Сурагым келет

“Сурагым келет” рубрикасы бул ирет үй-бүлөлүк түшүнбөстүктөрдөн келип чыккан суроолорго юрист Бектур Саламатовдон жооп алды.

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.

 

Суроо: Жолдошум биринчи никесиндеги жубайы менен расмий түрдө нике күбөлүгүн алып катталган эмес. Бирок андан төрөлгөн баласына ай сайын алимент төлөп турат. Негизи айлыгынын канча пайызы алиментке кетет? Ал баласына чегерилген алиментти токтоттуруп койсо болобу? Анткени биздин да балдарыбыз бар, айлыгынын алименттен калган бөлүгү эч нерсеге жетпейт.

Жайнагүл, Ош облусунан

Жооп: Нике күбөлүгү жок болгону менен ал баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө жолдошуңуз атасы катары көрсөтүлгөндүктөн, сот актысынын негизинде андан алимент өндүрүлгөн. Бир балага айлык акысынын 1/4 бөлүгүн, эки балага 1/3 бөлүгүн, ал эми экиден көп болсо 1/2 бөлүгүн алимент катары жумшашы зарыл. Соттук актыда төлөм пайызы көрсөтүлгөн. Бала 18 жашка чыккычакты алимент төлөнөт. Демек сиз токтотуп коё албайсыз.

 

Суроо: Мурунку жолдошумдан эки балам бар. Учурдагы жолдошум биринчи никедеги балдарымды өз баласындай жакшы көрүп багат. Балдарымдын атасы болсо ажырашканыбызда балдарга алимент төлөп бермек болгон. Бирок ушул күнгө чейин бир сом да бербей, балдарымдын кандай чоңойгонун да билбей келди. Эми алар мектеп жашына келип калганда менден талашып жатат. Аны аталык укуктан толук ажыратып коюуга мүмкүнбү? Ал үчүн мен эмне кылышым керек?

Гүлжамал, Кызыл-Кыядан

Жооп: Атасы болгондуктан өз балдары менен мамиле түзүүгө толук укуктуу. Балдар сизге гана эмес, атасына да тиешелүү. Аталык укуктан ажыратуу соттук чечимдин негизинде ишке ашат. Алиментти 6 айдан ашык төлөбөгөн үчүн кылмыш ишин козгоого болот.

 

Суроо: Жолдошум экөөбүздүн 12 жана 15 жаштардагы балдарыбыз бар. Ал 4 жыл мурун Москвага иштеп кетип, ал жактан башканы таап алыптыр. Эми: “Кел, расмий түрдө ажырашалы”, -десем, “менсиз эле ажыраша бер”, - деп койду.  Ал жок өзүм эле ажырашууга кол коюп койсом болобу?

Перизат, Баткенден

Жооп: Ортодо жашы жете элек балдарыңар болгондуктан, мындай учурда ажырашуу маселеси эки тараптуу сотто гана чечилет. Жолдошуңуз сөзсүз түрдө сотко катышуусу керек. Эгер келгиси келбесе, ажырашуу тууралуу тил кат жазып жөнөтүш керек. Ошол тил катынын негизинде арыз жазып ажыраша аласыз.

 

Суроо: Студент кезимде бир кыз менен таанышып, балалуу болгом. Бирок окууну бүткөн соң айылга келип, башкага үйлөнүп алгам. Аялым менен он жыл жашап балалуу боло алган жокмун. Өзүм катуу ооруга чалдыгып азыр өлүм алдында жатам. Эми үйүмдү, болгон байлыгымды студент кезимде төрөлгөн балама жаздырсамбы дейм. Ал баламды кантип издөөгө берип, аракетимди кантип иш жүзүнө ашырам?

Эльдар, Жалал-Абад облусу

Жооп: Мамлекеттик нотариуска балаңызга мураска мүлк калтыруу тууралуу арыз менен кайрылсаңыз болот. Белекке берем десеңиз, анда балаңыздын туулган жерин, туулган жылын, энеси жөнүндө маалыматыңызды берип, анын аты-жөнүн,жашаган жерин тактоо иретинде Ички иштер органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот. Ал сиздин укугуңуз.

 

Суроо: Атамдын карындашы турмушка чыкпай төрөп алып, анын баласын ата-энем багып алышкан. Багып алган балабыз үйдүн эң кичүүсү болгондуктан айылда ата-энемдин колунда калган. Калганыбыз окуп, иштеп шаарга отурукташып калдык. Ата-энем сарайын, сарай толгон малын, үйлөрүнүн баарын кичүү, бакма инибизге каттатып коюшкан.Бардык байлыкты каттатып алган соң инибиз ата-энемди карабай үйдөн кууп чыкты. Эми ошол үйдү кайра кайтарып ала алабызбы?

Дамира, Кара-Кулжадан

Жооп: Эгерде үйдү мурас катары берүү чечими чыгарылып нотариустун кепилдигинен өтүп кагаз жүзүндө калтырган, бирок мамлекеттик каттоодон расмий түрдө каттала элек болсо ата-энеңиз үйдү кайтарып алса болот. Ал эми үй толугу менен баланын наамына катталып, өткөрүлгөн болсо кайтарууга мүмкүн эмес.

 

Суроо: Жолдошум биринчи никесиндеги жубайына жаңы алган үйүн белек катары тартуулап, мамлекеттик каттоодон аны ээси деп каттатып койгон. Ажырашкандан кийин өзү үйдөн чыгып кеткен. Эми ошол белекке берген үйдү кайра сот аркылуу кайтарып алууга болобу?

Нургиза, Бишкектен

Жооп: Ажырашуу себептери менен мурунтан жубайына катталган белекти кайтарып алуу мүмкүн эмес.

 

Суроо: Келинчегим менен алты жыл жашап, 2 бөлмөлүү үйлүү болгонубузда ал мага катталган. Үйгө ээ болгондон көп өтпөй экөөбүз эки жолго түштүк да, үйдө жубайым калган. Оозеки түрдө ажырашканыбызга 3 жыл толгону менен расмий түрдө ажырашып, мал-мүлкүбүз бөлүнбөй калган. Эми келинчегим үйдү мага айтпай сатайын деп жатканын угуп калдым. Ал үйдү өз алдынча мага айтпай сатып жибере алабы?

Нурэль, Бишкек шаары

Жооп: Үй мүлкүн сатуу үчүн сиздин макулдугуңуз керек. Анткени, биринчиден, үй сиздин атыңызда, экинчиден, жубайыңыз сиз менен расмий ажырашкан эмес.

 

Суроо: Келинчегим экөөбүз ажырашуу алдында турабыз. Үйлөнгөнгө чейин 3 бөлмөлүү үй алып, чакан ишкерликти баштап койгом. Эми ажырашсак, мүлк тең экиге бөлүнөт да, туурабы? Менин мээнетим менен тапкан үйдү келинчегим талашууга акысы барбы? Эгер бар болсо мен ажырашканга чейин аны атама каттатсам, келинчегим үйдү талаша албай калышы мүмкүнбү?

Нурбек, Бишкек шаары

Жооп: Үйлөнгөнгө чейинки катталган мүлк жеке өзүңүздүкү болуп эсептелинет. Келинчегиңиз талаша албайт.

 

Суроо: Балам акыл-эси боюнча экинчи топтогу майып болгондуктан эч жерде иштебейт. Үйлөнүп бир балалуу болгон соң ажырашып кетти. Эми келинчеги алимент талап кылып жатат. Экинчи топтогу майып адамдан алимент талап кылууга болобу? Мыйзам чегинде бул туурабы же келинчеги бизди жөн эле коркутуп жатабы?

Айсалкын, Баткен облусунан

Жооп: Балалуу болгондон кийин ата-энеде баланы өстүрүү, багуу, тарбия берүү милдеттери пайда болот. Бала энеси менен, ошондуктан атасы каражат жагынан жардам берүүсү зарыл. Алимент баланы багуу үчүн жумшалат.Экинчи топтогу майып социалдык пенсия алат. Келиниңиз сотко кайрылса, соттук актынын негизинде алимент пенсиясынын эсебинен өндүрүлөт.Андай укук келиниңизде бар.

 

Суроо: Балам 2 жашка чыккан соң жетишпеген жашоонун айынан жолдошум экөөбүз Москвага иштегени кеткенбиз. Ал жактан жолдошум мени кызганып күн ара сабачу. Анан ажырашып кеттик. Эки жыл Кыргызстанга келбей иштегендиктен балам мени тааныбай калыптыр. Сот аркылуу ажырашайын десем жолдошум: “Баланы бербейм, сот дагы сага чечип бербейт. Себеби, жашай турган үйүң, иштей турган ишиң жана билимиң жок, жетимсиң”, -деди. Чынында менин ата-энем жок, бир туугандарым өздөрү менен өздөрү. Учурда тигүү цехтеринин биринде иштейм. Баламды сагындым. Бирок сот аркылуу алайын десем, мени энелик укуктан ажыратып коёбу деп корком. Мындай барып көрүүгө да мүмкүнчүлүк бербейт. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи.

Гүлназ, Бишкек шаарынан

Жооп: Бала али кичине, болгону 4 жашта. Бала энеси менен жашашы керек деп эсептейм. Эгерде балага болгон мээримиңиз күчтүү болсо, жакшы тарбия бере алам десеңиз, Ички иштер органдарына жана балдарды коргоо борборлоруна кайрылыңыз. Эгер анда да чечилбесе, сотко доо арыз менен кайрылып,баланын сиз менен болуу маселесин каратсаңыз болот. Адвокатка кайрылууңузду сунуштайм.

 

Даткайым ДОСМАТОВА