Кулак ооруларын убагында дарылабаса, дүлөйлүккө алып келет

Маани берчү болсок, кулак адам баласы үчүн эң маанилүү орган болуп саналат. Кулак ооруган учурда «суук тийди», «шамал кирди» деп коёбуз. Эми угуу органындагы оору кандай аталарына, кулакка кам көрүү тууралуу кеңештерге назар cалыңыз.

 

Кулак оорунун түрлөрү

 

Отит

Кулак оорусуна кабылгандардын көбү дал ушул отит оорусуна чалдыгышат. Отит - жугуштуу оорулардын негизинде кулакка таасир берген оору. Кулак каналы же мурун аркылуу микробдор ичине кирип кулак оорусун пайда кылат. Мындан тышкары кулак тазалоочу каражаттар дагы инфекциянын кулакка киришин камсыздайт. Убагында дарыланбоо кулактын начар угуусуна алып келет. Отитте биринчи байкалган белгилер: кулактын арка тарабы ооруксунуп, кызарып шишип баштайт. Ошол эле учурда дене табы көтөрүлүп, тамакка болгон табит жоголот да, ооруган адам түнкүсүн уктай албай кыйналат. Башты кыймылдатканда кулактын ичиндеги суюктук сезилип, кулак ылдый караган учурда ириң агат.

 

Кулак неврити

Неврит - угуу нервинин жабыркашы. Иммунитеттин алсыздашы, баш мээнин чайкалуусу, зат алмашуунун бузулушу же өнөкөт ооруларга чалдыкканда невриттин пайда болушу толук ыктымал. Неврит кулактын чыдатпай катуу оорусу менен коштолот. Анын белгилери: кулак туштун чыдатпай ооруусу, угуунун начарлап, ар кандай ызы-чуулар, дабыштар угулганы байкалат. Кээ бир учурда угуу начарласа, кээ бир учурда толук дүлөйлүк болуп бир аздан кийин кайра калыбына келип турат. Мындай учурда адамдын башы айланып, кускусу келет.

 

Ички кулактын сезгенүүсү жана начар угуу

Ички кулактын оорулары бир канча себептен улам келип чыгат. Алар: тубаса аномалия, жугуштуу оорулардын ортоңку кулакка же мээге болгон таасири, нерв клеткаларынын бузулушу, катуу дабыштын узак убакытка созулушу, тарсылдакты коргогон кабыкчанын тешилиши, кулакта кулкунун топтолуп калышы. Ички кулактын оорусунда биринчи байкалган белгилер: кулактын угуусу акырындык менен жоголот. Кулак туш ооруп, сөздөрдү кабыл алуу начарлайт. Бир сөздү туура кабыл алыш үчүн бир канча жолу угууга туура келет.

 

Отомикоз

Отомикоз - грибоктук оорулардын бир түрү. Мунун алгачкы белгилерин байкоо кыйын. Кулактын ичи кычышып, чуулдоосу байкалат. Акырындан оору күчөп, кара суюктуктун чыгышына алып келет. Кулактын тегереги кызарып, угуу начарлап, акыры укпай калуу коркунучун жаратат. Отомикоздун пайда болушуна иммунитеттин төмөн болушу, кулакка кирген башка заттар, алган жаракаттар, аллергиялар шарт түзөт. Отомикозду байкоо кыйын болгондой эле, аны дарылоо дагы бир топ түйшүктүү.

 

Отосклероз

Отослероз - кулак үлүлүнүн чоңоюп кетүүсү жана кулак сөөктөрүнүн кыймылдашына тоскоол болушу. Бул оорунун чыгышы толугу менен аныкталган эмес. Кээ бир маалыматтарда отосклероз тукум куучу ооруларга кирет деп белгиленет. Бул оорунун башкалардан айырмасы эки кулактын тең угуусу бирдей деңгээлде начарлайт. Муну хирургиялык жол менен гана дарылоо мүмкүн. Операция эки кулакка кезек менен жасалат.

 

Евстрахиит

Угуу түтүгү жана кулак тарсылдагын каптаган кабыкчанын бузулушунан пайда болгон оору. Бул ооруга чалдыгуунун бирден-бир себеби сасык тумоо менен ооруу болуп саналат. Алгачкы белгилери: кулактын чуулдоосу, угуунун начарлашы, кулактын ичинин ысышы. Евстрахиит өтүшүп кетпесе, дарыларды кабыл алуу менен бир канча күндүн ичинде айыгып кетүүгө мүмкүн.

 

Меньера оорусу

Бул дарт кулактагы суюктуктардын ички кулакка топтолуп калышынан пайда болот. Оорунун алгачкы белгилери: баштын айланышы, кусуу, алсыздык, тең салмактын бузулушу, эс учун жоготуу. Мындан тышкары башкалардын сүйлөгөнүн начар кабыл алуу да кирет. Бул оору тез өрчүйт жана жыйынтыгында толук укпай калат. Меньера оорусу өрчүшүп кетсе хирургиялык жол менен дарыланат.

