Жакшы сөз жан эргитет. Комплимент айтып кымбатыңызды кубантыңыз

Жакшы сөз жакшы жашоонун кыймылдаткычы сыяктуу. Жакшы сөз айтылган жерде сөзсүз жагымдуулук болот. Бирок ага жетүү үчүн жакшы сөздү башкалардан күтүүнү адат кылып алганбыз. Жок, биз жакшы маанайга, жагымдуу сезимдерге талап кылуу менен эмес арноо, берүү, биринчи кадам кылуу менен жетет экенбиз. Ал үчүн эң оболу жакындарга, айланадагыларга жакшы сөз айтуу керек экен.

 

Комплимент кандай айтылат?

Комплиментти ар дайым жана бардык адамдарга колдонууга болот. Эң башкысы, анда чындык айтылышы керек. Тагыраагы, сиз комплимент айтып жаткан адамда ал сыпат, артыкчылык чындап болушу керек. Жүзү чарчаңкы тартып турган курбуңузга «тим эле жаркырайсың» деген кебиңиз, албетте, жарашпайт. Андан улам сиздин кебиңиз ага шылдың же какшык сыяктуу таасир калтырып, жалган комплимент мамилени бекемдебей эле солгундатып коюшу да ыктымал. Комплимент сизди да, ал адамды да ынандыргандай чындык болсун. Анын таасирин арттыруу үчүн үнүңүзгө жагымдуу тон, жүзүңүзгө эмоция бериңиз.

 

Комплиментти айта да, уга да билиңиз

Ырас, адамга жакшы жагын баса белгилеп айтуу да эркти талап кылат. Анткени биз ага көнгөн эмеспиз. Башка адамдарга жакшы сөз айтуу менен өзүңүзгө жакшыны көрө билүү, баамчылдык, көрөгөчтүк, тил табыша алуу сыяктуу жакшы сапаттарды калыптандыра аласыз. Башкысы, муну аткаруу менен кубат аласыз. Ошол эле маалда башкалардын сизге карата айткан жакшы сөзүн кабыл алууну да үйрөнүңүз. Биздин замандаштардын өзүн-өзү баалоосу абдан төмөн болгондуктан өзүнө карата айтылган комплиментти «койчу, ай», «жок, андай деле эмес» деген кептерден баштап каршы алып, анан жакшы көйнөгүн мындай эле базардан алганын, чачын арзан эле салонго кырктырганын, арыктоосунун себеби сарсанаа экенин айтып, актанып киришет. Мындай кылбаңыз, колуңуздан келсе сиз да жакшы комплимент менен жооп кайтарып, эч болбоду дегенде, жөн гана «рахмат» деп коюңуз.

 

Ата-эне үчүн

Бизден жакшы сөздү баарынан көп күткөн адамдар – ата-энелер. Алар үчүн баласынын жөн гана жакшы кеби – чоң сыйлык. Баладан жакшы кеп угуу менен ата-эне аны бекер өстүрбөгөнүн билип ыраазы болуп, эмгегим акталып жатат деген сыймыкка ээ болот.

«Ата/апа, сиз бул жашоодогу эң мыкты атасыз/ энесиз. Сиздин уулуңуз/ кызыңыз экениме абдан кубанам».

«Жакшы сапаттардын баары мага сизден өткөн. Сизден үйрөнгөн нерселериме ыраазымын».

«Ден соолугуңузга карап жүрүңүз. Сиз бар менин жашоом ишеничтүү».

«Сиздин бар экениңизге рахмат. Мен сизди сүйөм».

 

Бир туугандар үчүн

Бой жеткен соң бир үйдө чоңойгон бир туугандар кааласа да, каалабаса да алыстай түшүшөт. Андан улам бири-бирине көңүл буруу солгундап, ал ырбаса таарынычка да жетиши ыктымал. Андыктан бир туугандар жок дегенде кат аркылуу болсо да бирин-бири жакшы кеп менен кубантып, жакындыкты бекемдеп туруулары керек.

«Сен менден алыс болсоң да, сенин бардыгың мага чоң ишеним берет».

«Сен менин эч кимге алмашпас жакынымсың. Сени жүрөгүмдүн тереңинен жакшы көрөм».

«Биздин балалыктагы ынтымак турмушубузда уланып жатканына кубанычтамын».

«Сенин бактылуу жашооң, жаркын маанайыңды көргөнүмө кубанычтамын. Сен бакытка татыктуусуң, боорум».

 

Бала үчүн

Ырас, наристе сиздин ага кандай кеп айтып жатканыңызды талдап, сындап отурбайт. Бирок сиздин ага айткан ар бир жакшы сөзүңүз анда жакшы сапаттардын калыптанышын шарттайт. Ата-энесинин мактоосун угуп чоңойгон балада өзүнө бекем ишеним калыптанып, кийин маселеге бет келүүдөн коркпойт.

«Менин азаматым, мен сенин колуңдан келерине ишенгем».

«Сен баарын мен ойлогондой кыласың, сага ишенем».

«Сен абдан акылдуу, жоопкерчиликтүү баласың/ кызсың. Сенин келечегиңден көптү күтөм».

«Сен менин балам экениңе сыймыктанам. Анткени сен мени эч качан уят кылбайсың».

 

Аял үчүн

Аялзаты - жакшы сөзгө абдан муктаж жан. Ошол себептен ал кулагы менен сүйөт. Айымыңыз сизди ишке күлүп узатып, күлүп тосуп алып туруусун жана ар кандай маселелерди көп козгой бербөөсүн кааласаңыз анын аң-сезимин жакшы комплименттериңизге толтуруп салыңыз. Баарынан жакшысы, аялзатына комплимент ар кандай кырдаалда табылат, аларга айтуучу жакшы сөздөр чексиз.

«Сенин тамагыңды жемейинче өзүмдү толук кандуу ток сезе албайм. Сенин колуң абдан берекелүү».

«Менин үйүм сени менен толуп турат. Сен жарым саатка жок болсоң үй муздай түшөт».

«Балдарымдын апасы башка эмес, сендей аял экенине ыраазымын. Сен эң мыкты жар, эң мыкты энесиң».

«Мени кубаттантып, күчтөнтүүгө сенин бир жылмаюуң эле жетиштүү».

 

Күйөө үчүн

Адатта айымдар жолдошу аны укпаганын айтып нааразы болушат. Анткени өзүлөрү күйөөнү айткан сунушка бат ынандыруунун эң оңой жолун колдонушпайт. Күйөөңүз сизди базарга жибербей, оор көтөртпөй, сураганыңызды алып келип берип туруусу үчүн төмөндөгү сыяктуу комплименттерди чексиз колдонуудан аянбаңыз.

«Сенин табитиң абдан сонун. Бизге пайдалуу азык-түлүктөрдү абдан сонун тандайсың».

«Бизди ак эмгегиң менен багып жатканыңа кубанам. Сенин тапканың менен жашообуз жакшы болуп жатат».

«Сенин кубатың, күчүң – менин бактым. Сендей ишенимдүү адамга жар экеним кандай бакыт».

«Сен мыкты жолдош катары көп адамдарга үлгү экениңди байкайм. Айланаңдагылар үй-бүлөсүнө кам көрүүдө сени туурашат».

 

Кесиптеш үчүн

Жакшы кеп менен карьерада да өсүүгө жетишүү мүмкүн. Кесиптештерге жакшы кеп арнап туруу эң эле жок дегенде жумушта жакшы маанайда, тынч жагдайда иштөөгө шарт түзөт.

«Сиздин иш билгилигиңизден көп нерсе үйрөндүм. Сиздей кесипкөйлөр чанда».

«Сиздин тактыгыңыз, жоопкерчилигиңиз биздин ишти алдыга сүрөп турат. Мыкты үлгүсүз».

«Мен аткарчу иштерде кыйынчылык жаралганда сендей кесиптешиме ишенип, санаам тынчый түшөт».

«Сиз кирип келгенде иш бөлмөбүз жаркырай түшөт».

 

Дос-курбулар үчүн

Досторго арналган жакшы кеп ортодогу жакындыкты бекемдеп, ишенимди арттырат. Досторго жагымдуу тамаша менен катар кандай гана комплимент айтпаңыз, жарашат.

«Сен дайыма жашсың, сулуусуң».

«Сага баары жарашат».

«Сенин келбетиң/ аракеттериң бизге үлгү».

«Биздин достуктун бекемдигине сенин салымың чоң».

 

Жаңы тааныштар үчүн

Комплимент жаңы тааныштар менен тез аралашып, жакшы тил табышып кетүүнү шарттайт. Жаңы тааныш менен мамиленин ишенимдүү уланышы үчүн мыкты комплименттерди колдонуу сөзсүз керек.

«Сиз менен таанышканыма кубанычтамын. Убактым сиз менен пайдалуу өттү».

«Кебиңизден сиз менен иштешүү кызыктуу экенин байкадым. Буюрса, биз дагы көп жолугабыз».

«Бүгүнкү күнүм сиз менен таанышканым үчүн унутулгус болуп калды. Бар болуңуз».

«Мен дайыма жакшы адамдарга жолдуумун. Биз жолуктук, демек, сиз да жакшы адамсыз».

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА