Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВдун жубайы ЫРЫС: «Борончуну гастролдон коноктой тосуп алабыз»

Куудул Борончу Кудайбергеновдун аялы тууралуу жакшы пикирлерди угуп келем. «Эркекти хан кылган да, кара жер кылган да аял» демекчи, куудулдун үй-бүлөдөн да, сахнадан да бакыт тапканына ал айымдын салымы зор экен. Ырыс айым менен сүйлөшкөн соң ал тууралуу жакшы кептер бекер айтылбаганына ынандым.

– Ырыс айым, өмүрлөшүңүз менен табышкан күн эсиңизде болсо керек?

– Албетте, эсимде, 25 жыл мурун мен комузчулар ансамблинде комуз ойночумун. Борончу да комуз чертүүгө кызыгып ошол жерге келип калып таанышканбыз. Арык, кичинекей бала болгондуктан ага көңүл деле бурган эмесмин. Дегеле Борончуга турмушка чыгып калам деп ойлогон эмес элем. Артымдан чуркап, кыштын суугунда күн сайын гүл, торт көтөрүп келе берчү. Жиним келип белектерин эшикке чыгарып салчумун. Чогуу жашаган курбуларым болсо тортун алып кирип жеп алышчу.

– Анан сизге кандайча жетти?

– Мени ала качып алган. Бир күнү уктап жатсам: «Досум үйлөндү, ошого барып келели», - деп келип калыптыр. «Сенин сүйлөшкөн кызың болбосом, эмне бармак элем», - деп кайра кирип жатып алдым. Ал достору менен кирип келип: «Конокко барып эле кайра жеткирип коёбуз», - деп мени үйдөгү кийимим менен бутум жылаңайлак бойдон көтөрүп кетти. Курбум кошо жөнөгөн, көрсө, аны менен башынан эле сүйлөшүп коюшкан экен. Досунун үйүнө барганда: «Кетем», - десем, курбум: «жапайыдай болбой отуруп тур», - деп тыйып койду. Достору аялдары менен шаңдуу-шайыр отурушту. Аркы жакта азык-түлүк жыйылып, үйлөнүү тойдо автоунааны жасалгалаган куурчак да туруптур, аларды көрүп таң калып койгом. Ал түнү кетирбей коюшту. Эртеси волга автоунаасына баягы азык-түлүктөрдү ташып башташты. Мен болсо эптеп кетүүнүн жолун ойлонуп отурам, өзүм кете берейин десем үйдөгү кийимим мененмин, бутум жылаңайлак, курбу кызым да мени укпай калды. Эшикке чыксам кошунасы менин тааныш эжем болот экен. Ал мени инисине алып берем деп жүрчү да: «Ий, иниме алып берейин деп жүрсөм Жумгалга кетип аткан турбайсыңбы?», - деп айтып салды. Айланамдагылар күбүр-шыбыр болуп эле калышты. Ошондо шектенип жылаңайлак экениме карабай көчөнү көздөй качтым. Борончу кууп келип кармады эле, аны бир чаптым. Анан балдары келип кармап үйгө камап коюшту. Бир аз убакыттан кийин автоунаага салып Бишкектен Нарынга алып жөнөштү.

– Ошол жерден эле тагдырга баш ийдиңизби же дагы каршылык көрсөттүңүзбү?

– Токмокко чейин аябай согушуп барып, андан кийин баарыбыз чарчап калдык. Мен машинедеги помидорлорду алып ура берип баарыбыз помидор болгонбуз (күлүп). Кочкорго жеткенде Борончулар дүкөнгө кирип кетишкенде унаадан түшүп дагы качтым. Бирок кайра эле кармалып, акыры Жумгалга жеттик. Борончу ата-энесине «сүйлөшкөн кызым» деп алдап коюптур. Көрсө, мени бирөө алат экен деп угуп эле, бир жуманын ичинде үйлөнөм деп чыгыптыр. Айылга баргандан кийин да отурбай абдан чыр салдым. Бирок бир байбиче аркы-беркини айтып атып жоолук салып койду. Ошондо кетирбесине көзүм жетип отуруп калдым. Бирок анда деле: «Азыр отуруп жоолук салынганым менен шаарга барганда кетем», - деп жаттым.

– Кийин көңүлүңүздү кантип тапты?

– Борончу жумшак, көңүлгө карап мамиле кылган адам экен. Мүнөзү оор болсо, жашабай кетип калмак белем дейм. Ансыз деле эки жыл Борончуга тийгениме ишенбей, баары түш сыяктуу болуп «акыры кетем» деп жашадым. Бирок күйөөң жаман сөз айтпай сыйлап турса көңүлүң жибийт экен. Мен кеч, тогуз жылдан кийин төрөдүм. Ошондо да мага бала жөнүндө катуу айтып көңүлүмдү калтырган жок. Азыркыга чейин ал сапаттарынан жазган жок, үйгө абдан карамдуу. Экөөбүз ушуга чейин кыйкырышып урушкан жокпуз. Андан кетсе мен көтөрүп, менден кетсе ал көтөрүп, көңүлүбүз калбасын деген мамиледе жашап келебиз.

– Чыгармачыл адам менен жашоо түйшүгү кандай болду?

– Ошол кезде ыраматылык Чубак Сатаевдин күркүрөп турган кези эле. Борончу аны менен чогуу иштеп, Чубак Сатаев бизге өкүл ата болгон. Иштери жакшы болуп, акчаны кенен алып жүрчү. Гастролго 2-3 айлап кетчү, мен аны мыйзам ченемдүү катары кабыл алып: «Гастролго кетти», - деп коюп кала берчүмүн. Чыгармачылыгына жакшы эле колдоо көрсөттүм. Менде кызганыч деген оору жок. Биз баш кошкондо кайненем: «Менин балам - элдин кишиси», - деген, андыктан эл адамы деп эркин коём. Борончуга кыздар СМС билдирүү жазышат, алардан деле кызганып башымды ооруткум келбейт. Кетчү адам кызгансаң, кызганбасаң деле кетет, жашагысы келген адам кандай болсо да жашайт. Эсимде, жаш кезибизде бир кыз: «Борончу байкени сүйүп калдым», - деп келген. Мен аны бир чети аясам, бир чети сезимдерин башкара албаганына таң калгам. Ага: «Азыр жашсың, жаш кезде баары болот, сезим келет, кетет», - деп түшүндүрүп узаткам. Борончу: «Ал кыз азыр теледе иштейт. «Ошондо сизди сүйөм деп барган жинди экем» деп айтып калат», - дейт.

– Үйдө кандай кожоюн?

– Борончу чыгармачылыгын абдан сүйөт жана ошо менен гана алек болгонду жактырат. Үй оокаттын баары башынан эле менин мойнумда. Ал үйдө конок сыяктуу, Борончу гастролдон келгенде: «Конок келди», - деп тосуп алабыз. Үйгө конок келсе да төргө олтуруп алат (күлүп). Чыгармачыл адамдарга баладай бөпөлөп мамиле кылыш керек эмеспи, мен Борончунун иштешине шарт түзүп берип турам. Балдарымды кичинесинен: «Атаңар иштеп жатат, жолтоо болбогула», - деп өстүргөм. Алар атасынын бөлмөсүнө кирип барып: «Атам иштебей эле уктап жаткан турбайбы?» - деп калышат.

– Үйдө да куудулбу?

– Борончу сахнада башка, үйдө такыр башка адам. Сахнадан аябай ачылып, жадырап чыга келет. Үйдө олуттуу жүрөт. Карындаштары тартынып: «Байкем тамак ичип бүткөндөн кийин биз ичели», - деп турушат. Борончу бирдемени байкап калса дароо тарс эттире бетке айтып салат да, ошонусунан чочулашат.

– Аялдар тууралуу сатиралары көп го, сиз каарман болгону барбы?

– Борончуга: «Сенин чыгармачылыгыңа «жертва» болуп бүттүм», - деп калам. Элдин баары мени ажаан аял деп ойлошот, концерт, тойлордо аялдар тууралуу сатираларын аткарганда элдин баары бурулуп мени карай беришет. Аялы тыпыйып отурганы менен бир топ экен дешет болушу керек. Аялдар тойго кетип жатып колготкисин айрып алышып… деген сатирасы бар го, «Качан ошентчү элем?» - десем, «эми аялдар ошентесиңер да»,- деп коёт.

– Учурунда комуз чертип жүрсөңүз кийин эмнеге чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз?

– Кичинемде Самара Токтакуновадай комузчу болууну абдан самачумун. Биз баш кошкондон кийин Борончу: «Бир үйдөн бирөөбүз эле чыгармачыл адам бололу», - деди. Мен макул болуп, комузду унутуп, бухгалтердик кесибим менен иштедим. Учурда менеджер болуп иштейм. Борончу: «Иштебей эле курортторго барып эс албайсыңбы? Таштачы жумушуңду», - дейт. Мен үйдө жатканда эмне деп иштей берем. Иштеп жүргөн киши үйдө отура албай калат экен, алаксыганга жумуш жакшы. Улуу балабыз Улан Юридикалык академияда 3-курста, экинчибиз Куйручук Политехникалык институтта энергетика тармагында 2-курста окуйт. Буйруса, келин жумшачу күндөргө аз калды.

 

Динара ЧОКОЕВА