Аскат СУЛАЙМАНОВдун аялы Мээрим: «Аскатты күйөрманы катары абдан жакшы көрчүмүн»

Аткаруу чеберчилиги, популярдуулугу жагынан сап башында турган актёрлордун бири Аскат Сулайманов өткөн жылдын күз айында экинчи ирет турмуш баштаган. Актёрдун арзуусу болгон айым тууралуу төмөнкү макаладан маалымат аласыз.

– Аскат мырза менен алгачкы таанышуу, алгачкы жолугушуу эсиңизде чыгар?

– Көпчүлүк сыяктуу мен деле Аскатты алгач «Айыл өкмөтү» тасмасынан тааныгам. Студент кезде кыздар театрга көп барчубуз. Аскаттын күйөрманы элем, андан автограф алып, чогуу сүрөткө түшкүм келип жүрүп театрда иштеген курбу кызым аркылуу таанышкам. Кумиримдин мени менен сүйлөшүп койгонуна абдан кубанган элем. Бирок ал кезде Аскаттын жубайы болуп калам деп таптакыр ойлогон эмесмин. Биз таанышкандан бери тогуз жыл өттү. Ал аралыкта чет өлкөгө, тактап айтканда, Түркияга барып иштеп келдим. Келгенден кийин кыздар Аскат алардан менин телефон номеримди алганын айтып калышты. Бул маалда Аскаттын үй-бүлөсү менен ажырашканына эки жыл болгон экен. Ал аймактарда гастролдо жүргөндүктөн телефон аркылуу сүйлөшүп жаттык. Мен Түркияга кайра кете турган болгондо жолугууга чакырды. Ошол алгачкы жолугушууда эле үйлөнүү сунушун айтып, үйүнө алып келип апасы менен тааныштырды. Апам мени жакшы кабыл алды. Мен апама, апам мага жагып дегендей, жылдызыбыз келишип калды.

– Демек, сизди тогуз жыл мурун көргөндө эле жактырып калганбы?

– Ошондой го, азыр театрга барып достору менен сүйлөшүп калсам: «Аскат сени мурда эле жакшы көрчү», - деп калышат.

– Өзүңүз турмуш көрө элек кыз болсоңуз, анан беш балалуу мырзага турмушка чыгуу чечимин кабыл аларда көпкө түйшөлсөңүз керек?

– Жогоруда Аскатка күйөрман болуп, аны абдан жакшы көргөнүмдү айтып өтпөдүмбү. Аскат менен жакындан тааныш болгондон кийин ал сезимдерим тез эле күч алып кетти. Өзүм мурда турмушка чыга элек кыз болсом да Аскат баарын көрүп түшүнүп калды, турмушту алып кете алат деп ишенип ага турмушка чыгууга көп ойлонбостон макул болдум. Апасы менен тааныштыргандан эки айдан кийин кыргыздын салты менен сөйкө салып, ата-энемдин колунан алып кетти. Ал эми балдары менен мамилем абдан жакшы. Улуулары мени «эже» дешсе, кичүүлөрү «жеңе» деп чакырышат. Апасы жиберип тургандыктан балдары үйгө келип турушат. Ата-энесинен абдан жакшы тарбия алган балдар. Эки адам тил табыша албай калганына балдар күнөөлүү эмес да. Мен аларды жакшы кабыл алам.

– Балалуу болууну качанкыга пландап атасыздар?

– Учурда кош бойлуумун, буюрса, бала жытын жыттаар учурубуз алыс эмес.

– Кайсы кесиптин ээсисиз?

– Кесибим - мугалим. Бирок көп жылдар фабрикада иштеп, кийин тил үйрөнүп чет жерге иштеп кетип, кесибим менен иштей элекмин. Азыр келиндик милдетимди аткарып үйдө отурам. Баш кошкондон бери конок тосуу, конокко баруудан бошой элекпиз. Буйруса, мугалим болуп иштөө пландарымда бар. Аскат иштесең деле, иштебесең деле мейли дейт.

– Актёр адамдын жубайы болуу оор эмес бекен?

– Үйлөнгөнүбүздөн кийин эле Аскат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 15 күнгө кетип, жалгыз калгам. Күтүүлөр ошондо эле башталган. Мен анын чыгармачылыгын толугу менен түшүнүп, колдоого аракет жасайм. Аскат да чыгармачылык деп эле жүрө бербей, үйдө кожоюндук милдетин так кылып, бардык өзүнө тийиштүү иштерди аткарат.

– Кумириңиз жеке жашоодо кандай адам экен?

– Аскаттын мүнөзү абдан жакты. Ак көңүл, жумшак, ачык сүйлөгөн, калпты жаман көргөн, айланасын шаңга бөлөп турган адам. Ачуусу келсе, кабагын түйүп баарыбызды коркутпайт. Ооруп калса да билдирбей оорусун ичине катат. Баарынан кубандырганы - менин оюмдагыдай, мен күткөндөй жолдош болду. Ал менден тогуз жаш улуу. Билбегенимди көрсөтүп, үйрөтүп, түшүндүрүп турат. Жалгыз уул болгондуктан апамдын эрке баласы. Үйдө баарыбыз анын маанайы жакшы болсун, иши ийгиликтүү жүрүшүп турсун деп көзүн карап турабыз.

– Жолдошуңуз театрдын фанаты болуп аз айлыкка иштеп, театрдын жатаканасында жашаганын айтчу эле, учурда кайда жашап жатасыздар?

– Конуштардын биринде апам (кайненем) менен чогуу турабыз. Аскат театрда, андан сырткары той-топурларда тамадалык кылып каражат табат. Андан сырткары кинолор, клиптер, айтор тирүү кишинин ырыскысы түгөнбөйт эмеспи, жашообуз Кудайга шүгүр.

– Сизде чыгармачылыкка шык барбы?

– Уюштуруучулук жагынан шыгым бар жана өзүм үчүн коноктордо ырдап коём.

– Кайсы тамагыңызды жактырып жейт?

– Аскат манты, бешбармак сыяктуу камыр тамактарды жактырат. Ошондуктан үйдө көбүнчө камыр тамактар жасалат. Ал эми чөп-чар, ар түрдүү жашылчалар кошулган тамактарды жасасам ооз тийип гана коёт. Ага камыр менен эттүү тамак болсо болду.

– Үйдө акчаны кимиңиздер кармайсыздар?

– Аскат тапкан акчасын апама берет, апам бизге чогултуп берет. Анткени биздин колго тийген акча турбайт, коротуп жиберебиз, апам жакшы сактайт (күлүп). Азыр үй салып атабыз, ошондуктан да акчаны апамдын сактаганы ыңгайлуу болуп турат.

 

Динара ЧОКОЕВА