Азиз МУРАДИЛАЕВ жана жубайы Элвира: «Бибир-бирибиздин кашыбызда аман болсок болду»

Кыргыз элинин сүймөнчүк актёру Азиз Мурадилаевдин учурда сүйүктүү кесиби менен ырахаттана иштеп, үй-бүлөсү менен бактылуу күн кечирип жаткан учуру. Актёрдун жай турмушунан кабар алууда жубайын кошо кепке тартып, кызыктуу эскерүүлөрүн угуп кайттык.

– Саламатсыздарбы, сиздердин бири-бириңиздерди тааныганыңыздарга жана бирге түтүн булатып жашап келе жатканыңыздарга канча болду?

Азиз: - Биздин таанышкандан берки күнүбүз ушул куттуу театр менен бирге өтүп келе жатат. 1994-жылы Элвира экөөбүз тең театралдык окуу жайга тапшырып келгенбиз. Алгач курсташ катары тааныш болдук. Андан көп өтпөй сезимдер ойгонуп, жакын болуп кеттик. Бул окуя кандай башталганын эстей албай турам. Сенин эсиңдеби?

Элвира: - (Ойлонуп). Жок, мен да эстей албайм. Бир аудитория, бир чөйрөдө жүргөнгөбү, өзгөчө деле окуя болгон эмес. Колумду кантип сураганын да билбейм. Айтор, жакын болуп кеттик да, бир жылдан кийин эле үйлөнүп алдык. Эсимде калганы Азиз ал кезде арык, көздөрү тостойгон, анан аябай эрке бала болчу. Ал эркелиги азыр деле калган жок. Бирге түтүн булатканыбызга 20 жыл толду.

– Абдан эрте үйлөнүпсүздөр, чоң турмушту улантып кетүү кыйынга турса керек?

А: - Ооба, эрте үйлөндүк. 18 жашымда күйөө, 19 жашымда ата болдум. Элвира болсо менден бир жашка улуу. Үйлөнөм дегениме алгач баары каршы болушту. Бирок сезимдерим укмуш күчтүүлүк кылган окшойт, максатыма жеттим. Мен жалгыз уул болгондуктан ата-энемдин колунда болдук. Жашоонун жетишпестигин тартып кыйналбаганыбыз менен кийин арабыз алыс болуп, ушул жагынан аксадык окшойт. Себеби мен бир жылдан кийин эле билим улап Москвага окуп кеттим. Мен кетип жаткан маалда жубайым ай-күнүнө жетип турган эле. Бирок ал кезде азыркыдай кайсы күнү төрөрүн алдын ала биле алчу эмеспиз да. Анын үстүнө окууга болгон талап жогору болгондуктан кечигүүсүз барыш керек болуп, эч нерсеге карабай жөнөп кеткем. Элвира менин кетишимди оор кабыл алган окшойт, эртеси эле төрөп коюптур (күлүп).

Э: - Ооба, Азиз кеткен соң кечке маал ичим ооруп баштады. Бирок жатып алдык. Апама ичим ооруп атканын айтсам: «Чыдап тур, ооруканага азыр барганда эмне, ал жак суук», - деп койду. Бала экенмин да, суук дегенине ишенип чыдап жатып калдым. Болбосо августтун ысык күнү эле. Качан толгоом бышып калганда, түнкү экиде төрөт үйүнө барып, таңкы жетиде уулум жарыкка келди.

– Азиз мырза, уулуңуз менен качан көрүштүңүз?

А: - Москвага барган соң үйгө чалууга ыңгайлуу учур болбой жүрдү. Азыркыдай тез байланыштын жоктугунан улам уулдуу болгонумду 10 күндөн кийин уктум. Уулумдун атын чоң атасы Шаа деп коюптур. Угуп алып кубанганымды айтпа. Өзүмө батпай катуу толкундандым. Бул жактан жашоо үчүн ала кеткен акчамдын бир тобу корей, орус улутундагы курсташтарым менен ата болгонумду майлоого кетип калган. Уулумду биринчи жолу бир жашка толуп калган кезинде көрдүм. Окуумду аяктап келгенге чейинки 4 жылда Шаа улам бир жашка чоңоюп калган кезинде эле көрүп, таттуу мезгилине толук күбө боло албай калгам.

Э: - Биздин эки эле уулубуз бар. Шаадан кийин дагы бир ирет ата-эне болуу бактысын 10 жыл күттүк. Азиз тунунда жанында болбой калгангабы же узакка күтүп калганыбыз үчүнбү, экинчи балабызда ичем-жейм дегенимди оозума кармап абдан камкор, башкача күйүмдүү болду. Мен болсо кош бойлуу болгондон баштап дээрлик кыймылдабай эле жаттым. Төрөт үйүнөн алып чыгарда болсо үч машине менен барыптыр. Келип ымыркайды колуна алып, мени карабай чыгып кеткен. Көрсө, сыртка эле чыкпай, андан ары машинеге отуруп алып кетип калыптыр. Мен болсо улуу уулум менен башка машинеге отуруп артынан баргам.

– Кыз балаңыздардын жоктугу сиздерди ойлондурабы?

А: - Жок, эки уулумду Кудай сак-саламат, эсен кылсын.

Э: - Мен деле өкүнүч кылбайм. Кудайдын буюрганы болот экен. Экөөнүн ортосунда бир наристебиз боюмдан түшүп калган. Ошол кыз болчу. Уул балдар дайыма ата-эненин жанында болот, кыз кетип калат да. Ушул жагын ойлоп кубанып коём. Шаа жыйырмага чыкты, өзүнүн тандоосу, каалоосу менен медицина тармагында билим алып жатат. Атасы: «Качан үйлөнөм десе даярмын», - деп турат. Кичүүбүз болсо мектепте окуйт. Уулдарыбыз абдан ынак, ынтымактуу.

– Кыйынчылыктар адамдарды жакындатып, бири-бирине баасын билдирет эмеспи. Сиздерде да ушундай болдубу?

Э: - Ооба, Азиз ооруп калганда үй-бүлөсү эле эмес, кыргыз эли толук толкугандай болду го. Андайда адамдын оюна жакшылык келбейт экен. Азиз оор абалда жатканда чынын айтсам: «Балдарым эмне болот? Мен жалгыз кантем?» - деген ой келди. Балдарым да муңайып, күлбөй калышты. Эптеп эле эсен болуп жанымда жүрө берсе экен деп тилегем. Азыр да ошону эле ойлоп калдым. Кудайдан Азиздин аман болуп, балдарыбыздын жакшылыгын бирге көрүшүбүздү суранам.

А: - Мен да Элвира менен өткөн жашоомо, Элвирадай аялдын мага түгөй болуп калганына ыраазымын. Ким бирөөлөргө салыштырып: «Ал антмек, бул минтмек. Менин аялым башкача»,- дебейм. Бирок анын менин жашоомду толуктап, кемтигимди бүтөп, жаманымды жашырып келатканын жүрөгүмдөн сезип, кубанып, ырахмат айтам. Элвира мага салыштырмалуу оокатка абдан тың. Ушул жагынан мени сонун толуктап турат десем болот.

– Азыр бири-бириңиздерден эмне үчүн кечирим сурайт элеңиздер?

А: - Мен өмүр бою эле кечирим сурап келе жатам. Күнөө кылсам да, кылбасам да, ал күнөөлүү болсо да мен кечирим сурайм. Кээде алда кандай болуп кетет деп алдын ала да кечирим сурап коём (күлүп). Азыр да Элвира, менин каталарым болсо кечирип койчу ээ.

Э: - А мен эмнеге кечирим сурамак элем. Менин кыялым бар. Ошол себептенби, кечирим сурай бербейм.

А: - Менин суранышымды күтүп көнүп калган да.

– Актёрдун күйөрмандары көп экени белгилүү. Элвира айым, кызганасызбы?

Э: - Жаш кезде бир топ эле кызганчумун. Бирок ал деле убакыттын өтүшү менен калат экен. Азыр кызганбайм. Эркек кааласа он балага деле карабай кетет турбайбы. Кетпесе, демек, меники.

А: - Экөөбүз бир топ жылдан бери бир театрда иштейбиз. Бири-бирибизден жашырган эч нерсебиз жок. Демек кызганууга да себеп жок.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА