Өксүк

(Башталышы)

Бир тууган ага-ини чай үстүндө сүйлөшүп олтурушту. Улуусу элүүгө барып калган, кичүүсү кырктан өткөн куракта. Агасы айылда мектептин деректири. Алмалуу айылынын кадыр-барктуу адамы. Бир айыбы - үч жыл мурун аялы менен ажырашып жалгыз калган. Жалгыз деле эмес, уул-келини менен чогуу турат. Кыздары энеси менен кетишкен. А береги иниси башынан эле шаарда. Жаш күнүнөн гезитте иштейт, журналист.

Агасы Касым догдурга көрүнөм деп келиптир калаага. Догдуруна барып келди. Анча деле жан кыйнаган оорусу жок окшойт. Кан басымын тууралай турган дары жазып бериптир. Догдурга көрүнөм дегени шылтоо болсо керек. Кыязы, башка ишти көздөп келгендей.

– Өмүрбек, бу сен мени эстейсиңби деги?

– Эстебегенде...

– Айылда агам жалгыз калды эле, эмне болуп жатты экен деген оюң барбы?-деп тамаша-чыны аралаш инисин сынай карады Касым.

– Ой, Касым аба, оюмдун баары эле силер жакта.

– Андай болсо сага айтар сөзүм бар.

Өмүрбек агасынын олуттуу сөз баштагысы келип турганын түшүндү.

– Эмесе, кептин ачыгы мындай. Минтип жалгыз жүрө бергеним болбойт экен. Өзүмө-өзүм аракет кылбасам мени ойлогон эч кимиң жок.

– Ооба, ооба. Аракет кылыш керек, - деп иниси агасынын сөзүн колдоп жиберди. Анткени Өмүрбек да көптөн бери агасын үйлөнүп алса деп ойлоп, бирок батынып айта албай жүргөн.

– Сен шаарда турасың. Бу шаарыңарда жалгыз бой келин-кесек көп болот эмеспи. Сага берер тапшырмам – мага ылайыктуусун караштыр.

– Ооба, караштыралы, аба. Чыгып калар, - деди иниси.

– Ылайыктуу дегеним мындай: мугалим болсун, тарыхтан окута турган. Жери өзүбүз тараптан, Ак-Суунун ичинен болсун.

Өмүрбек агасына тамашалап жатабы деп жылмая карады. Бирок анын сөзү тамаша эмес, олуттуу эле кеп болчу.

– Угуп тур. Анан да төрөбөгөн, балдары жок аял болсун. Өтө жашынын да кереги жок, бирок картаңы да болбойт.

– Койсоңчу аба, андайды кайдан табам? Сиздин оюңуздай эле боло бермек беле?

– Ой, шаарда аял деген иттин кара капталынан да. Издесең эле табасың.

Өмүрбек агасынын сөздөрүнө таң калып, өзүнчө жылмайып күбүрөндү:

– Мугалим, тарыхчы, Ак-Суудан, төрөбөгөн, жаш да эмес, кары да эмес... А баса, эмне үчүн тарыхчы болушу керек?

– Мектепте тарыхчы мугалимдин орду бош азыр. Алып барып эле жумушка орноштурам.

Экөө тең күлүп калышты. Ошону менен сөз бүттү.

***

Тагдырдын тамашасын кара. Өмүрбектин агасына алигидей аял табылды. Издештирсе эл болгондон кийин чыгат экен. Бир гана “айыбы” бир кыз төрөп- түр. Анысы бой жетип казактын Мерке деген жерине турмушка чыгыптыр. Ал кыздын буларга оорчулугу деле тийбейт, өзү менен өзү экен.

Табылганын табылды, бирок аны көндүрүү кыйынга турду. Адегенде ал: “Кереги жок”, - деп чочуп кетти. Жашы Өмүрбекке куракташ эле. Анын ортого түшкөн жакындары да турмуштун жөн-жайын айтып көндүрүүгө далалат кылышты. Эртең эле карылык келерин, ошондо жалгыз калган жаман экенин, бир туугандар өзү менен өзү болорун, мындан ары эрмектешип чай ичишер адам керек экенин, ушу куракта күйөө деле оңой табыла койбостугун, эгер ынабай койсо кийин өкүнүп каларын кайра-кайра айтышты. Көп өтпөй болочок күйөөсү Касым менен тааныштырышты.

– Ойлоноюн, көрөйүн, - деди аял ыргылжың. Касымды жактырганын же жактырбаганын сөзүнөн да, көзүнөн да билдирбеди. Ал оңой менен сырын сыртка чыгара койбогон бекем неме.

– Ойлон, - дешти ортого түшкөндөр. Акыры аял көнгөндөй болду. Кайра айнып кала элегинде дароо алып кетели дешип, туугандары чогулуп айылга алып жөнөштү.

Аялдын аты Сыйнат эле. Айылга жеткиче машинедегилер менен сүйлөшпөй, терезеден сыртка телмирип карап, үн катпай барды. Мейли, анан кантмек эле? Өткөн-кеткен тагдырын ойлоп бараткандыр. Күйөөдөн көңүлү калган жаны эми кандай турмуш болор экен деп сарсанаа болбой коёбу?! Биринчи күйөөсү энесинин төркүн жагынан эле. Таякелери аркылуу куда түшүп алышкан. Өздөрү деле сүйлөшүп, бирин-бири жактырышкандай болгон. Көрсө, күйөөсү мурда бир аял кетирген, ичкиликке жакын неме экен. Анысын Сыйнат башта билген эмес. Акырындап ичкени күчөп, кол көтөргөнгө да өттү. Ичсе эле тишин кычыратып, урушарга жоо издеп, барскандай муштумун аялынын мурдуна такап, зөөкүрлөнүп чыга келчү болду. Күндөн-күнгө уруш-талаш көбөйүп, ортодогу мамиле суугандан-сууду. Аракеч эрдин таягын жеп, ыплас сөздөрүн угуп беш жыл чыдап жашады да, акыры кызын жетелеп ажырашып баса берди. Андан кийин күйөө дегенди уккусу да келген жок. Эркекке жүрөгү муздап калыптыр. Он беш жыл бою жатак мектепте жашап, мугалим болуп иштеди. Кызы бой жетип күйөөгө кетти, өзү төрт дубалдын ичинде жалгыз калды. Жаш эмес же кары эмес курагында жалгыз калган оңой бекен?! “Эми соксоюп жалгыз жүрбөй күйөөгө чыгып ал”, - деп кеңеш айткандар көп болду. Анан минтип жуучу түшүп, күйөө келди. Аркы-беркини ойлоп көпкө түйшөлдү Сыйнат. Эми не болсо да тагдырыман көрөйүн деп тобокелге салып кетип барат.

Сыйнат - өзү оңой менен чечиле койбогон, ичимтап, бирөөлөргө да оңой ишене бербеген аял. Көздөрү чаң баскан муздак айнектей бозоруп, жүзүнөн жылуулуктун изи көрүнбөйт. Баарынан чарчап, тажап, көңүлү калып бүткөнсүп көз карашы кайдыгер тартып турат. Жоодурап караганын, жарк этип жылуу күлгөнүн эч ким деле көрбөсө керек. Баягы аракеч эринен көргөн кордугу көңүлүнө зак болуп, жүрөктөгү таарынычы таркабай калган. Күлкүсүн, жүзүндөгү жылуулугун ошол зөөкүр неме биротоло күбүп салгандай. Бирок тиги кишиге кандай ишеним менен аял болгону баратат белгисиз. “Бара көрөйүн, болбосо басып кетем” деген ою барбы аны да эч ким билбейт. Кыскасы, Сыйнатка тагдырдын жаңы барагы ачылды. Чоочун айыл, чоочун эл. Ал тургай тийген эри да чындап келсе азырынча чоочун.

Касым да чечилип көп сүйлөбөгөн, аял кишинин алдында сылыктанып кооз сөздөрдү айта бербеген, кээде ороюраак мүнөзү бар, бир сырдуу кырс киши. “Аял менен эсептешип, кеңешип кереги жок, эркелетип койсоң бат эле мойнуңа минип, башкарып алгысы келет, ал ашканасында өз оокатын кылсын” деген ойдо жашаган адам. Ошондой болсо деле аны көп аялдар тымызын сыйлап, ыйбаа кылып турушат.

Ошентип, Сыйнаттын жаңы турмушу башталды. Мектепке дароо мугалим болуп кирди. Даяр үй-жайга, белен оокатка ээ болуп, айылдагы кадыр-барктуу адамдын аялы болду да калды. Күйөөсү Касымдын да көңүлү тынгансып, бир кемтиги толгондой компоё түштү. Эркекке бир тыңыраак аял кирин жууп, ысык чайын белендеп турса болду да. Анан түнкүсүн жылуу-жумшак төшөк болсо, башканын кереги не?!

А аял кишинин жөнү башкараак... Анын тээ тереңде жаткан көңүл көксөөсү деген болот. Аялдын жүрөк түпкүрүндөгү эңсегени аткарылбаса аны чылк алтынга бөлөп койсоң да бөксөргөнү-бөксөргөн. Бирок эми көкүрөктүн эңсөөсү менен турмуштун катаал чындыгы дайыма эле бап келе бербейт тура. А чын-чынына келгенде асмандан түшө калган даяр бакыт кайда экен?! Аял бакытты өзүнө-өзү жасашы керек тура.

Ооба, Сыйнаттын жашоосу түп-тамырынан өзгөрдү. Мурдагы коёндой окшош күндөр, эч бир кызыгы жок таңдар менен кечтер, күндө көрүшүп жүргөн он чакты мугалим, бир бөлмө жатаканасынын мелтейген үнсүз дубалдары эми өткөн чак болуп калды окшойт.

А бул Алмалуу деген айыл жер-жемиши төгүлүп, ар бир үйдүн короосунда гүлдөрү жайнаган бейиштей болгон жер экен. Эли да шаардыктардай зымырайбай, бири-бирине жапакеч, жарык жүздүү адамдар экен. Касымдын туугандары, ал тургай келин-уулу деле Сыйнатты жакшы кабыл алышты. Анан кантишсин? Баарынын эле ою – ушул кожойкеси кетип калган үйдү томсортпой, бир тыңыраак ургаачы келип коломтонун отун жагып, Касымга убагында чайын сунуп турса дешкен да.

Көп өтпөй Касымдын уул-келини да иштейбиз деп райондун борборуна көчүп кетишти. Өгөй эне менен сый бололу дешти окшойт. Анын үстүнө атасын карай турган адам келбедиби.

Далай жылдар эрсиз жашап, өзү менен өзү болуп көнүп калган Сыйнатка күйөөнү күтүү өзүнчө эле түйшүк болду. Анын үстүнө айылдын тирилиги түгөнбөйт эмеспи.

Ооба, тирилик өз жөнү менен. Ансыз жашоо болмок беле?! Сыйнат бир нерсени ойлобоптур. Касымдын ажырашкан аялы кайда экенине кызыкпаптыр. Көрсө, ал ошол эле айылда, болгондо да алардын көчөсүндө жашайт тура. Ортолорун үч гана үй бөлүп турат экен. Экөө бир кудуктан суу алып, бир дүкөнгө барышка туура келет экен эми. Аны кайдан билет эле? Касым деле айткан эмес. Өгүнү кошуна келин баш багып: “Экөөбүз жакын эле абысын болобуз жеңе, тээтиги маңдайдагы көк дарбаза биздин үй”, - деген. Анан да акырын шыбырай калып: “Бул жакта акемдин мурунку аялы кошуна жашайт, абайлаңыз”, - деп эскертип кеткен. Ошондон бери Сыйнаттын оюнда Касымдын мурунку аялы: “Касым, сенин мурунку аялың ушул көчөдө жашайт турбайбы?” – деди кечинде күйөөсүнө. Касым кайдан билип алдың дегендей түр менен Сыйнатка карады да: “Жашаса эмне экен? Жашай берсин!” – деп корс этип койду. Ошону менен сөз уланган жок. Сыйнат ичинен көпкө күдүктөндү. Жашай берсин дегени анын да жашаганга акысы бар деп жан тартканыбы же анын эмнесинен коркосуң дегениби? Түшүнбөй калды. Бирок ойлоп көрсө ага эмнеге кыжалат болот? Чын эле жашаса эмне экен? Анын эрин коюнунан сууруп албаса... Өздөрү эчак ажырашыптыр. Сыйнат өзүн ушинтип сооротуп койду. Күндөр өтө берди. Акырындап Касымдын мүнөзүн да түшүнө баштады. Өз ишине так, майда сөздү жактырбаган, үй чарбасындагы иштерин унчукпай жасай берген, мектептеги маселелерди аялына айта бербеген калың мүнөзүн байкады. Андай эркектер аялынын да майдачыл болушун каалабайт эмеспи. Сыйнаттын мугалимдер, кошуна-колоңдор менен көпкө сүйлөшүп калганын көрсө жактырбай калат. Кызык, ушул үйгө келгени: “Көңүлүң кандай? Капачылыгың жокпу? Эмне кем-карчың бар?” – деп бир да жолу сурап койгону жок. Антип сурабагандан кийин Сыйнат деле батынып эч нерсе айтпады. Жүз жылдан бери чогуу жашап жаткансып Сыйнатка баш кошкон күндөн тарта эле тоңдоосун мамиледе. Аял түгөйүнүн жылуу сөзүнө дайыма муктаж экенин Касым ойлобосо деле керек. Болгон мүнөзү ошол тура. Айылдагы эркектер аялды үй оокатын кылып жүргөн бир жандык катары көрүшөт окшобойбу?! Ушинтип ойлоп бир аз таарынгансып, ичинен капаланып, чийки май жегенсип жүрдү Сыйнат. Бул үйгө үй кызматчысы болуп иштөө үчүн гана келгендей сезди өзүн.

– Ырыскан менен эмнеге ажыраштың эле? – деп сурагысы келип, эчен жолу оозун таптап барып, батына албады. Корс этип оройлонуп койсо шагым сынып калабы деп өзүн-өзү аяды. А чынында сураганга акысы бар эле да.

(Уландысы кийинки санда)

 

Элмира Ажыканова.