Гүлзинат СУРАНЧИЕВА: «Бала багуучусуз бала багууну элестете албайм»

Ырчы Гүлзинат Суранчиева акыркы жылдары чыгармачылыктан алыстап, жеке жашоосу менен алек болуп кеткен эле. Ага экинчи ирет наристе күтүп, узак жылдар бою эңсеп келген кайрадан эне болуу бактысын сезгени себеп болгон. Учурда уулун торолтуп, иши менен алектенген ырчы айым «Жылдыз эне» рубрикабыздын алкагында энелик ой, тажрыйбалары менен бөлүшөт.

– Эне болгонго чейин өзүңүздү кандай эне катары кыялданчусуз?

– Албетте, бардык эле кыздардай мен да мээримдүү, камкор эне болууну кыялданып, элестетчүмүн. Бирок эне болуу мен ойлогондой жыргал менен катар чоң жоопкерчиликти да талап кыларын башыма келгенде гана билдим. Эне болуу бир эле учурда бакыт дагы, түйшүк дагы. Анан да башынан үч балалуу болууну кыялданам. Азыр бир кызым, бир уулум бар. Кудай буюрса, эми дагы бир балалуу болуп алсам деп тилеп келем.

– Экинчи ирет эне болууну узакка күтүп жеттиңиз. Учурда уулуңуздун кылыктары чыгып, чоңоюп калса керек?

– Ооба, уулум - менин көптөн күтүп тапкан байлыгым. Быйыл бирге чыкты. Атасына караганда мага абдан жакын. Бардыгына кызыгып, баарын билгиси келип турган тынчы жок маал болуп жатат. Көзү көргөндүн баарын колуна алып, оозуна салып көргүсү келип турат. Бул аракеттеринин баары биз үчүн жагымдуу. Аркасынан калбай эле карап атабыз. Мышыгыбыз бар, аны менен ойногонду абдан жакшы көрөт. Басайын деп да аракет кылып атат. Айтор, азыр уулумдун кылыктарын санап түгөтө албай турган чагым.

– Бала багуучунун кызматын пайдаланасызбы?

– Албетте, бала багуучум бар. Мен деги эле бала багууну бала багуучусуз элестете албайм. Анткени аялдын кичинекей баланы кароодон башка дагы далай түйшүгү бар. Эң алды башка балдарына да кам көрүүсү керек, анан үй иштери, короо-жай, тамак, өзүнүн жумушу. Эч болбоду дегенде, аял жөн гана адам катары убагында эс алып, чарчоосун жазып турушу керек да. Ошондуктан мен бала багуучунун кызматы ар бир энеге керек деп түшүнөм. Баарын өз мойнуна алып, бир эле маалда баарын кылган энелерге даңк демекмин.

– Көпчүлүк энелер баласын чоочун колго карматууга ишенишпесин айтышат. Бала багуучу алууда эмнелерге көңүл буруу керек?

– Албетте, ар бир эне ишеничтүү адамды издейт. Ал адамды жакын санаалаш, тууган-туушкандардын арасынан гана табууга мүмкүн. Кудайга шүгүр, менин бала багуучум - мен ишенген, мага жан тартып, балама жакшы караган жакын адамым. Бала багуучу аларда ата-эне интернет булактарынан көп маалымат алуулары керек. Ал жактан сонун кеңештер чыгат. Жаш кыздарга бала каратып койгондорго таң калам. Бала багуучу алууда мүмкүн болсо бала багуу боюнча тажрыйбасы бар энелерди алган жакшы. Анда дагы дароо эле: “Ишке кирдиң”, - дей калбай, бир ай сынак мөөнөтүн берген туура. Бул аралыкта ал адамдын мүнөзү менен тазалыкка кандай экендигин билүү зарыл. Азыр агрессивдүү, мээримсиз адамдар көп эмеспи, а бала үчүн башкысы мээрим керек. Ал эми жаш бала үчүн тазалык чоң мааниге ээ, ошондуктан тазалыгын сөзсүз эске алыңыздар демекчимин.

– Бала тарбиялоодо эмнеге басым жасайсыз?

– Биринчи кезекте баланын алдында үлгүлүү болууга абдан аракет кылам. Балдарымдын алдында өзүмдү жакшы алып жүргөнгө тырышам. Себеби баланы “ант-минт” деп үйрөтүүгө караганда эмне кылыш керектигин ата-эне өзү көргөзүп берсе, натыйжасы жакшы болору айтылып эле келет эмеспи. Ушул нерсени иш жүзүндө аткарайын деп балдарым менен чоң кишиче сүйлөшүп, кеңешип, туура сүйлөп, туура отуруп-туруп, айтор, баарын туура кылып жатамбы деп өзүмдү-өзүм көзөмөлдөйм. Бала эмнени көрсө, ошону кайталайт, туурайт.

– Уулуңузду эмизип жатасызбы?

– Алты айга чейин эмиздим. Ошол айынан бери жалпы дасторкондон эле биз менен катар тамактанып келет десем болот.

– Балаңызга ырдап бересизби?

– Албетте, ырчылар эле эмес, ар бир эле эне баласына ырдап берсе керек. Деги эле ырдап берип уктатууну мен туура деп санайм. Мисалы, уулум менин колума келип, ырдаган үнүм чыккан кезде уктачу убак келгенин билет. Ушул жерден дагы бир кеңеш сунуштагым келет. Баланы дайыма бир убакта уктатуу керек. Кичинекей бала абдан тез өсөт эмеспи, бир маалда уктоо баланын туура өсүүсүнө шарт түзөт. Убактысы менен катар кандай ыкма менен уктатып жатканыбыз да маанилүү. Европада баланы терметпей, силкилдетпей, жөн гана керебетке эркин жаткырып уктатышат экен. А биздин энелер көп учурда бешикте терметип же колунда силкилдетип уктатышат. Бул балага жагымсыз деп кабыл алам. Ошондуктан мүмкүн болушунча колго алып ырдап берип, таптап отуруп уктатуу керек. Мен башында ар кандай ыкмаларды колдонуп отуруп акыры жогорудагы ыкманы тандап алгам. Баланы бул нерсеге көндүрүү мүмкүн. Болгону эне бала көнгөнгө чейин чыдамдуу болуп, жакшы аракет кылуусу керек.

– Төрөттөн кийин калыбына келүү - көпчүлүк айымдардын маселеси, сиз кандай тыңыдыңыз?

– Буюрса, жакшы. Төрөттөн кийинки 40 күнгө өзгөчө маани берүү керек эмеспи. Муну жөн эле угуп койбой, аткаруу керек. Башкысы, аял суукка урунуп албай жылуу жүрсө, калган келбет убакыттын өтүшү менен жакшынакай болуп калыбына келет. Бул маалда да аялдын жанында эң жакындары сөзсүз болушу керек. Апасы, эже-сиңдилери атайын көңүл буруп жардамдашып коюшканы жакшы. Болбосо жаңы төрөгөн аял өзү жалгыз болсо канча аракет кылганы менен натыйжасы баары бир жакшы болбой калышы мүмкүн.

 

Гүлайым Калыбекова