Медицинада адамдын кулагы сырткы, ортоңку жана ички болуп үчкө бөлүнөт. Ушул үч бөлүгүнүн биринде оорунун алгачкы белгилери байкалары менен ЛОР дарыгерге кайрылуу керек. Кулак баш мээге жакын жайгашкандыктан бактериялар бүт денеге тарап, абалды оорлотушу мүмкүн. Өз алдынча үйдөн дарылануу кулактын толук укпай калышына алып келет.

 

Кулакты да коргоо керек

- Уктап жатканда ачылып калган терезе, эшик аркылуу кирген шамалдын кулакка кириши кулак ооруларын пайда кылат. Андыктан түнкүсүн тешиктен кирген шамалдан сактаныңыз.

- Автоунаада бара жатып терезени ачпаңыз. Катуу ылдамдыкта бара жатканда соккон шамал кулакка тез кирет.

- Кулак тазалоочу таякчаларды кулкуну тазалоо максатында колдонуп, өз алдынча чукубаңыз. Ал кулактын тышын тазалоо үчүн гана колдонулушу шарт. Кулактын ичине салынган ар бир зат көзгө көрүнбөгөн микробдорду киргизет.

- Шаңдуу ыр, музыка угууда үнү 60 децибелден ашпашы керек. Катуу дабыш тарсылдакты коргогон кабыкчанын айрылышына алып келет. Бул угууну начарлатат.

- Узак мөөнөткө созулган катуу дабыш угууну начарлатат. Завод, цехте иштегендер үндү азайтуучу же кулагын коргоочу каражаттарды тагынышы керек.

- Кээ бир дары-дармектер кулактын угушуна терс таасирин берет. Андыктан ар бир дарыны дарыгердин сунушу менен гана колдонуу керек.

- Наушник угууну начарлатып, тарсылдакка доо кетирет. Ал кулактын дем алышын токтотуп тердетет жана микробдорду киргизүү коркунучун туудурат.

 

Бактыбек Алияскаров, ЛОР дарыгер: “Кулактын чуулдоосу – кайсы бир оорунун башталышынан кабар берет”

– Бейтаптар кулак оорусунун кайсы түрүнө көп чалдыгышат?

– Бейтаптар “кулагым ооруп ириңдеп жатат же начар угуп жатам” деп келишет. Аларды карап чыккандан кийин, көбү отит жана кулак нервинин оорусуна кабылышканы белгилүү болот.

– Эмне себептен кулак ооруда көбүнчө кулак чуулдайт?

– Кулакка чуулдаган үн, дабыштардын угулушуна бир канча себеп болушу мүмкүн. Кулактагы чуулдоону оору эмес, бир оорунун симптому катары түшүнүү керек. Кулак баш мээге жакын жайгашкандыктан анын айланасында бир топ нерв түтүкчөлөрү, кан тамырлары бар. Дал ошол нервге доо кеткенде кулак чуулдап баштайт. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу зарыл. Кулактын чуулдоосу оорунун башталып жатканынан кабар берет.

– Жаш курактын өйдөлөшү менен угуу начарлаганын байкайбыз, буга эмне себеп болот?

– Жаш өткөн сайын адамдын нерви алсыздайт. Ошондон улам угуу, көрүү органдары дагы кызматын толугу менен аткара албай башташат.

– Кулакка суу кирген учурда кандай биринчи жардам көрсөтүү керек?

– Кичинекей балдарды киринтүүдө же көлгө, бассейнге түшүүдө кулакка суу кирген учурлар көп кездешет. Мындай учурда кулакты кебез менен кургатууга аракет кылуу керек. Кээ бир ата-энелер чач кургаткычты колдонушат экен. Ал тескерисинче, кулакка доо кетирет.

– Эмнеден улам кулак тарсылдагында тешик пайда болот?

Кулакка болгон басымдын таасиринен улам тарсылдакта жыртыкча пайда болот. Алсак, мурунду жаап чүчкүрүү, сууга катуу ылдамдык менен секирүү, учак учуп же конуп жаткан учурда, катуу чыккан үн жана башка себептер болушу мүмкүн. Мындан тышкары ата-энелер балдарынын кулагын чукуп жатканда тешип алышат.

– Тарсылдактын тешигин айыктыруу мүмкүнбү?

Кичинекей эле тешик болсо бир канча айдын ичинде өзү айыгып кетиши мүмкүн. Бул айлар аралыгында оорулуу самын же кир сууну кулагына киргизип алуудан сактанышы керек. Сууга сүзүүдөн алыс болгону жакшы. Кулак ириңдеп, айыкпай жатса дарыгер дарыларды жазып берет. Тарсылдактын тешиги өзү айыкпаса хирургиялык жол менен бүтөгөнгө туура келет.

 

Жаңыл ИСАЕВА