АЗЕРБАЙЖАН ашканасы

Довга

Кандай азыктар керек?

Кой эти: 300 г

Пияз: 1 баш

Нокот: 2 чоң кашык

Күрүч: 100 г

Айран: 800 г

Ун: 2 чай кашык

Укроп: 1 боо

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Эт менен пиязды эт майдалагычтан чыгарып, туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Мындан көлөмү жаңгактай болгон тоголокчолорду жасап, сууга кайнатып бышырасыз.

Нокот менен күрүчтү сууга чылап (нокотту 6 саат, күрүчтү 1 саат), өз-өзүнчө сууга бышырасыз.

Айранга унду жана бышкан күрүчтү кошуп аралаштырып, жай отко коёсуз. Тынымсыз аралаштырып туруңуз, болбосо айран ирип кетет.

Кайнай баштаганда нокотту, фарштан жасалган тоголокчолорду саласыз.

Татымына жараша туз, мурч, майда тууралган укропту салып аралаштырып, бир кайнаганда оттон алып чыгасыз. Тамак даяр!

 

Жүзүм жалбырактарынан жасалган долма

Кандай азыктар керек?

Койдун эти: 150 г

Күрүч: 50 г

Пияз: 1 баш

Кинза, укроп, жалбыз

Жүзүмдүн жаңы жалбырактары

Туз, мурч

Айран

Кантип жасалат?

Эт менен пиязды эт майдалагычтан чыгарасыз.

Бул фаршка жуулган күрүчтү, майда тууралган көк чөптөрдү, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

Кайнап жаткан сууга жүзүмдүн жалбырактарын салып 5-10 мүнөт кайнатасыз.

Андан соң ортосуна фарштан салып оройсуз.

Оролгон долмаларды түбү калың идишке тизип, көмбөй тургандай кылып суу куясыз да, жай отко 30-40 мүнөт демдеп коёсуз.

Даяр болгон долмаларды айран менен дасторконго койсоңуз болот.

 

Шах-палоо

Кандай азыктар керек?

Күрүч: 500 г

Лаваш: 2 даана

Эт: 500 г

Пияз: 2 баш

Каймакмай: 100 г

Мейиз: 50 г

Сарымсак: 3-4 тишче

Туз, зире

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Күрүчтү жууйсуз. Анан мискейге калыңдыгын 1 сантиметрден кылып кабаттап салып, арасына жука тилинген каймакмайдан саласыз. Татымына жараша туз кошосуз.

Эми күрүчтүн деңгээлинен бир эли ашыгыраак суу куясыз да, күрүч бышканга чейин кайнатасыз.

Этти анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп көмөчказандагы кызып турган өсүмдүк майына салып кууруйсуз.

Анан майда чарчы болуп тууралган пиязды үстүнө салып, туз себелеп кууруйсуз.

Мейизди 5 мүнөт сууга чылап коюп, аны да куурулуп жаткан азыктарга кошуп, 2-3 мүнөт демдеп коёсуз.

Отту өчүргөн соң майдаланган сарымсакты кошосуз.

Эми лавашты туурасы 5 сантиметрдей узун тилкелерге бөлөсүз.

Чуңкур калып же чакан казандын (мультибышыргычтын казаны да болот) ичин эритилген каймакмай менен майлап, ага лаваштын тилимдерин төшөйсүз да, аны да майлайсыз. Лаваш казандан сыртка чыгып калууга тийиш, аны менен палоонун үстүн жабасыз.

Казандын түбүнө бир кабат кылып күрүчтү саласыз. Андан кийин куурулган эт менен пияздан. Ошентип кезеги менен кабаттап салып отурасыз. Эң үстүнө зиреден себелейсиз.

Лаваштын сыртка самсаалап чыгып турган бөлүгү менен палоонун үстүн жаап, аны да майлайсыз.

Анан фольга менен казандын бетин жаап туруп 160 градуста кызып турган духовкага саласыз.

Палоо 40-45 мүнөттө даяр болот. Бышарына 15-20 мүнөт калганда фольганы алып саласыз.

Андан соң “Шах-палоону” казандан алып чыгып, курч бычактын жардамы менен кесимдерге бөлүп бересиз.

Нуриса БАЯЛИЕВА