Уялаштардын унутулгус жоруктары

Бир тууган – эч жерден табылбас, эч качан кыйбас кымбат жан. Жашоодогу эң сонун окуя, эң кызык жоруктар ушул уялаштар менен болот эмеспи. Аны унутууга мүмкүн эмес. Эмесе, белгилүү жылдыздардын эсте каларлык кызык окуяларын бир уядан учуп чыккан жакындары айтып беришет.

Мерген Тургандын эжеси Медал эже: “Мерген башка эркек бир туугандарымдан айырмаланып абдан боорукер”

– Мерген байкенин балалыгын кандай жоруктары менен эстейсиз?

– Мерген эки агам, анан удаа үч кыздан кийин жарыкка келген. Экөөбүздүн ортобуз 4 жаш. Үч кызга удаа төрөлүп калганга байкелерине караганда биз менен көп бирге жүрчү. Үй иштерине абдан таза, тыкан эле. Биз эмне кылсак кайталап, эмне айтсак оюбуздагыдай бүтүрчү. Анын тыкандыгы, тазалыгы азыркыга чейин бир калыптан бузулган жок. Мергендин ырчы болору бала кезинде эле билиниптир, бирок биз анчейин маани бербептирбиз. Тамдын башына чыгып алып заңкылдап ырдаса урушуп: “Түш эле түш, кыйкырып ырдаба”, - деп уруша берчүбүз. Тамдын башы демекчи, ал үйдүн чатырында көгүчкөн бакчу. 7-8-класстардагы кези болсо керек. Кайдан тапканын билбейм, 4-5 көгүчкөнү бар болчу. Мерген ышкырып койсо баары учуп келип анын колунан жем жешчү. Анан Мергендин ышкырганы боюнча бийлешчү. Аларды минтип көндүрүп алганына таңыркап көгүчкөндөрдүн бийин кызыга карачубуз. Деги эле Мерген малга бала күнүнөн жакын. Башында тоок, бөдөнө багып жүрдү. Эми да шаарда үйүндө кой багат, аты бар.

– Башка бир туугандарыңыздан эмнеси менен айырмаланат?

– Мерген абдан боорукер, камкор, мамилечил. Албетте, башка эркек бир туугандарымды жаман дебейм. Бирок чын-чынына келгенде Мерген алардан айырмаланып кыз бир туугандарына абдан күйүмдүү. Мисалы, мен бул эле Токмокто жашайм, шаарга канча барсам ошончо жолу тамакка чакырып, берерге ашын таппай тим эле айланчыктап тосуп алат. Анан да баарынан эң көп телефон чалып акыбал сураган да ушул. Мерген деги эле бирөө тууралуу жаман ойлогонду билбеген, кимге болбосун жакшылык гана каалап турган адам.

 

Алтынай Нарбаеванын эжеси Дилбар эже: «Алтынай өзүн башка атадан төрөлгөн экем деп...»

– Дилбар эже, Алтынай сиңдиңиз сиз канча жашта төрөлдү эле?

– Биз төрт уул, төрт кыз болуп сегиз бир тууганбыз. Мен экинчи перзент болсом, Алтынай кенжетайыбыз. Сиңдим мен 8-класста окуп жаткан жылы төрөлгөн. Кара, болтойгон толук кыз болчу. Аны көтөргөндө тим эле колубуз ооруп кетчү. Тыпырайтып кийинтип, жуунтуп, чачын кырк өрүм кылып өрүп абдан карачумун. Мага ушунчалык көнүп алганын мындан бил, Алтынай эс тартып калган кезде мен өзүбүздүн эле айылга турмушка чыгып кеттим. Менин күйөөгө кеткенимди сиңдим биротоло ажырап калгандай кабыл алган экен, боз топого жатып алып буркурап ыйлаптыр. Сиңдим менен абдан сыймыктанам, ал - биздин туубуз. Ошко күн келсе күн, түн келсе түн дебей тосуп алып, колумдан келишинче сыйлап узатам. Ага апамдын жоктугун билдирбейин деп апам ага курут, майын, тоок этинен бери кандай сактап берсе, мен да ошону кылам. Кагылайыным, аман болсун.

– Эжеси катары сиңдиңиздин кулк-мүнөзүнө сын айтасызбы?

– Алтынай кенедейинен кырс, тайманбас, оюндагысын кимге болбосун бетке айткан кыз. Кичүүбүз болгонго ата-энебиз да, бир туугандары да эркелетип, эч кимибиз ага катуу мамиле кылбадык. Эми Алтынайдын кылыктарын айтса түгөнбөйт. Студент кезинде апамды өзүнчө чакырып алып: “Апа, мен бир туугандарымдын ичинен өзгөчөмүн. Келбетим да алардыкынан башкача. Башка атадан төрөлсөм керек. Менин атам ким, айтыңыз?”- деген экен. Апам мени чакырып сиңдимдин кылыгын айтып бир күлүп, бир кайгырды. Алтынайдын талабы атама угулуп, атам ыраматылык күлүп: “Кара тору болуп кебетең мага эле окшоп турат. Менин эле кызымсың”, - деп түшүндүрүп, ишендирген. Алтынай чын эле баарыбыздан өзгөчө, келбеттүү, жылдыздуу дагы.

