Муздак суу куюнуу – бекем ден соолуктун кепилдиги

Чыйрак, чың, бышык дене – ден соолуктуу адамга гана таандык. Дененин мындай артыкчылыктарга ээ болуусу үчүн адам сөзсүз йога менен машыгып же фитнес клубдарына акча төлөөсү керек эмес. Табигаттын абасын, суусун, жерин, күнүн колдонуу менен эле ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү бар. Эмесе, жаздын келиши менен муздак суу куюнуу аркылуу денеңизди чыйралтып, ден соолугуңузду бекемдөөгө киришиңиз.

 

Денени муздак суу менен бышыктыруунун жолдору

Таң менен денеге муздак сууну жаба куюнуу - денени бышыктырып, чыңдап, чыйралтуучу аракеттердин эң мыктысы болуп саналат. Бирок бул өзгөчө эркти талап кылат. Адам денени көндүрүп, муздак суудан сергип, кубаттанып жүрүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү бар.

Муздак сууну кабыл алууга психологиялык даярдык. Бул үчүн күн сайын бети-колду жана бутту абдан муздак суу менен жууп туруу керек. Мүмкүн болсо оозду тамакка чейин чайкоо зарыл.

Суу сүлгү менен сүртүнүү. Денени муздак суу менен чыңдоонун бул түрүн балдарга эрте күндөн колдонуу эң натыйжалуу. Ишке ашыруу эң оңой: муздак сууга чыланган сүлгү же губка менен дененин үстүңкү бөлүгүн эч жерин калтырбай бекем сүртүп, артынан дароо кургак сүлгү менен аарчуу керек. Суу сүлгүнү муздак сууга дагы бир чылап алып дененин астыңкы бөлүгүн сүртүп, артынан кургактоо жетиштүү.

Сууну жаба куюнуу. Ден соолугу чың жана психологиялык жактан даяр адам муздак сууну жаба куюнууну дароо ишке ашырып кете алат. Болбосо суу сүлгү менен сүртүнүүгө көнгөн соң бул баскычты аткаруу оңой. Мында муздак сууну жылаңач денеге төбөдөн ылдый өтө шар эмес, ошол эле маалда анча жай эмес куюу зарыл. Суу куюнуп бүтөр замат денени кургактоо керек. Процедуранын узактыгын 2 ай сайын эки мүнөттөн узартуу жетиштүү.

Муздак душ кабыл алуу. Бул сууну чака менен куюнуунун душ түрү. Анда суу бир калыпта жана тегиз куюлгандыктан чака менен куюнуудан натыйжалуураак болуп саналат. Денени муздак душ кабыл алуу менен чыңдоонун эки жолу бар. Муздак душ же сууну бир ысык, бир муздак кылып кезектетип куюнуу - контрасттык жолу. Мында процедура муздак суу менен аяктоого тийиш.

Муздак сууда сүзүү жана тоңуу. Мында адам муздак бассейнде же табигый көлмөдө эч кандай аба ырайына, тоскоолдуктарга карабай сүзөт же кар менен денени сүртүп тоңот. Бул процедура кылдаттык менен атайын медициналык көзөмөлдү талап кылат.

 

Суу куюнуунун негизги эрежелери

1. Муздак суу куюнуу толук кандуу ден соолуктагы адамдар үчүн гана. Бул ишке киришүүдө эң башкысы ушуну эске алуу зарыл. Жаш балдар жана кандай гана болбосун айрым оорулардан жабыркагандар бул процедураны баштоо алдында дарыгерден кеңеш алуусу керек.

2. Кийинки баскычта «баары акырындан» деген талапты аткаруу керек. Суу куюнуунун биринчи күнү суунун температурасы бөлмө температурасынан муздак болбоого тийиш. Андан кийин ар бир төрт күн сайын акырындык менен суунун муздактыгын 1-2 градустан азайтып жүрүп отуруу керек.

3. Баштаган соң бул процедураны үзгүлтүккө учуратпоо - башкы талаптардын бири. Сиздин муздак суу куюнууңузга аба ырайы да, мезгилдердин алмашуусу да таасир этпеши керек. Эгер токтотууга аргасыздык жаралса муздак суу процедураларынын жеңил түрлөрүн аткарып жүрүү шарт.

4. Суу куюнуу менен ден соолукту чыңдоону дене көнүгүүлөрү менен айкалыштырып алганыңыз туура. Тагыраагы, ар бир суу куюнуудан кийин чуркаңыз, жөө басыңыз, эч болбосо таза абада көнүгүү жасаңыз.

5. Жогорудагы аракеттердин бардыгы сизге кубаныч жана кубат алып келиши керек. Эгер өзүңүздү ойдогудай жакшы сезе албай кыйналсаңыз суу куюнууну токтотуп, ден соолугуңузга бир көзөмөл кылып алыңыз.

6. Адам дайыма өзүн-өзү көзөмөлгө алуусу керек. Анда пульс, кан басым жана табиттин өзгөрүүсү көзөмөлдөнөт.

7. Сергек жашоо образы туура тамактануу менен тыгыз байланышта экенин эстен чыгарбаңыз. Муздак суу куюнган ар бир адам күчтүү тамактануу менен гана толук кандуу чың ден соолукка жете алат.

 

Муздак суу куюнуунун пайдалары

Сергектикти камсыздайт. Муздак суу куюнуу уйкуну ачып, таң менен сергек жүрүүнү камсыздайт. Анткени муздак суу кан тамырларды кеңейтип, кан айланууну жакшыртат. Нерв системаларын чыңдайт.

Маанайды көтөрөт. Сергек адам жайдары, көңүлдүү маанайга ээ болот. Таң менен мындай маанай менен кубаттанган адам күн бою жүйөөсүз ачуулануудан, агрессиядан алыс жүрөт.

Иммунитетти көтөрөт. Кичинесинен туруктуу түрдө муздак суу менен жуунган балдардын ден соолугу бекем болору аныкталган. Бул чоңдорго да тиешелүү. Муздак суу менен бекем достошкондордун иммунитети бекем болуп, керек болсо көпчүлүктү каптаган сасык тумоо аларды айланып өтөт.

Денени бырыштан сактайт. Муздак суу денени чыйралтып, териге бырыштын түшүүсүнөн сактайт. Демек, муздак суу куюнуу – жаштыкты узартат.

Стресстен арылтат. Муздак суу жашоого нааразы болуп, наалып жүргөн адамдардын жашоосуна жакшы жаңылык алып келет. Таң менен кабыл алынган муздак суу адамды таң менен башталуучу негативдерден коргоп, стресстен арылтат.

 

Кимдерге муздак суу куюнууга болбойт

– талмасы барларга

– богок оорусунан жабыркагандарга;

– олуттуу бөйрөк оорусу барларга;

– кант диабети барларга;

– сасык тумоо маалында;

– жогорку кан басымы барларга;

– инсульт жана инфаркт алгандарга;

– кургак учуктун ачык түрү менен жабыркагандарга.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА