Фатима ДҮЙШӨНАЛИЕВА: “Тез арада жасалуучу операцияма каражат керек”

Балдары үчүн түркүн сыноого чыдап келген Зинакан апа эми элдин чоң колдоосуна муктаж. Көз жашын төккөн эненин тагдыры менен таанышып, колуңуздан келсе жардам берүү үчүн кол сунуңуз.

 

“Катуу жыгылганым коркунучтуу дартка себеп болду окшойт”

– Мен 1981-жылы Нарын областында төрөлүп, өскөм. Ата-энем бир канча жыл мурун оорудан көз жумушкан. Мага күч-кубат берген бир уул, эки кызым, жолдошум жана жалгыз сиңдим бар. Улуу кызым 10-класста, кийинкиси 8-класста, кичүүм быйыл 7-классты аяктайт. Он жыл мурун Казакстанда кафеде иштечүмүн. Кыштын күнү капты төгүп келейин деп баратып тайгаланып жыгылып, бетон арыктын бурчуна катуу тийип өзүмдү жоготуп кайра эсиме келген элем. Ошондон улам бутум шишип, көгөрүп катуу ооруп калды. Дарыгерге көрүнсөм эч кандай жарака жок, баары жакшы деген. Он күндөн кийин бутумдун шишиги тарап, калыбыма келип калгам. Ошону менен эки жылдан кийин ооруп артрит деген диагноз менен дарыландым. Андан кийин баспай калып онкологияга жатып чыктым. Көп өтпөй минтип шишик пайда болду. Илдеттин себебин сурасам дарыгерлер “айтыш кыйын” деп коюшту. Мен ошол жыгылгандан эле көрүп калдым.

 

“Бутумду кесип салууга макул болбодум”

– Башында кичинекей эле шишик болчу. Шишиктин башталганына бир жыл болгондо дарыгерге кайрылсам, кайра онкологияга жиберишип сөөктүн залалдуу шишиги хондросаркома деген аныктама беришти. Дарыгерлер оорунун бул түрүндө бутумду кесип таштоо керектигин айтышты. Бирок мен аны оор кабыл алып, макул болгон жокмун. Башка дабасы табылып калар деген үмүт менен молдо, табыптын баарына барып, кызыл даркан, уу коргошун ичтим. Алардын айткандарын бүт кылганым менен жардам болгон жок. Бутумду кестирбей айыгам деп кайрадан медицинага кайрылып, 2015-жылы эки курс химиотерапия алдым. Бирок андан да жардам болбой, шишик ого бетер чоңоюп кетти. Химиотерапия, табып, молдолорго барам деп насыя алып, карызга баттым. Эми эч нерсеге акчам жок туңгуюкка камалып турам.

 

“Шишик күн сайын чоңоюп барат”

– Ары-бери чапкылап жүрүп 2016-жылы күздө эжелеримдин жана нарындык Бакыт деген жигиттин жардамы менен Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Аскар Алиевич деген ортопедге барып 2000 долларлык аппаратына түшүп, толук текшерүүдөн өттүм. Ал жактан метостаз боло электе ушул жылдын март айында операция жасатып калыш керек дешкен. Ал операцияга 20 миң доллар керектелет экен. Бирок кендирди кескен каражат табылбай, берилген убакыт да бүтүп баратат. Шишик болсо күндөн-күнгө чоңойгону-чоңойгон. Мурун бутум шишип турганы менен оорутчу эмес, эми сыздап оорутуп, жакшы да баса албай калдым. Жолдошумдун туруктуу жумушу жок. Жумуш чыккан жерде иштей калып бизди багып келет. Кайната-кайненем, бизге караан болгон үч кайнагам арты-артынан өтүп кетишти. Учурда атамдын карындаштары кол кабыш кылып, дарылануума каражат издеп жатышат.

 

“Жибек Нукеева экөөбүздүн диагнозубуз бир”

– Дарыгерим: “Модель кыз Жибек Нукеева менин пациентим болчу” - дейт. Ал экөөбүздүн диагнозубуз бир, хондросаркома экен. Бирок аныкы өтө тез арада өсүп кетиптир. Мен үч жылдан бери жүрөм деп Кудайга шүгүр кылам. Эжемдер депутат, министрлерге чейин кат киргизип, арыз жазып, бардык жерге кайрылышты. Бирок бирөөнөн бир сом жардам болгон жок. Айлабыз кеткенде эжелеримдин кеңеши менен элден жардам сурап чыгууга аргасыз болдум. Казакстанда иштеп жүргөндө иштеш керек, бутка туруш керек дечүмүн. Азыр мага акчанын, байлыктын кереги жок. Жалгыз байлык - ден соолук экен. Томографияга түшсөм, ички аппараттарым таза деп чыкты. Андан улам, демек, операция кылдырсам айыгып кетем деген үмүтүм кайра жанып турат. Кайрымдуу эл менин ден соолугума, үч баламдын келечегине кайдыгер карабайт деп ишенип сиңдимдин атына банктык эсеп ачканбыз. Эсепке каражат топтолуп калса дароо Кытайдан операция кылдырып келүүгө даяр турам. Деги эле ошондой болуп, балдарымдын кашында аман туруп турсам экен.

Байланыш телефондору: 0709 33 83 08, 0779 45 44 57, 0707 45 44 57

Банктык эсептер: Айыл банкы 135071201698116 БИК 135006

Алуучу: Дүйшөналиева Рахима Жумабековна

Элсом капчыгынын номери: 0709 33 83 08

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА