Бир тууганым – сыймыгым

Бир тууганды бекер жерден “бир боорум” дебесе керек кыргыз. Бир ата, бир энеден жаралган бир боорлор бири-бири тууралуу дайыма жакшы ой, жылуу пикирде болушат. Көптөгөн кыздардын бийиктеги жылдызы болуп жанган ырчы жигиттердин уялаштары таланттуу бир туугандары тууралуу кыска, нуска маек куруп беришти. Эл суктанган жигиттердин үй-бүлөдө жакшы уул экендиги башкаларга да үлгү болот деген ойдобуз.

 

Нурлан Насиптин карындашы Чолпон:  “Байкем тууралуу маалыматтарды калтырбай карап турам”

– Чолпон, байкеңе окшош кызсың, мүнөздөрүңөрдө да окшоштуктар барбы?

– Ооба, келбетибиз абдан окшош. Айрыкча көздөрүбүз, каштарыбыз, бетибиздеги уячаларыбыздан бери окшош. Андан улам айрымдар мени көрүп эле:“Нурлан Насиптин карындашы эмессиңби?” - деп сурашат. Мен анын карындашы экенимди сыймыктануу менен айтам. Таланттуу, көпчүлүк сыйлаган агасы бар болсо бардык эле кыздар сыймыктанышса керек. Ал эми мүнөзүбүздөн жөнөкөйлүгүбүз, ырга жакындыгыбыз окшош деп ойлойм.

– Ортоңор канча жаш, сага ага катары кандай кам көрөт?

– Ортобуз 8 жаш. Нурлан байкемден улуу үч бир тууганым өз турмуштары менен кеткендиктен, мен кичинемден эле ушул байкемдин кароосунда болуп калдым. Кичинемде М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте окучумун. Ал кезде байкем колледжде окучу эле. Күн сайын мени окууга жеткирип коюп, анан сабагына кетчү. Кичинекеймин да, уйкудан тургум келбей ыйлактап, аны бир топ убара кылчумун. Байкем болсо аныма карабай окуусунан калбасын деп алдап-соолап, айтор, мени сабакка жеткирчү. Кийин колледжди окутту, кийим-кечемди бүт алып берип, каражат жагынан кем кылбай карады. Андан тышкары баскан-турганымды деле көзөмөл кылып турат. Чоңураак иштерде сөзсүз байкемдин кеп-кеңешин угам.

– Агалык кылып урушкан күндөрү болобу?

– Жок, кичүү деп аяйбы же болгон мүнөзүбү, айтор, мени катуу айтып урушпайт. Бирок ката кетирсем сөзсүз кайталабашымды жакшылап түшүндүрүп эскертет. Мага ошол жетиштүү. Баса, бир ирет шаардан айылга барып, чачынын арт жагынан туура эмес тегизделип калган жерин кыркып берип коюумду суранды. Ал кезде ырчы боло элек болчу. Мен чачын тартып туруп кестим эле, ал жери мурдагыдан да жаман болуп калды. Урушат го деп коркуп кошунаныкына кеткен апама тызылдап качып барып отуруп калдым. Үйгө барганда урушат го десем анда деле урушкан эмес.

– Ата-энеңе кандай уул?

– Биз шаарда атам, апам болуп бирге турабыз. Байкем - ата-энеме эң жакшы уул. Эч нерседен кем кылбай кароого абдан аракет кылат. Бир туугандарына да абдан күйүмдүү, жардам кылайын деп эле турат. Мага акыркы жолу “Айфон” белек кылган. Колунан келип турса эч аянбайт.

– Байкеңдин табитин билесиңби?

– Суюк тамактарды анча жактырбайт. Ал эми манты, оромо, самсы - анын сүйүктүү тамактары. Иреттүүлүктү сүйөт. Анын жөнөкөй да, сахна үчүн да кийимдерин иретке келтирип, тазалоо - менин милдетим. Бут кийимдеринен бери тазалап, жыйнап коём.

– Ырга жакын экениңди айтып калдың, ырдап чыгуу оюңда барбы?

– Кичинекей кезимде ырга абдан жакын болуп, ырчы болууну кыялданчумун. Айылда кезибизде Нурлан байкем ямаха чертип берип, мен ырдап оюн коё берчүбүз. Мектепте концерт, айылда тойлор болгондо дайыма ырдачубуз. Ошол кызыгуу менен мектепте музыка тармагында окуганым менен кийин ырчы болмок турсун ырдоого деле кызыкпай кеттим. Неге андай болду деле билбейм. Учурда сулуулук салонунда визажист болуп эмгектенем. Алдыда жогорку окуу жайга тапшыруу пландарым бар.

– Байкең тууралуу гезит-журналдарга чыккан маалыматтарга кызыгасыңбы же ал тууралуу жакындан билгенге кызыкпайсың делеби?

– Албетте, кызыгам. Баары менен убагынан калтырбай таанышып турганга аракет кылам. Теле, радиолорго эфирге кеткенде чыдамсыздык менен күтөм. Эгер ошол маалда угуп, көрө албай калсам интернетти казып издеп, таап таанышмайынча тынч албайм. Айтор, байкем тууралуу сөзсүз маалымат алып турам.

 

Гүлжигит Калыковдун эжеси Гүлкайыр: “Инимдин ата-энебизди оозунан түшүрбөгөнүнө кубанам”

– Гүлкайыр, таланттуу иниңиз Гүлжигит Калыков менен сыймыктанбай койбосоңуз керек?

– Биз эки кыз, үч уулбуз. Мен беш бир туугандын ортончусумун. Гүлжигит экөөбүз удаабыз. Иним мектепте 4-5-класстарында эле ырдап баштаган. Пианино чертүүгө кызыгып, музыка сабагын абдан жакшы көрчү. Сынактарга катышып, байгесиз кайтчу эмес. Мектептен районго, андан облуска, республикага чыгып отуруп студент кезинде Екатеринбургга чейин барып келген. Бирок ата-энем деле, бир туугандары деле анча маани бербей, кызыгуусу менен эле алышып жүргөндөй көрчүбүз. Кийин чоң сахнага чыгып, ырчылык кесипти аркалап кетти. Анда деле укмуштай кабыл алып, толкунданбаптырбыз. Качан гана Гүлжигит өзү менен өзү алышып аракеттенип жүрүп “Түрквизион” сынагына барып ийгилик жаратканда чындап кубанып, толкундандык. Гүлжигит ал сынактан кайтып келгенче баарыбыз бир орунга тынч тура албай ойлонуп, ийгиликке жетишин көз жаш менен тилеп калганбыз. Ошондон баштап гана баарыбыз анын ырчылыгына олуттуу карап калдык.

– Сизди Гүлжигиттин бир тууганы деп башкача мамиле кылгандар болобу?

– Биздин ата-энебиз абдан жөнөкөй адамдар. Бизге да ошондой тарбия беришкен. Ушундан улам болсо керек, Гүлжигиттин бир туугандарында ырчы инибиз бар деп эле мактана берүү деген жок. Кесиптештерим менин Гүлжигиттин бир тууган эжеси экенимди билишкенде абдан таң калышкан. Менден мурун тааныштарым сыймыктануу менен: “Гүлкайыр - ырчы Гүлжигиттин эжеси”, - деп тааныштырып калышат. Ошондо элдин кабыл алуусунан улам инимдин кыргыз элине бир топ таанымал, барктуу экенин байкап, кубанып калам. Ата-энем да той-топурларда уулунун аты эл арасында айтылганына кубанып келишет. Бизге элдин ушундай кайрылуусу эле чоң сыймык.

– Иниңиздин балалыгын кандай эстейсиз?

– Мен Гүлжигит менен андан кийинки инимди багып калдым да. Гүлжигит кенедейинен токтоо, тыкан, таза. Адатта эркек балдардын кийим-кечеси бат кирдеп, иретсиз болуп, аларды караган кыз бир туугандары көп убара болушат го. Бизде андай болгон жок. Гүлжигит качан болсо тыпырайып таза жүрчү. Кичинесинде бойтойгон, көздөрү алайган бала болчу. Ошондуктан аны баарыбыз “коёнек” деп эркелетчүбүз. Мен баарынан да Гүлжигиттин бир нерсесине абдан ыраазымын. Ал бала кезинен ушул күнгө чейин ата-энесин эч качан оозунан түшүрбөйт. Анысын эл деле байкаса керек. Атам, апамды абдан сыйлаган уул болгонуна кубанам. Үйлөнгөнчө өз алдынча турчу эле, үй-бүлө кургандан бери ата-энеме кызмат кылайын деп, алар менен бирге туруп калды. Апам да: “Келинимдин колунан чай ичейин, азыр бөлбөйм”, - деп аларды жанынан чыгаргысы келбейт.

– Келиниңизге кайнежелик кыласызбы?

– Жок, Айпери менин бир тууган сиңдимдей эле. Менин эжем эле болгондуктан дайыма: “Сиңдим да болгондо”, - деген өксүгүм боло берчү. Ал орунду Гүлжигиттин келинчеги толуктады. Айпери шаардык кыз болсо да, кичи пейил, ыймандуу, жаркылдаган мүнөзү бар жакшы келин болду. Экөөбүз көп сырдашабыз, бири-бирибизге жардам беришебиз. Биздин мамиле курбулардай десем да болот.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА