Кыргыз колоритиндеги көйнөктөргө ылайык таажылар чыкты

Учурда кыргыз колоритиндеги кийимдер улам жаңы үлгүлөр менен байма-бай чыгып жатат.
Эми ал кыргыз көйнөктөргө ылайыкталган, айымдардын ажарын ачкан таажылар сатыкка чыгат.

 

Жамиля, дизайнер: «Арзан баа коюу менен баарына кыргыз көйнөк кийгизүүнү каалайм»

– Эже, колуңуздан түрдүү кийимдер чыга баштаганына канча болду?

– Он жылдан бери кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» борборунда кыргыз көйнөктөрүн тигип иштеп келгем. Тигүүчүлүктө 20 жылдык тажрыйбам бар. Кыргыз көйнөктөргө суроо-талап көп болгондуктан, өз алдымча буйрутма алып ырчыларга тигип баштадым. «Кыялда» карапайым элге жеке тигилгендей болбосо да, ошого окшош, элдин чөнтөгүнө туура келген кийимдер чыгат. Ал эми өз алдымча алган буйрутмаларым ар кимдин табитине жараша болот.

– Баалары кандай?

– Эксклюзивдүү көйнөктөрүмдүн он чакты түрү бар. Баалары өтө кымбат эмес, кездемесине, саймасына жараша 4 миңден 10 миңге чейин. Бизде кыргыз көйнөгүн чыгарган дизайнерлер кымбат бааны коюп алышат. Ал эми мен элге жеткиликтүү болсун деп арзан баада тигем. Карапайым эл кыргызча кийингиси келгени менен көйнөктөр кымбат болуп сатып кие албай жатышканын эске алам. Элдин чөнтөгүнө туура келгендей баа коюу менен баарына кыргыз көйнөк кийгизүүнү каалайм.

– Сиздин эксклюзивдүү көйнөктөрүңүздү кайдан сатып алышса болот?

– Азырынча үйдөн эле тигип сатып атабыз. Буйруса, борбордун ортосунан дүкөн ачайын деп аракет кылып жатам. Ал жерде сапаты мыкты, бири-бирине окшошпогон, баарынын табитине туура келген кийимдер болот. Баасы ушул бойдон калат. Дайымкы кардарларым бар, аларды жоготкум келбейт. Канчалык кол жете турган болсок, кардарларыбыз ошончолук көбөйөт деп ойлойм. Мисалы, «Зара» деген марканын баалары элдин чөнтөгүнө туура келип, эки жума сайын кийимдери жаңыланып турат. Биздики да ошол сыяктуу багыт менен кетет.

– Бир көйнөктү канча күндө даяр кыласыз?

– Тез дегенде үч күндө даяр болот. Азыр кыз узатууга буйрутма көп, ошону менен иштеп атабыз. Биздин кийимдер кыз-келиндерге арналган.

 

 

Белекова Медина, кол өнөрчү: «Кыргыз көйнөк менен кийгенге ылайыктап таажы жасасам жарашып калды»

– Медина, буга чейин кыргызча таажылар жок эле, бул ишти кандайча баштадыңыз?

– Кыргыз таажыларын жасап баштаганыма бир ай болду. Буйруса, эми сатыкка чыгып баштайт. Азыр кыргыз колоритиндеги көйнөктөрдү кийүү мода болуп жатпайбы, алар менен ар бир кыз таажы таккысы келет. Тилекке каршы, азыр сатыкта турган таажылар кыргыз кийимдери менен кийгенге туура келбейт. Ошонун баарын анализдеп отуруп: «Эмнеге кыргыз колоритиндеги таажыларды чыгарсак болбойт?» - деген ойго келдим. Анан кыргыз көйнөк менен кийгенге ылайыктап таажы жасап көрсөм жарашып калды. Негизи темирден турат, ага таштарды токуп кооздоп, диадема таажыларын жасап жатам. Учурда алты түрдүү таажы жасалды, буйруса мындан ары саны да, түрү да өнүгүп кете берет. Жакында эмгегибиздин ачылышы болот, ошондон кийин каалоочулар сатып ала алышат. Бул жумуш өтө майда, оор болуп бир топ эмгекти талап кылат экен. Чоң таажылар үч күндөн ашык убакытта даяр болуп жатат. Ушундай эмгекке ылайык баасы 2 миңден 6 миң сомго чейин турат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Динара ЧОКОЕВА