Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Тыныч

Туулган жылы: 1990-жыл 1-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: такси айдап иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, чынчыл, ак көңүл, жөнөкөй, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0773 33 09 59

– Мен ата-энемдин кенже уулумун. Жашым да, үйлөнчү убактым да келди. Буга чейин апам тапкан бир-эки кыз мага жаккан жок. Андан улам өзүм каалагандай кызды өзүм аракет кылып издеп баштадым. Мага жогоруда саналган сапаттарга ээ, 1991-жылдан 1997-жылга чейинки Бишкек шаарынын жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кыздары керек. Турмушка чыгып ажырашкандар чалып тынчымды албагыла, мени кызыктырам деп убара болбогула.

 

 

Марат

Туулган жылы: 1986-жыл 13-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: алыс жолго айдоочу болуп иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай айымдар жагат? Токтоо, түшүнүктүү, туруктуу, ден соолуктуу, тың, тыкан

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 95 88 77

– Мен аялым менен эки жыл жашап, анан ажырашып кеткем. Балалуу болгон эмеспиз. Жашообуздун уланбай калышына анын эжелеринин турмушубузга кийлигише бергени себеп болду. Төрт жылдан бери боймун. Кайрадан жашоо баштоо үчүн 25 жаштан 30 жашка чейинки кыргызстандык кыз-келиндер менен таанышам. Бир баласы болсо багып алам. Чалыңыздар.

 

 

Нурлан

Туулган жылы: 1983-жыл 30-сентябрь

Кесиби: электрик

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Талас облусу Бакай-Ата району

Кандай айымдар жагат? Жөнөкөй, туруктуу, чынчыл, сылык, ыймандуу, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0702 41 41 29

Мен жакшы ниет менен оюмдагыдай кызга баш кошуп, жашоо баштагам. Баары жакшы эле болчу. Тилекке каршы, эки жыл аралыгында балалуу боло алган жокпуз. Текшерилүүлөрдө күнөө ал тарапта экени белгилүү болду. Менде баары жайында экен. Анан эч кандай уруш-талашы жок эле ал мени, мен аны туура түшүнүү менен эки жолго түшүп кеттик. Ортодо 2 жылым жалгыздыкта өттү. Эми мага 23 жаштан 30 жашка чейинки таластык турмушка бышкан, жашоого түшүнүп ой токтотуп калган келиндер чалыңыздар. Эгер наристеси болсо маселе жок багып алам. Анда эч кандай күнөө жок. Чыныгы жашоону каалаган келиндер тартынбастан байланышыңыздар. Баса, мен айылда ата-энем менен бирге турам. Бул жагы эсиңиздерде болсун.

 

 

Дастан

Туулган жылы: 1996-жыл 13-сентябрь

Кесиби: студент

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, динден түшүнүгү бар, чыдамкай, туруктуу, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 72 42 20

Мен турмуш кура элек жигитмин. Атам жок, апам жана бир карындашым бар. Мен бой жеттим, апамдын келин колунан ысык чай иччү убагы келди. Андыктан чыныгы мамиле, туруктуу жашоо үчүн 20-25 жаштардагы кыз-келиндер менен таанышам. Мен үчүн болочоктогу түгөйүмдүн баарынан мурун динден кабардар болуусу маанилүү. Андыктан динди түшүнгөн, намаз окуган, эч болбоду дегенде намаз окууга чындап ниети бар келиндер менен буга чейин турмуш көргөнүнө, баласы бар экенине карабай тааныша берем. Оюмдагыдай чыкса, убакыт өткөрбөй жашоо баштайбыз. Кайталайм, намаз тууралуу ойлонбогон, динден алыстар чалып убара болбогула.

 

 

Жеңиш

Туулган жылы: 1988-жыл 9-сентябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: евро ремонт жасап иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, турмушка терең караган, туруктуу, чынчыл, тың

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0550 89 26 26

Аялым оорудан улам каза болуп калган. Бир уулум бар. Ал ата-энемдин колунда. Жалгыз бой жашап келе жатканыма 6 жылдын жүзү болду. Мага өзүм курактуу биз тараптын кыз-келиндери керек. Буга чейинки никесинен тапкан балдарын кабыл алам. Анткени менин да балам бар жана турмуш курсам баламды өзүмдүн колума алуу ниетим бар. Баламды өгөйлөбөй жакшы карай ала турган мээримдүү, боорукер айымдар байланышыңыздар.

 

 

Улан

Туулган жылы: 1976-жыл 17-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Талас облусу Кара-Буура району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, жакшынакай, тыкан, туруктуу, тың, мамилечил

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0773 13 93 84; 0702 23 74 69

Мен жыйырма жашымда турмуш куруп, аялым менен бир ай жашагам. Чынын айтсам азыр эмне себеп болуп ажырашканыбыз деле эсимде жок. Айтор, жаштык кылыптырмын. Бир туугандарымдын баары турмуш куруп кетишкен, мен апам менен бирге турам. Мага 25 жаштан 35 жаштарга чейинки таластык, чүйлүк кыз-келиндер керек. Бир-эки кызы болсо багып алууга каршы эмесмин. Жаман адаттардан алыс айымдар чалыңыздар.