Карыз алуунун жана берүүнүн өз эрежелери бар

Жашоодо ар бир адам карыз алып жана берүү маселесине туш келет.
Ал учурда кайсы жагдайларга маани берүү зарыл экендигин билесизби?

 

Карыз берүүдө:

Алгач карыз берип тура аласызбы аныктап алыңыз. Ал сиздин досуңуз же тууганыңыз болгону үчүн гана сөзсүз берип туруу шарт эмес. Карызга акча берип турардан мурун төмөнкү нерселерге маани берүү зарыл:

1. Ал адам акчага кандай мамиле кылат? Эгерде сизден акча сурап жаткан адам мурда-кийин каржылык жактан кыйынчылык тартып көрбөгөн болсо, анда берип туруу коопсуз. Ал эми дайыма бирөөлөрдөн карыз сурап, аны бере албай кечеңдетип жүргөн адам болсо анда эки ирет ойлонуп көрүү кажет. Мындай учурда: “Акчам бар, бирок сага бере албайм”, - деп айтканга да болбойт. Жөн гана карыз бергенге шартыңыз жок экенин түшүндүрүп коюңуз. Мындай адамдар үчүн кыргыздын жакшы сөзү бар: “Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.”

2. Канча өлчөмдөгү акча сурап жатат? Карызга акча берүү –тобокелдикке баруу. Ар кандай кырдаалда карызга берген акчаңызды кечип жиберүүгө даяр болсоңуз гана сураган өлчөмдөгү акчаны бериңиз. Болбосо дүйнөлүк байлардын колдонгон эрежесине таяныңыз. Алар карыз сурап келген адамга сураган акчасынын 10 пайызын гана берип турушат.

3. Акча ага эмне үчүн керек? Ооба, сиз акчаңыздын эмнеге сарпталышын билүүгө акыңыз бар. Эгерде ал акчамды көңүл ачканга коротуп коюп, батирдин акысын төлөй албай жатам дечү болсо, бир нече айдан кийин карызыңызды кайтарып бермек тургай, дагы сизден акча сурап келиши ыктымал.

Кайтарып берүүнүн так шарттарын белгилеп, аны аткаруусун талап кылыңыз.

1. Кайсыл убактарда жана канча өлчөмдөн кайтарып бериши керектигин жазып алыңыз. Эгерде төлөй албай калчу болсо эмне болору тууралуу талкуулап бир пикирге келгениңиздер оң.

2. Атайын дептерче ачып алыңыз да, ага карызды кайтарып берүүчү датаны так, даана белгилеп коюңуз. Эгер ал убакта бере албай калчу болсо, ага эскертип себебин билген соң жаңы дата коюңуз.

 

Карыз алууда:

Акча сурарда жакындардын бай экендигине эмес, сараң эместигине карап мамиле кылган дурус. Кээ бир учурларда каражаты чектелүү болгон, бирок абалыңызды түшүнүп жардамга колун сунгандар кездешет.

Убакытты белгилеп алганыңыз оң. Карызга акча суроодо дароо кайтарып бере турган мөөнөттү да айтып койгонуңуз максатка ылайык. Белгиленген учурда карызды кайтаруу менен олуттуу мамиле кылып жатканыңызды көрсөткөн болосуз.Бул сизди жакшы жагыңыздан таанытат.

Көйгөйүңүздү, маселеңизди түшүндүрүп, акчаны эмнеге сарптай турган пландарыңыз менен да бөлүшө кеткениңиз артыкчылык кылбайт.

 

Карызды кайтарып берүүдө:

Карызды убагында кайтарып бере албай каларыңыздан кооптонуп жатсаңыз, алдын ала ал адамга кабар берип кечирим сурап койгонуңуз жакшы.

Эгерде ал күтүп турганга шарты жок экендигин билдирсе, бул учурда башка бирөөдөн болсо да сурап карызыңызды төлөшүңүз керек. Бул өтө маанилүү.

Өзүңүзгө акча керек болгондо айткан жерине, айткан убакытка барууга даяр болуп, ал эми кезек кайтарып берүүгө келгенде ээсине “бул жерге келип алып кет”, “азыр бош эмесмин, эртең алсаң болобу” деген сыяктуу шарттарды коюу адепке жатпайт. Ал адамга ыраазычылык билдирүүнүн эң жакшы жолу – ага акчасын өз мөөнөтүндө, белгиленген саатта алып барып берип, рахмат айтуу.

Ал акча менен маанилүү маселеңизди чечип алган болсоңуз, ыраазычылык иретинде таттуу, шириндиктерди белек кылып коюу да жакшы натыйжа берет. Сиз менен алдыда мамиледе, карым-катнашта болуу мүмкүн экендигине ал адамдын көзү жетип, сизге ишеним көрсөтүп калат.

 

Карыз маселеси динде

Динде карыз берип-алуу адамдар ортосундагы бир туугандык мамилени жакшыртып, жардылардын кыйынчылыктан арылуусуна себеп болот деп айтылат. Карызды кайтарып берүүгө дарамети, мүмкүнчүлүгү бар туруп кечиктирген күнөө болуп саналат. Хадисте: “Кимдир бирөө мүмкүнчүлүгү болгон чакта карызын бербестен кечиктирчү болсо (карызын бергенге чейин) ар күнү амал дептерине зулум кылуу күнөөсү жазылат”. Карызы бар адам аны кайтарбай туруп садака бербеши керек. Анткени хадисте: “Карызы бар туруп берилген садака кабыл болбойт,” – деп айтылган.

 

Карыз тууралуу ырым-жырымдар

Карызды сол кол менен алып, оң кол менен берүү керек

Оң алакан кычышса – акча кармайсыз, сол алакан кычышса – бирөө сизден карыз сурайт.

Жекшемби күнү эч кимге карыз бербөө керек, бул күнү берилген акча ошол бойдон кайтпай калышы мүмкүн.

Карыздардан жаңы жылга чейин кутулуу керек, болбосо кийинки жылы карыздан башың чыкпайт деген ишеним бар.

Күн баткандан кийин карызга берилген акчаны колго бербестен жерге же столдун үстүнө таштап беришиңиз керек.

Шейшемби күнү карыз акча алганга болбойт. Карыздан кутула албай калышыңыз мүмкүн.

Карызыңызды эртең менен төлөгөнүңүз жакшы.

 

 

Аласа-бересеге кандайсыз?

Салима Балтаева: “Анча жакын эмес адамга карыз бербес болгом”

– Байдын деле тузу өксүйт дейт, зарыл болгондо досторумдан, жакындарымдан карыз алып турганга туура келет. Эгер болсо бергенге аракет кылам. Аласа-бересе деле мамилеге кирет. Бирок бир окуядан кийин анча жакын эмес адамга карыз бербес болгом. Бир эжеге машина алабыз деп чогултуп жүргөн акчабыздан берип коюп артынан чуркап калгам. Акыры алгам дечи, бирок убакыт, нерв кетти, ортодо ар кандай сөздөр айтылды. “Бербей эле кой десе болбойсун”, -деп күйөөм да нааразы болду. Эгер мен карызымды убагында бере албай калсам, ачыгын айтам. Досторум: “Карыз болгон адам телефонду албай качат, сен болсо дароо телефонду алып жооп бересиң”,-деп күлүп калышат. Көбүнчө жакындарыңдан алгандыктан абалыңды айтсаң алар түшүнүшөт.

 

Жакут Сыдыков: “Аласаларымды сурай албай жүрө берем”

– Акчам болсо эле карызга берип турам. Себеби бирөөнүн муктаждыгын чечсең, сенин муктаждыгыңды мен чечем деген Кудайдын убадасы бар. Көп эле адамдардан аласаларыбыз бар, муктаж болгондо сурасак кээ бирлери жаман көрүшүп: “Өлүп баратасыңарбы, беребиз да, көрүп атпайсыңарбы, тиги-бу...”, - деп урушуп коюшат. Анан: “Аа, ооба, көрүп атабыз”, - деп калып калабыз. Өзүм карызымды кайтара турган убакыт жакындаганда кыжалат болуп чыгам. Эгер мөөнөтүндө бере албасам, башка бирөөдөн карыз алып бергенге туура келет. Анткени анын ишенимине киргенден кийин убадага туруш керек.

 

 

Cыймык Бейшекеев: “Карызды кечип жиберген да кездер болот”

– Мен да кээде берем, муктаждык болуп калганда кайра достордон, туугандардан сурап турам. Мага жардам берген адамдарга жардам бергенден качпайм. Карыздын мөөнөтү да ар кандай болот эмеспи. Мисалы, бир жумуш жемишин бир жылдан кийин бере турган болсо, сөзсүз түрдө чоң суммадагы акча керек. Ошол аралыкка чейин карызга бере турган досторум бар. Өзүмдө карызды кечип: “Жөн эле кой, ушул менин жардамым, кошумчам болсун”, - деп албай койгон учурлар болот.

 

 

Турдакун Ниязалиев: “Азыр менин бир эле досумдан карызым бар”

– Карызды көбүнчө досторумдан анан колу ачык бизнесмен байкелеримден алып турам. Негизи мен карыз алганда, бир жумада бере ала турган болсом, 10 күндөн кийин берем деп убакытты ашыгы менен айтам. Азыр Кудайга шүгүр, көп эмес бир эле досумдан карызым бар. Ага түшүндүрүп кечирээк берем деп айткам. Ал эми менден карыз алгандардан алигече бербей жүргөндөр бар. Кечип салайын десең, алардын акчасы деле, аны төлөп коюуга мүмкүнчүлүгү деле бар, болгону бергиси келбей эле улам созуп жүрүшөт.

 

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА