Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Арслан

Туулган жылы: 1984-жыл 29-март

Кесиби: жок

Иштеген жери: Москвада фирмада иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Ички дүйнөсү таза, ыймандуу, ынсаптуу, туруктуу, тыкан

Материалдык байлыгы: машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 00 07 84

– Мен аялымды жаш кезимде жактырбай этпей эле ала качып алгам. Экөөбүз бир жыл жашап уулдуу болдук. Бирок кийин пикир келишпестиктер жаралып ажырашып кеттик. Уулум апасы менен кеткен, мен ага барбайм деле. Ажырашкан жети жылдан бери иштеп, турмушка кагылып-согулдум. Эми кайрадан турмуш баштап, жакшы жашоого кожоюн болгум келет. Мага Кыргызстандын кайсы жеринен болсо дагы турмушка терең караган 25 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Күзгө чейин мекенде болуп, үйлөнүп алып кайра Москвага кетүү оюмда бар. Балким жакшы адамга жолугуп жашоом жакшы жакка өзгөрүп кетсе, ал ойлорумдан айнып калышым да ыктымал.

 

 

Кубаныч

Туулган жылы: 1986-жыл 2-июнь

Кесиби: жок

Иштеген жери: Токтогул ГЭСте күзөтчү болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Каракөл шаары

Кандай айымдар жагат? Намаз окуган, ыймандуу, түшүнүктүү, чынчыл, ак көңүл

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0771 40 78 83

Аялым менен бир жыл жашадым. Уулдуу болдум. Жашоом бир нукта улана берет деген ойдо элем. Тилекке каршы, аялым кичине туура эмес кылыктарды кылып койду. Анын айынан ажырашып кеттик. Бирок мен ажырашкан эки жылдан бери балама байма-бай каттап, кабар алып, колумдан келген жардамымды кылып келем. Өзүм намаз окуган адаммын, андыктан дин жолундагы намаз окуган айымдар менен таанышам. Жашы 20 жаштан 27 жашка чейин болсун. Бир баласы болсо маселе жок багып алам. Чалыңыздар.

 

 

Акыл

Туулган жылы: 1989-жыл 29-декабрь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Турмушка тың, токтоо, түшүнүктүү, чечкиндүү, акылдуу, таза

Материалдык байлыгы: эки үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 71 83 59

Мен жакындарым тапкан бир кызга баш кошуп беш ай жашагам. Өзүбүз каалабай бирөөлөрдүн айтуусу менен жашоо баштагангабы, турмушубуз уланбай калды. Болор-болбос нерселерди маселе кылып чатакташа берип акыры ажырашып кеттик. Эми өзүм каалагандай кыз таап, сүйлөшүп көрүп жашоо баштайын деп жатам. Адам жашоосуна жоопкерчиликти өз мойнуна алып, баарын өзүм кылдым дегидей болушу керек экен. Мага Ош жергесинин 19 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндери чалыңыздар. Бирок баласы барлар убара болбогула. Мен башканын баласын багып кетем деп айта албайм. Мен сыяктуу чыныгы жашоону каалагандар байланышыңыздар.

 

 

Бегимай

Туулган жылы: 1996-жыл 12-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен шаары

Кандай мырзалар жагат? Жөнөкөй, ыймандуу, туруктуу, чечкиндүү, тың, эмгекчил

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0770 27 67 96

Мен ата-энемдин эрке, жалгыз кызымын. Айланамдагылардын баары эле “турмушка чыкчу убагың келди” деп жатышат. Андан улам теңимди таап, чыныгы турмушка аттанайын деп чечтим. Оюмдагыдай мырзаны табуу үчүн бул кызматка кайрылып жатам. Мага бир гана Баткен жергесинин 19 жаштан 25 жашка чейинки жигиттери чалыңыздар. Буга чейин турмуш кургандар менен деле тааныша берем. Эгер бардыгы оюмдагыдай чыкса бир баласы болсо деле макулмун. Чалыңыздар, таанышалы, сүйлөшөлү.

 

 

Нургүл

Туулган жылы: 1970-жыл 12-октябрь

Кесиби: медайым

Иштеген жери: ооруканада кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Токтогул району

Кандай айымдар жагат? Токтоо, боорукер, адамгерчиликтүү, чечкиндүү, кесибин сүйгөн, билимдүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0703 47 02 35

– Мен өзүм тууралуу узак деле кеп кылгым келбейт. Баарын ишенген гана адамыма айтып берем. Негизги маалыматтарга токтолсом турмушка чыга элекмин. Ата-энем менен бирге жашап келем. Жалгыз бой жүрүүмдүн себеби деп бир нерсеге токтоло албайм. Бирок турмуш баштап, жакшы жар, эне болууга эми деле кеч эмес деп ойлойм. Мага токтогулдук 37 жаштардагы ата-энени сыйлай билген мырзалар чалыңыздар. Мындан башка өзгөчө талаптарды коюудан алысмын. Башкысы, мүнөзү жакшы болсо болду. Мүмкүн болсо юристтик кесипти аркалаган мырзалар байланышсаңыздар жакшы болот эле.