Кооздоо үчүн сыр менен зайтунду пайдаланасыз.

 

«Акылдуу үкү» тамагы

Кандай азыктар керек?

Тоок эти: 250 г

Ак нан: 1 кесим

Сүт: 100 г

Пияз: 1 баш

Картошка: 1 даана

Туз

Кантип жасалат?

Эт менен пиязды эт майдалагычтан чыгарасыз.

Бул фаршка сүткө чыланган нанды кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Бир аз туз кошуп жука, тегерек котлет жасайсыз.

Котлетти бууга бышырасыз.

Картошканы сууга бышырып, пюре кылып эзесиз.

Эми даярдалган азыктардан үкүнүн формасын жасайсыз.

Кооздоо үчүн редисканы, бадыраңды, салат жалбырагын пайдаланасыз.

 

«Шоколаддагы банан» десерти

Кандай азыктар керек?

Банан:4-6 даана

Шоколад: 2 плита

Өсүмдүк майы: 1 чоң кашык

Кантип жасалат?

Алгач шоколадды майдалап аласыз. Чоң мискейдеги кайнап жаткан суунун буусуна кичине мискейдеги шоколадды коюп эритесиз. Шоколадды тынымсыз аралаштырып ага өсүмдүк майын кошуп аралаштырып коёсуз.

Банандардын кабыгын аарчып, ар бирин 3-4кө бөлөсүз.

Аларды жыгач шпажкага сайып туруп эриген шоколадга оонатып коёсуз.

Шоколадга оонатылган банандарды муздаткычтын тоңдургучуна салып 20 мүнөт кармайсыз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА