Күлкү жаратуучулары кайдан чыккан?

Адам баласы канчалык кайгырган күндө да күлбөй койбойт тура. Кайгыны калп күлүп жашырууга болот, ал эми күлкүнү эч качан кайгы менен жашыра албайсың. Бирок бардык эле адамдар күлкү жаратуучу боло алышпайт. Элге күлкү тартуулаган адамдар тапкычтыгы, тамашакөйлүгү менен карапайым элдин сыйына арзып, көзү өтүп кетсе да тамашалары, кызыктуу окуялары эл ичинде айтылып келет.

 

Апенди деген ким болгон?

Апенди арабдардын “афанди” жана перстердин “ходжа” деген сөздөрүнөн алынып, бизче “кожоюн, мырза” дегенди билдирет. Ал алгач араб, перс элдеринин күлкү каарманы катары пайда болуп, кийин түрк элдерине да тараган. Апенди деп аталган күлкү каарманы тууралуу маалымат биринчи жолу түрк жазуучусу Руми тарабынан “Салтукнамэ” деп аталган китепте 1480-жылы жарык көргөн. Апенди өмүрүндө тазалыкты, адалдыкты, адамгерчиликти жактап, ыпластыкты, арамдыкты, адепсиздикти күлкү менен мазактап элге жеткирип келген. Апенди -көп улуттун сүйүктүү күлкү каарманы. Алсак, казактарда - Кожа Насыр, өзбектерде - Насреддин Афанди, азербайжанда - Молла Насреддин, уйгурларда - Афанди, түрктөрдө - Насреддин Хожа,чечендерде - Несрат же Молла Наср-Эддин, гректерде - Анастратин, татарларда - Насреддин Ожи, түркмөндөрдө -Эпенди, ал эми бизде - Апенди. Бирок булардын ысымдарында эле айырмачылык болбосо, кылык-жоругу, мүнөзү баарыныкы окшош. Максаттары - адалдык, актык, ыйманды сактоо, адилеттикти жактоо. Апенди - дайым элдин, акыйкаттын, калыстыктын, адилеттиктин, күлкүнүн кишиси. Ошол себептен Апендинин достору да, душмандары да көп болгон эмес.

 

 

Куйручук

Кудайберген Өмүрзак уулу - ырчы, куудул, 1866-жылы Нарындын азыркы Жумгал районунун Кызылтуу айылында төрөлгөн. Алты жашка чыккыча баспай, энеси жумуш кылып жатканда аны ар дайым бешикке бөлөп койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Куйручук бешикте жатса, үйгө жолоочулар кирип калышат. Апасы конокторго дасторкон жайып, жаңы бышкан каламаларын коноктордун алдына коюп, азыраак эти менен чучугун салганга табагы жок кошунаныкына табак сураганы чыгып кетет. Коноктордун чыдамы кетсе керек, каламаны сындырып жеп салышат. Аңгыча бирөөсү: “Ашканада дагы эмнеси бар экен? Карачы, жей берели”, – дейт. “Бышкан эт, чучук бар экен”, – дейт экинчиси. Этти, чучукту алып келип, төө чепкен кийген улуусу макиси менен кескени жатканда сырттан дабыш угулат. Андан жазганган неме чучукту жеңине ката салат. Кайсактап апасы чучукту издеп жатса, Куйручук: “Апа, чучукту издеп жатасыңбы? Ал тиги төрдө отурган сакалчан чалдын жеңинде”, – дейт. “Кокуй, бул эмне деген шумдук! Бешиктеги баласы сүйлөп…” – деп үчөө тең эшикке чыга качышат. Ошондон кийин баягы киши: “Бешиктеги баланы көрсөм бүткөн боюм дүркүрөйт”, – деп калчу дешет. Кийинчерээк Куйручуктун атасына бир акылман карыя: “Бечел бала корккондо басып кетет дечү эле, коркутуп көргүлөчү”, – деп калат. Баланы аяп турса дагы, Өмүрзак Кудайбергенди коркутуп көрмөкчү болуп коктуга баланы таштап коюшат. Аалыбай деген байдын жылкычысы бар экен, ошол неме жылкыларды баланы көздөй дүңгүрөтүп айдап жөнөйт. Мындай шумдукту эзели көрбөгөн бала коркконунан: “Тепсеп кетет!” – деп бакырып тура качат. Атасы чуркап келип баласын ала коёт, ошондон кийин бала басып кетет.

Энесинен эрте ажыраган Куйручук жаштайынан байларга жалданып иштеп, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошол учурдагы бай-манаптардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тайманбай сынга алып, күлкү аркылуу жеткирип турган. Кыргыз элинин сөзгө чечен, чыгаан саясатчыларынын бири Байзак баатыр Кудайберген деген «куйругу жок» жигиттен болочокто чоң адам чыгарын алдын ала көрө билген жана Кудайбергенди Куйручук атка кондурган. Ал куудул эле эмес, мыкты төкмө акын, күрөштөргө да чыгып жүргөн кең далылуу, узун бойлуу балбан, келечекти көрө билген олуя да болгон. Баласы жоктор Куйручуктан бата сурап, ал бата берсе балалуу болушкан. Өрнөк айылында Шералы деген киши балалуу болбой, элдин айтуусу менен Куйручукка келет. «Мага бата берип койсоңуз, балалуу боло албай жүрөм», - дейт ал. Анда Куйручук бата берип: «Балалуу болгондо мага алдагы минип турган атыңды бересиң», - дейт. Бир жылдан кийин Шералы балалуу болот. Күлүк атын бергиси келбей, андан көрө кулундуу бээ берейин деп чечип, Куйручукка келет. Ошондо Куйручук: «Сен да айныдың, мен да айныдым», - деп басып кеткен экен. 6 күндөн кийин баласы чарчап калганда Шералы: «Аттиң!» - деп арман кылып бир жылдан кийин элди ортого салып, кайра Куйручукка келип балалуу болгон экен. Куйручук 1940-жылы, башкача айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш баштала электе каза болот. Бирок «Алаамат келе жатат, жакында эр-азаматтар согушка аттанат. Алаамат күн башталат. Бирок жеңишке жетишип, жакшы турмушта жашайсыңар»,- деп айтканын эл алигиче ооздон-оозго өткөрүп айтып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө анын ысымы менен Жумгал районунун айылдарынын бири аталат.

Алдар көсө

Алдар көсө - кыргыз, казак, татар, каракалпак өңдүү элдердин элдик оозеки чыгармаларында кенен таралган акылдуу, айлакер адамдын образы. Бул элдердин элдик жөө жомокторунда Алдар көсөнүн окуясына байланыштуу бир катар күлкүлүү аңгемелер, жоруктар бар. Анын алдамчылык чебердиги, апыртмалары «Чык татырбас Чынарбай», «Көчпөсбай» сыяктуу жомоктордон даана байкалат. Алдар көсө кедей үй-бүлөдө төрөлүп, оор турмушта чоңойгондуктан ар дайым кедей-
кембагалдардын таламын талашып, аларды коргоп келген. Ал эми сараң байларды, пайда издеген соодагерлерди, алдамчы молдо, бүбү-бакшыларды, кара ниет хандарды айлакерлик менен алдап сызга отургузуп кеткендиги үчүн өз аты унутулуп, Алдар көсө (сакалсыз калпычы) атка конгон. Акылы, тапкычтыгы жана куулугу анын негизги куралы болгондуктан, аны ар дайым оң каарман деп атоого болбойт. Алдар көсө болжол менен Жаныбек хандын тушунда жашаган. Бул доор XVI кылымга туура келет.

 

 

Шаршен

Кыргыз элинин дагы бир белгилүү куудулу - Шаршен Термечиков. Ал 1896-жылы Сокулук районунда туулган. Шаршенди кыргыздын шайырдык өнөрүн гүлдөткөн теңдешсиз куудул деп айтууга болот. Башка куудулдар амалы, айлакерлиги, күлкүлүү сөздөрү, баштан өткөн окуялары тууралуу айтып берип элди күлдүрсө, Шаршен күлкүгө ылайык жаралган кебете-кешпири, баскан-турганы, кыймылы менен эле көргөн адамдарды күлкүгө бөлөгөн. Ал сахнага чыгып келип:

– Туугандар! Менин мөлтүрөп өңүм-түсүм жакшы. Өзгөчө күчүм жакшы. Мурдум болсо кенен, сүйлөйүн десем сөзүм белен. Сүйгөн жерге келем, сүйсө сөзүмдү айтып берем. Эсим жок болгону менен акылым терең, көргөндөр: "Момун экен го”, - деген. Бир жегенде төрт жарым бөлкөнү бир эле жеген, – деп сүйлөй баштаганда боорун тырмап күлбөгөн киши калган эмес. Ал сүйлөй баштаганда сөзүнө өзү, ырайына чырайы куп келишип, эл дуу күлгөн. Шаршендин өнөрү көп кырдуу болгон. Комузда, домбрада черткен,анын оригиналдуу обондору бар, театрда да иштеп калгандыктан актёрлугу, артисттиги, тубаса аткаруучулугу да күчтүү болгон. Бирок ушул өнөрлөрүнүн баары куудулдугуна баш ийип, куудулдугу аркылуу көркүнө чыккан.

Даңазалуу Куйручук: "Шаршен дегенди бозо ичип мас болгон жерде күлгөн, барк кылбаган элде жүргөн киши дечү элем. Көрсө, Шаршен бозо ичип мас болбогон жерде күлгөн, баркын билип баалаган элде жүргөн Шаршен турбайбы. Сени төрөгөн энеңе рахмат. Эркелетип сүйлөгөн жеңеңе рахмат. Сөзүң тунук, өнөрүң улук, бешенеңе бак берген таалайлуу экенсиң. Буга чейин өзүмдү жалгызмын деп жүргөн элем. Жок, жалгыз эмес экенмин. Жолуң шыдыр, жоругуң элдики болсун”, – деп батасын берген экен. Чынында эле Шаршен эл шайырларынын арасында жаңыга умтулган, өздүк маданияты жогору болгон. Үйүнө радио койдуруп, өлкөдө, республикадагы жаңылыктарды угуп аң-сезимин арттырган. Европалыктарча кийинип, саат тагынып, велосипед минген киши болчу”, –деп эскеришет анын замандаштары. Шаршендин ар кыл чыгармалары ар жылдары жарыяланып келген. "Кантың бар”, "Маруся”, "Ичинен кайырма”, "Сыртынан кайырма” деген обондору элге кеңири белгилүү, айрымдары ушул күндө да ырдалып жүрөт. Шаршендин күлкүлүү окуяларын жазуучу жана котормочу Касымалы Бектенов жыйнак кылып чыгарса, драматург Жалил Садыков "Күйөө жолдош” драмасын жазган. Ал жөнүндө эскерүүлөр, арноолор да арбын. Шаршендин эмгеги жогору бааланып "Кыргыз ССРнин эл артисти” деген ардактуу наам ыйгарылган. Куудул деген кандай болорун өнөрү менен көрсөтүп кеткен Шаршен куудул 1942-жылы көз жумган.

 

Кымбат САГЫНДЫКОВА