Инстаграм аркылуу бизнестин көзүн тапкан айымдар

Инстаграм баракчасы бизнестин эң сонун булагы десек болот. Учурда товар саткың же алгың келсе Инстаграм баракчасынан заматта табасың. Дал ушул баракча аркылуу бизнестин көзүн тапкан үй кожойкелери менен тааныштырабыз.

 

Назгүл, 30 жашта:  «Банктан иштеп тапкан акчаны үйдөн эле таап калдым»

– Мен тамак жасагандан, конок тоскондон такыр эринбейм. Банк кызматкери болуп жүрүп төрөп, декреттик эс алууга чыгып үйдө отуруп калдым. Кызымды бир аз чоңойтуп жумушка чыксамбы дегем, бирок бала багуучуга ишенбедим. Бала карап жатам деген менен үйдө отурган киши жалкоолукка көнүп алат экен. Ошол нерсе менен күрөшүп, бир иш менен алек болууну ойлоп жүргөм. Бир күнү мантымды жактырып жеп жүргөн кошуна кыздар конок тосмок болуп, мага буйрутма берип калышты. Аларга манты жасап берип жатып, ушул иш менен алек болсом болот экен деген идея келди. Ошентип, Инстаграмдан баракча ачып ишимди баштадым. Алгач абдан толкунданып, кардарларга жагабы деп сарсанаа болгом. Эми кардарларымдын саны күн сайын көбөйүп, кафелерге да алып кетишүүдө. Тамагымдан бир татып көргөн кардарларым кийин өзү эле келбестен, башка кардарларды да таап беришет. Көп учурда мантыны тоңдурулган түрдө сатам. Көптөр жумуштан кетип баратып алып кетип, барып асып бат эле кечки тамагын даяр кылып алышат. Үч ай мурун манты менен башталган ишиме башка да тамактардын түрлөрүн кошуп бизнесимди кеңейтип жатам. Азыр самсы, вареники, котлет, муравейниктерге да буйрутма алам. Студент иним жеткирип берүү жагынан жардам берет, калганынын баарын өзүм жалгыз балдарым уктаган соң түн ичинде кылам. Буйрутманы үч-

төрт күн мурун кабыл алам. Баалары 1 кг эт менен манты 400 сом, картошка жана эт менен 350 сом, жусай 

жана эт менен 350 сом, ашкабак жана эт менен 350 сом, самсы 350 сом, муравейник 400 сом, котлет 450 сом, вареники 200 сом. Жеткирип берүү акысы болгону 50 сом. Тапкан кирешем Кудайга шүгүр, банктан иштеген акчамды үйдөн деле таап жатам. Негизи күйөөм каражатты жакшы табат, үй-жайыбыз бар, акчадан кыйналуу жок. Андыктан жолдошум иштешиме кээде каршы болот. Бирок бул иш мага ырахаттуу болгондуктан иштей берем. Керектөөлөрүмө акчам кенен жетип, жолдошумдан майда-чүйдөгө деп акча сурабай калдым. Азыр каалаганымды, жактырганымды сатып ала алам. Акча тапкан сайын дем-күч келет экен, буйруса, бул ишти өнүктүрүү пландарым бар. Кафеден тамакты аябай карап жейм, ошондуктан кардарларымды да өзүмдөй көрүп, иренжитпегенге болгон аракетимди жумшап таза кылам. Атам айылда эт сатып иштейт, мага жаңы союлган малдын адал этинен берип жиберет. Эт жакшы болсо, тамак даамдуу болот. Этти туурагычка салбай баарын колго туурайм.

 

 

Гүлназ, 32 жашта: «Тортторум кардарларымды кайдыгер калтырбайт»

– Өзүм юристтик кесиптин ээсимин, сотто иштечүмүн. Конокторум өз колум менен жасаган тортторумду абдан жактырып жеп кетишчү жана жакындарым буйрутма берип да жасатышчу. Экинчи балам боюмда болуп үйдө отуруп калганда жөн отурбай, бир нерсе менен алек болоюн деп Инстаграмдан баракча ачып тортко буйрутма ала баштадым. Тортумду жактыргандар кайрадан буйрутма берип, туруктуу кардарларым пайда болуп калды. Мен тортту жалаң табигый азыктардан жасайм. Бир эле мисал, балды Ысык-Көлдө таза бал менен иштеген эжелеримден алам. Боёкторду такыр колдонбойм. Баасы башкалардыкынан арзан, тактап айтканда, 1 килограммы – 350 сом. Буйрутманы бир-эки күн мурун алам. Эрте менен алып, кечкиге даяр кыла албайм, себеби биринчиден, мен жаш бала менен жетишпейм. Экинчиден, тортту бир күн мурун жасап коюп эртеси күнү жесе, абдан даамдуу болот. Буйрутма майрам көп айларда көбөйөт. Мисалы, март айында абдан жакшы иштедим. Кирешем Кудайга шүгүр. Жолдошум мени колдоп, жумушунан бошогондо жеткирип берүү кызматын аткарат. Ал анткен сайын ишим мага ырахат тартуулайт.

 

 

Халида, 54 жашта: «Интернет аркылуу салат сатууну үч жыл мурун эле баштагам»

– Союз тарагандан бери үйдө отурам. Учурда чоң энемин. Конокту түрдүү тамак-аштарды жасап, жакшы тосом. Үч жыл мурун сиңдимдин сунушу менен салат жасап Жаңы жылда www.diesel.kg сайты аркылуу элге сата баштагам. Салат менен башталган бизнесибизге кийин боорсок коштук. Анткени той бергендердин боорсок кылууга убактылары болбой калат экен. Кийин балдарым учур талабына ылайык Инстаграмдан баракча ачышты. Иш өзгөчө Жаңы жылда абдан жакшы болот. Буйрутманы бир күн, кээде үч-төрт күн мурун алам. Азык-түлүктөрдү болсо жолдошум менен базарга барып жаңы алып келем. Ар бир салат кардардын табитине, талабына жараша жасалат. Салаттар 125 сомдон 450 сомго чейин, лаваш начинкасы менен 300-350 сом, ысык тамактын үстүн жаап коё турган боз үй 150 сом, боорсок 140 сом. Бирде иш жакшы болсо, бирде таптакыр буйрутма жок болуп калат. Жаңы салаттарды журналдарды карап үйрөнүп, өзүм да фантазияма жараша жаңы түрүн ойлоп таап жасай берем. Конокко карыган кишилер келеби же жаштар келеби анысына да көңүл бурам. Инстаграмдагы баракчамды балдарым иштетет.

 

Динара ЧОКОЕВА