Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

15-жума

Түйүлдүктүн абалы

Май катмарлары али жок болгондуктан түйүлдүктүн кызыл түстүү тунук терисин назик түк каптап, аны коргоосун улантууда. Бала абалын тынымсыз өзгөртүп бирде уйкуда мемиресе, бирде ойгонуп колу-бутун кыбыратып кыймылга келет. Анын булчуңдары күн сайын күчтөнүп жатат. Алдыда эне анын алгачкы кыймылдарын даана сезип, бакытка чулганат. Эгер УЗИ аппаратына ушул мөөнөттө түшсө ата-эне наристесинин бул кыймылдарын жана эң башкысы кайсы жыныста экендиги көрө алышат. Түйүлдүктүн жүрөгү саатына 150-160 жолу согуп, сутка ичинде дээрлик 23 литр кан айлантууда. Ал эми тон суусу улам сайын көбөйүү үстүндө. Ага ылайык жатын да көлөмүн чоңойтуп барат. Бала бул жумадан баштап энесинин ага кайрылган сөзүн, бешик ырын кабыл алууга жарап калат.

 

Эненин абалы

Аялда тери кургап, тырмактар морт болуп, чач түшүп күтүүсүз жагымсыздыктар башталды. Эмне үчүн? Себеби, түйүлдүктүн улам сайын чоңоюшу организмде кальцийдин жетишпестигин пайда кылууда. Андан улам жогорудагы белгилер байкалат, ал турсун кальций абдан жетишпеген айрым айымдарда түнкүсүн калтыроо болушу да ыктымал. Мындан кутулуунун жалгыз жолу – кальцийге бай азыктарды кабыл алуу. Эгер өзүңүздөн алсыздыкты, эрте чарчоону байкасаңыз капа болбостон маал-маалы менен эс алып алып туруңуз. Ошол эле маалда эч нерсеге карабай окуп, изденип акыл иштери менен алек боло бериңиз. Бул сизге оорчулук алып келбей эле балаңыз экөөңүздөргө бирдей пайдалуу болот. Айрымдарда тескерисинче бул жумадан баштап сергектик, жеңилдик байкалышы мүмкүн. Анда эң жакшы, бирок физикалык күч келтирип алуудан сактаныңыз. Анан да ушул убакыттан баштап курсактагы наристеңиз менен сүйлөшүүнү акырындык менен баштаңыз. Аны менен тез-тезден сүйлөшүү алдыдагы күндөрдө сиздин адатыңыз болуп калышы керек.

 

Гүлайым Калыбекова