БОЛОТ ТОКТОБАЕВ: “Обондорумдагы ар бир нота менин оюмду билдирет”

“Күттүм сени”, “Коштошуу”, “Сүйүп жүрдүм” сыяктуу көптөгөн мукамдуу обондорду жаратып, колуна аккордеонун алып отуз жылдан бери чыгармачылык чөйрөдө жүргөн Болот Токтобаев бүгүн бизде конокто.

– Болот агай, алгачкы жараткан обонуңуз эсиңиздеби?

– Атам комуз менен күүлөрдү чертип, ырдап калар эле. Өзүнүн чыгарган обондору да бар болчу. Атамды тартып мен да чыгармачылыкка кызыгып кеттим. Он төрт жашымда Кара-Кулжага агамдыкына барсам, үйүндө аккордеон туруптур. Ошол агамдыкында калып, эки-үч айда ойногонду үйрөнүп алдым. Ошондон кийин эле музыкага болгон кызыгуум күчөп кетти. Ал эми алгачкы обонумду 1984-жылы агамдын үйүндө жашап окуп жүргөндө жараткам. Апам мен он эки жашымда эле оорунун айынан каза болуп калган. Эненин орду жашоодо алмаштыргыс да. Апамды сагынып, көп ойлогондуктан алгачкы обонду да эне тууралуу ырга чыгаргам.

– Эне мээриминен эрте ажыраптырсыз, энеңиздин кайсы элеси көз алдыңызда сакталып калды?

– Апам 44 жашында, мен бешинчи класста окуп жүргөндө каза болду. Ал киши ооруп, ооруканага көп жатып жүргөнүн билем. Мен ал кезде жаш болгондуктан бизге айткан жакшы сөздөрүн, кыймыл-аракеттерин эстей албайм. “Бейиш - эненин таманында” деп бекеринен айтылбаса керек. Картайган кезде апасын багып жаткан адамдарга суктанам. Алар бактылуу адамдар деп ойлойм.

– Өзүңүздүн ички сезимдериңиз себеп болуп жаралган обондоруңуз бардыр?

– Мен анда Ошто окуп жүргөн маал эле. Бир кызды жакшы көрүп жүрдүм. Жайында эс алууга таркап, айылдарыбызга кеткенбиз. Ошондой күндөрдө баягы кызга болгон кусалыгым ээ-жаа бербей көргүм келип туруп алдым. Анан атам экөөбүз чөп чаап жүргөндө: “Ата, Ошко барып келейинчи?” –дедим. Атамдын: “Сабагың жок болсо, бул жакта иш кычап жатса шаарда эмне бар?” - дегенине карабай көгөрүп туруп алдым. Атам өзү түшүнүктүү адам, тактап сурай бербей макул болду. Мен Кара-Кулжадан Ошко келип, кайра башка автобуска отуруп ал кыздын айылына бардым. Кеч киргенче күтүп отуруп, анан үйүнө барып ышкырып чакырдым. Ал кыз чыгып: “Жеңем үйдө жок. Агамдар чөпкө кеткен. Алар келгиче тамак жасап, балдарынын курсагын тойгузуп, жаткырып коюп чыгам”, – деди. Мен макул болуп, кашанын түбүндө күтүп отурдум. Бир маалда агалары чөптөн келди, алардын үйгө кирип-чыгып оокат кылып жүргөндөрүн карап кызды күтүп отура бердим. Анан түн кирип жатышты. “Мына чыгат, ана чыгат” десем жок. Жайдын күнү айылда иш көп эмеспи, чарчап уктап калган го деген жыйынтыкка келдим да, таң атып калганда: “Кой эми, мени эч ким көрбөсүн”, - деп автобуска түшүп кеттим. Жүрөгүм ушундай сыздады, капа болдум. Кызга таарынып калдым. Алардын борборуна жетип кайра Ошко кете турган автобуска отурушум керек эле. Ал болсо саат он бирде жылат экен. Мен эрте келип алып эмне кыларымды билбей, китеп саткан дүкөнгө баш бактым. Ыр жыйнактары китептерин барактап отуруп Чоробек Мамырканов деген акындын “Коштошуу” деген ырына көзүм түшүп калды. Ал китепти сатып алып, үйгө келгиче кыңылдап ырдап келдим. Орто жолдо ырдап жатып ыйлап да алдым. “Коштошуу” ырынын обону ушундай пайда болгон.

– Ал кыз менен ошол бойдон эле коштошуп кеттиңизби анан?

– Кийин окуу башталганда кайра жолуктук. Мен бир-эки жума таарынып жүрдүм. Кийин таарынычым жазылганы менен баары бир жолубуз бир болгон жок, коштошуп кеттик.

– Бул обонуңуздун тарыхын угуп отуруп “Күттүм сени” ырыңыз эске түшөт экен, анын да тарыхы барбы?

– Бир тууган агам бул ырды: “Жакшы экен,окуп көрчү”, - деп мага берген эле. Окуп, алып койгом. Кийин жаркыраган жаз мезгилинин бир таңында эргүү келип, чөнтөгүмөн баягы ырды алып чыгып обон чыгаргам. Буга да баягы күтүүм себеп болгон болуш керек, болбосо мындай мыкты обон жаралбаса керек эле.

– Сиздин ырларыңызды жаш ырчылар да ырдап жүрүшөт, аларга кандай баа бересиз?

– Булар жөнүндө кылдат көз караш менен айтыш керек экен. Мен жараткан обондорду көп эле ырчылар ырдап жүрүшөт. “Күттүм сени” ырын ырдабаганыма көп болгон экен, жакында эле Сапар Эркебаев, Айжамал Кабылова деген жаш ырчылар ырдап чыгышты. Булар эстрадалык жанрга салып ырдашкан экен. Үндөрү жакшы. Бирок эстраданын өзүнүн мыйзамы бар да. Ошого байланыштуу кээ бир жерлери өзгөрүп калыптыр. Обон жаратууда ар бир нота автордун оюн билдирет эмеспи. Ошону байкабастан ырчылар жан дүйнөсүндөгү боёкторду аралаштырып жиберип жатышпайбы. Жалпысынан жакшы эле баа берем. “Каркырам” деген ырды Динара Тилекеева деген кыздын ырдаганы менин купулума толду. Кийин бир концертте Динара Акулова менен дагы ырдаптыр.

– Көп жерде аккордеонду жаныңызда алып жүрөсүз, канча жолу бул музыкалык аспапты алмаштырууга туура келди?

– Алгачкы аккордеонумду агамдын үйүнөн алгам дебедимби жогоруда. Санаалаштар менен бирге отуруп калганда аккордеонумду алып ырдам калам. Бир жолу ошондой бир чогулууда отурсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов аккордеонумдун эскирип калганын байкаган экен. Чынында эле, аккордеондун асынган жиби айрылып, кейпи келишип калган эле. Анан ал адам мага жаңысын алып берди. Дагы бир аккордеонумду айылдаш досум Нышан Ажыматов берген. Ал жаңы аккордеон алдым деп көрсөткөнү чакырган. Мага алган го деп суктанып койгом. Анан Ошто концерт бергени жатканда сурап алган элем. Ошо бойдон борборго келе бердим. Досума чалып: “Аккордеонду алып Бишкекке келе бердим”, - десем, - “аны сен колдонбогондо ким колдонот?” – деп биротоло мага белек кылган. Акыркы мезгилдерде фортепианого кызыгып жүрөм. Аны өз деңгээлинде ойной албасам дагы, обон чыгарганга ыңгайлуу экен. Үнүнөн тажабайт экенсиң.

– Жубайыңыз обондоруңуздун каармандарынан кызганбайбы?

– Жубайым Сүйүнбүбү кайсы ырдын обону кандай жаралганын жакшы билет. Бирок ал баарын түшүнүү менен кабыл алат. Анткени өзү дагы чыгармачыл адам. Жубайым менден ылдыйкы курста окуп жүргөндө таанышканбыз. Сүйлөшүп жүрүп, мамилебиз келишип баш коштук. Ал өтө жакшы ырдайт.Телевидение, радиолорго чакырганда чогуу барып ырдап калабыз. Негизи эле Алла Таала өзүңдүн мүнөзүңө окшогон адам менен бир кылат окшойт. Мүнөзүбүз да окшошуп кетет.

– Канча балаңыз бар?

– Менин беш балам бар. Бир уул, төрт кыз. Тун уулум музыка чөйрөсүнө кызыгып пианист болду. Экинчи кызым дагы Россияда музыкалык билим алып жүрүп ооруп калып, билимин уланта албай калды. Андан кийинки эки кызым мектепте окушат. Эң кичүүсү болсо бир жашка толоюн деп калды. Чоң ата, таята дагы болгом. Уулумдан уул неберем, кызымдан кыз неберем бар.

– Азыр чыгармачылык кризисте окшойсуз го, көптөн бери көрүнбөй калдыңыз?

– Туура айтасың, он жылдан ашык убакыттан бери эч кандай эргүү келбей токтоп калдым. Көптөн бери жакшы көрүп жүргөн ырдын тексти бар эле. Бир куплетин чала-була чыгарып, экинчи куплетин жеткире албай кыйналып жүрө бердим. Бир жылдай болуп калды, кайра обон чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Ушул жылдын күз айында концерт берейин деген жакшы ниетим бар.

 

Жаңыл ИСАЕВА