 

Расул Маматкуловдун иниси Бегалы: “Байкем өзүнүн курсагы ач болсо да мага тамак алып берчү”

– Удаа өскөн бир туугандар көп урушушат го, сиз да байкеңиз менен келишпестиктерге барчусузбу?

– Расул байкем менден 4 жашка улуу. Ортодо бир байкем жана жалгыз кыз бир тууганыбыз бар. Улуусу болгондуктан байкем бизди дайыма көзөмөлгө алып турчу. Негизи эле улуу бир туугандар кичүүлөрүн көп тилдеп, көп жумшашат го. Расул байкем да ошондой болду. Эгер эле айтканы айтканындай аткарылбай калса опузалап, жарга такап бат эле жинибизди кагып койчу. Ошондуктан биз ага жеткирбей оозунан чыкканын тызылдап бат эле аткарып койчубуз. Эсимде, 1984-жылы байкем аскерге кетпей калып айылдагы фабрикада иштеди. Күн бою ал иште, мен кой кайтарам. Бир күнү оюнга алаксып койлорду жоготуп ийдим. Байкем иштен келсе атам ачууланып отурат. Ал токтолбой мени кууп жөнөдү. Бактыга жараша, карматпай кутулуп кеттим. Бирок байкем боорукер да, санаасы тынбай түн катып издеп жүрүп мени таап алды. Башында урушпай: “Экинчи мындай кылбай жүр”, - деп түшүндүрүп келатып, кайра эле ачуусу келип кетти окшойт, башыма каңк дегизе эки чапты.

– Бир туугандарына материалдык жардам береби?

– Негизинен биздин анчейин деле муктаждыктарыбыз жок. Бирок айрым маселе чыгып калган учурларда байкем - биздин куткаруучубуз. Маселени ордунан чечет, аягына чыкмайын кайдыгер карабайт. Мени кичүү деп ушундай мамиле кылып көнүп калса керек, көп боор тартат. Эстеп кеттим, бала кезибизде бир мектепте окучубуз. Кичинекей кезде ашкананын оозун шынарлап турган адат болот эмеспи, мен да ошентчүмүн го. Анан ашканага курсагын тойгузайын деп келатып байкем мени көрүп калат да, өзү эч нерсе албай акчасына менин курсагымды тойгузуп койчу. Азыр деле бир тууганым мага ошол мектептегидей камкордук менен жылуу мамиле кылат.

 

Алина Жетигенованын сиңдиси Наргиза: “Алина апчем мага энедей камкор болду”

– Алина апчем экөөбүздүн ортобуз 15 жаш. Бирок бул жаш айырмага карабай экөөбүз абдан ынакпыз. Себеби башка бир туугандарыбыздан айырмаланып экөөбүздүн тең кулк-мүнөзүбүз атабызга окшош. Алина эжемдин балалыгы башка үйдө өткөн эмеспи, бирок бул нерсе мага анчейин билинген жок. Мен 3-класста окуп жаткан кезде эжем мени М. Күрөңкеев атындагы окуу жайга окутам деп демилге көтөрүп чыгып, анын айтуусу менен ата-энем болуп шаарга көчүп келдик. Ошол курагымдан баштап эжем мени жетелеп жүрүп, мага эже эмес, энедей эле кам көрүп карады. Тилекке каршы, эмнем жакпай калды билбейм, мен аталган окуу жайга өтпөй калдым. Азыркы кезге чейин менден кеп-кеңешин аябайт. Эжем абдан жумшак мүнөз, токтоо, боорукер, анан дагы калыс. Мисалы, үй-бүлөлүк маселелер менен кайрылып калсам бир тууганым деп мага тартып койгонду билбейт. Калыс кебин айтып, көп учурда күйөө баласына тартып коёт.

– Сиз үчүн кылган унутулгус эмгеги барбы?

– Албетте, эжемдин бул жакшылыгын эч качан унутпайм. Бир жылдары өтүмдү алдырып ооруканага жатып калдым. Байкуш эжекем мен үчүн болгон колунан келгенин кылды. Ошол маалда менин дарыгерим той бермек экен. Тамаданы кымбат жалдап, кадыр-баркына салып да, акчасын чөнтөгүнөн чыгарып төлөп да он чакты ырчы чакырып берген.

 

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА