Назым МЕНДЕБАИРОВдун кызы Алия: «Тасмадан, театрдан атамды эмес, каарманды көрөм»

Таланттуу актёр Назым Мендебаиров буга чейин «Дем» тобун жетектеп келген. Жакында Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчилигине дайындалып, маданият күйөрмандары үчүн чоң кубанычка себеп болду. Биз болсо жаңы жетекчинин үйдө кандай адам, кандай ата экенине кызыгып кызын кепке тарттык.

 

– Алия, сени Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчилигине болгон сынакта атаңды колдогондорго ыраазычылык билдирип соцбаракчаңа жазганыңда тааныдым. Назым мырзанын ийгилиги үчүн биз да кубанычтабыз.

– Рахмат, бул нерсе кубанычтуу жана күтүлбөстүк болду. Атамдын 23 жылдык эмгегинин акыбети кайтып, өзү иштеп келген театрга жетекчи болгонуна абдан кубандык. Атамды жакындан тааныгандардын баары: «Убактың келген, жакшы нерсе болду», - деп атышат. Чындыгында, атам бул жумушка акыйкаттык менен келди. «Жакшы сөз жан эргитет» деп мен социалдык тармактар аркылуу атамдын эмгегин баалап, чындыкты көрүп, колдогон адамдарга ыраазычылык билдирдим.

– Атаң учурда кандай сезимде жүрөт?

– Атам бир мүнөз адам болгондуктан, эмоциясын байкоо кыйынга турат. Көп нерсени ичине катат. Өзү театрдан сырткары Искусство университетинде сабак берет. Учурда анда эки жакка жетишүү деген оорчулук бар. Байкаганым, атам жоопкерчиликтүү болууга аракет кылып жаткандай.

– Атаңды күндө галстукчан көрүп калдыңбы?

– Ооба, мурда керектүү жерден галстук тагынбастан, көп учурда эркин кийинип жүрчү. Бүгүнкү күндө галстукчан болуп калды, бирок атам өзү баягыдай эле жөнөкөй бойдон. Негизи эле биздин үй-бүлө жөнөкөйлүктү жактырабыз. Мени социалдык тармактардан атам тууралуу жазганым үчүн гана тааныдыңыздар да, болбосо мен Назым Мендебаировдун кызы экенимди жашырып коём. Анткени адамга ар ким ар кандай баа бериши мүмкүн: бирөөсүнө жаксам, башкасына жакпай калам дегендей. Менин айымдан ата-энеме жаман сөз тийип калышын каалабайм. Эл алдына чыгып өзүбүз тууралуу айткандан да карманып турабыз.

– Канча бир туугансың?

– Мен атамдын улуу жана жалгыз кызымын. Жашым 23тө. Учурда Кыргыз -Түрк «Манас» университетинин журналистика бөлүмүн аяктап жатам. Эки иним бар, экөө тең атамдын жолун жолдоп чыгармачылыкка жакын. Аскат Искусство университетинде теле режиссёру бөлүмүндө окуйт. Кенжебиз Адил Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда окуйт. Ата-энеме ыраазымын, аз айлыктуу жумушта иштегенине карабай бизди эч нерседен кем кылбай татыктуу тарбия берип, алдыңкы мектеп, университеттерге тапшыртып жакшы билим алуубузга шарт түзүп келишет. Ата-энем: «Силер кичине кезде кыйналчубуз», - деп айтып калышат. Биз эс тарткандан бери үйдө каражат жагынан маселе болгон жок. Ар бир мезгилдин артыкчылыгын сезип, үй-бүлөбүз менен эс алып турабыз.

– Атаңа келбетиң окшош экен, өзүң да жакынсыңбы?

– Ооба, келбетимди эле эмес, мүнөзүмдү да атама окшоштурушат. Атам экөөбүз тең бир мүнөз, оор басырыктуу, акырын сүйлөп, акырын жүргөн, оңой менен бирөөгө ачылып сүйлөй бербеген адамдарбыз. Атама өзгөчө жакынмын. Экөөбүз чыгармачыл адамдар катары бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Атам келечегиме туура кеңештерин аябайт. Биз бардык темада ачык сүйлөшүп сырдашабыз.

– Туура эмес иш кылсаңар жазанын кандай түрүн колдонот?

– Ата-энем эч качан бизди кол көтөрүп урган эмес. Атам башынан эле отургузуп алып, жай түшүндүрүү жолу менен, турмушта болгон мисалдарды айтып тарбиялаганга аракет кылат. Бакырып, кыйкырып урушкан учурун эстей албайм.

– Атаңдын кесиби жагабы?

– Жаккан жери да бар, жакпаган жери да бар. Жакшысы атам - маданият кызматкери. Маданият адамды өнүктүрөт, кино, театр чөйрөсү абдан кызыктуу жумуш экенин билем. Атам - тасма, театрда мыкты роль жараткан, абдан билимдүү адам. Ал эми жакпаганы жумушу абдан оор. Кээде өзүнүн ден соолугуна карабай иштегенге туура келет. Анан да дайыма ойлонуп, толгонуп бир нерсени жаратканга, ролду ийинине жеткире аткаруунун камын жеп жүрөт.

– Тартылган тасмаларын калтырбай көрсөң керек?

– Мурда кино жарыкка чыгары менен көрсөк, акыркы жылдары убакыттын жоктугубу же учурунда кызыкпай калабызбы, айтор, өткөрүп жиберебиз. Бирок сөзсүз көрүп, атама сын пикир айтып турам. Атам тартылган бардык кинолорду көргөм десем болот. Ар биринде өзгөчөлүк бар, баары жагат. Кызыгы, мен тасмадан же театрдан атамды көргөндө атам эмес, каарманды көрөм.

– Ашканага баш багабы?

– Биз кичине кезде тамак жасап калчу. Ал ишти жай, бирок кылдаттык менен, майын чыгара жасайт. Ашканага да ошондой мамиле кылчу. Азыр болсо убактысы жок. Эркекке таандык эт бышыруу, шишкебек жасоону болсо катырат. Биз жер үйдө жашайбыз. Атам чарба иштерин абдан жакшы көрөт, бирок ага убактысы жок. Андыктан ал иштерди апам менен инилерим кылат.

– Апаң кайсы кесиптин ээси?

– Апам психолог, учурда атам менен бирге Искусство университетинде окутуучу болуп иштейт. Атамдын биринчи колдоочусу апам десем болот. Психолог болгондуктан туура багыт бергенди билет. Бизге: «Атаңардын жумушу оор, ал келгенче бул жумушту бүтүрүп коёлу», - деп турат. Атамды дайыма жакшы маанайда тосуп алабыз. Ал эс алган күндөрү биз да эс алабыз. Апамдын жашы атамдан улуураак, бирок үйдө атамдын сөзү мыйзам. Күндө эрте менен жумушка кетип жатканда: «Бүгүн эмне тамак жегиңиз келет?» - деп сурап, айткан тамагын жасайбыз. Керек болсо атама жакпаган тамактардан үй-бүлөбүз менен баш тартабыз. Бул биздин атама болгон сыйыбыз.

 

Динара ЧОКОЕВА