Мээрим КАСАБОЛОТОВА: «Керездин образы үчүн адамдарга жек көрүндү да болдум»

Кыргыз кино тарыхындагы алгачкы сериалдардын бири «Апамдын махабаты» көпчүлүктүн сүйүктүү тасмасы бойдон калып келет. Тасмада агайы менен мамиле куруп кош бойлуу болуп калган мектеп окуучусу Керез деген кыз эсиңиздеби? Ал Керез кийин «Айыл өкмөтү» тасмасында дагы бир бадырая көрүнүп, анан тасма айдыңынан алыстап кеткенсиген. Биз бүгүн ал таланттуу актрисаны кепке тартып, ал-жайын, жаңылыктарын сурадык.

– Саламатсызбы, Мээрим, алгач кайда, эмне иш кылып жүргөнүңүздү билгим келип жатат?

– Саламатсыздарбы, мен үй-бүлөм менен Каракол шаарында жашап, иштейм. Бир уул, бир кыздын энеси болгом. Негизги жумушум Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык театрында. Бирок баарына белгилүү болгондой, бул тармактын айлыгы аз болгондуктан, башка иштерди да кылып жетишип келе жатам. Тактап айтканда, чакыруулар менен тасмаларга түшөм, ар кандай иш-чараларга режиссёрлук кылам жана мектепте окуучуларга драмалык ийримден сабак берем.

– Негизгиси чыгармачылыктан алыстабаптырсыз да, бирок эл сизди «Апамдын махабаты» тасмасы аркылуу гана жакшы тааныйт.

– Ырас, ал тасма кыргыз киносуна сериал жаңы кирип, жалпы эл кыргызча тасмага суусап турган маалда тартылгандыктан бат алынып кеткен. Ошол себептенби, кийин деле көптөгөн тасмаларга тартылганым менен чындыгында андагы образымдагыдай элге жеткен жок. Ал тасмага 14 жыл мурун, 24 жашымда таланттуу режиссёр Мурат Мамбетовдун тандоосу менен тартылып калгам. Негизи ошол тасмага тартылган жаш актёрлордун тобу абдан күчтүү эле. Азыр ойлосом жеке мен жаштыгымдын жалындаган курч, тайманбас убагында тартылыптырмын.

– Тасмага тартылууда кандай кызыктар унутулгус болуп эсиңизде калды?

– Тасмада Жибек көл жээгинен жоголуп кетет эмеспи. Ошол эпизодду түнкү 3кө чейин тартканбыз. Мен өзүм көлдө өсүп, көлдө сүзүп жүрүп чоңойгон кызмын. Бирок көлдүн ушунчалык сүрдүү убагы да болорун ошондо гана билгем. Асман караңгы болгондо көл да карарып коркунучтуу көрүнүп калат экен. Тартуу иштери жүрүп жатат. Жибек жоголду. Эми биз сууга түшүп аны издөөбүз керек. Ушул жерге келгенде таптакыр көлгө батынып түшө албай койдум. Түнкү суукка карабай баары сууга түшүп ишке киришет, мен эле калып калам. Режиссёр абдан ачууланды, мени урушту, сөктү, жектеди. Бирок мен коркууну жеңе албай койдум. Акыры ызамдан ыйлап алып көлдү тиземе чейин кечип араң түшүп бердим. Кызыктын баары эртеси болгон. Эртең менен турсак баарыбыздын бетибиз кызыл ала болуп, көрүнгөн жери томпоюп кебетебиз кетип калыптыр. Көрсө, түндө чиркейлер биздин каныбызга болушунча тойгон экен. Бири-бирибизди карап бир топко күлгөнбүз.

– Андагы образыңыз Керез терс кылыктары менен көрүүчүлөрдүн ачуусун келтирген. Мындай жек көрүнүүгө турмушуңузда кабылган жоксузбу?

– Кабылдым, Керездин образын жеткире ачканым үчүн айрым адамдарга жек көрүндү да болдум десем болот. Алардын бир-экөөсүн айтсам, алгач кино чыккан кезде эч нерседен бейкапар базарга баргам. Топтошкон балдар мени таанып: «Баягы бузулган кыз», - деп сөгүп салышты. Ошондо катуу ызаланып ыйлагам. Кийин эки кыз менен батирге чыгып жашап калдым. Кыздардын бири таенеси менен сүйлөшүп жатып сыймыктанып: «Актриса менен жашап жатам», - деп мен ойногон тасманы, образымды айтып берген экен. Аны уккан 80 жаштагы таенеси: «Бузулган кыз менен жашаба. Андай адам менен жүрсөң, акыры сен да бузуласың», - деп тилдептир. Ошону менен калбай кийин өзү келип жээнин чын эле көчүрүп кетти. Жарыктык киши мени ушунчалык жек көрүп калган экен, босогого чейин келип, бирок мени көрбөш үчүн үйгө кирбей койгон. Бул ирет мындай окуяларга көнө түшкөнгөбү, ыйлабай, тескерисинче, күлүп кала бергем.

– Тасмадагы курбулар Жибек, Салия менен турмушта да жакын мамиледесизби?

– Жибекти ойногон Айжан (ред: Акылбекова) экөөбүз тасмага тартылганга чейин эле жакын курбулар болчубуз. Достугубуз азыр да уланып келет. Ал эми Керез менен Жибектин жанындагы шайыр мүнөз, шок кыз Салия менен тасма талаасы табыштырды. Ал кийин чыгармачылыктан алыстап кетти. Мен билгени Токмокто жашайт, эки балалуу болгон.

– Кийин кайсы тасмаларга тартылдыңыз?

– «Чиркин өмүр», «Айыл өкмөтү», «Күйөө сатам», «Дил баян» жана башка тасмаларга тартылдым. Бирок мен тасмага чакырса эле барып түшө бербейм. Мага сунушталган роль, жалпы сценарий жана режиссёруна карап тартылам. Мурдагы деңгээлден төмөн түшкүм келбейт.

– Акчасына да карайсызбы?

– Азыркы учурда кино үчүн гонорар жакшы эмес экени мен айтпасам да белгилүү. Бирок жогоруда аталган бөлүктөр мени канааттандырса, акчасы кийинки орунга калат. Анткени соодалашып отургандай искусство деген базар эмес. Буга чейин бир гана жолу жакшы суммадагы гонорар алгам. Ал Иран тасмасы эле. Тасма тартылып жаткан маалда апрель окуясы болуп кетип, аянтта коркунучтуу абал жаралды. Биз да ошол тегеректе элек, бирок тасмага тартылууну токтоткон эмеспиз. Көрсө, тасмага тартылууга болгон кызыгуу, кесибиме болгон сүйүүм ал кырдаалга карабай иштешиме шарт түзүптүр.

– Чыгармачыл инсандар борборго тартылып турушат эмеспи, сиздин да борборго келүү пландарыңыз барбы?

– Үй-бүлөм менен тургандыктан, азыр Караколдо эле болобуз го. Чыныгы талант кайсы жерде жашаганыңа карабай чыга берет. Ошондуктан сөзсүз борбордо болушум керек деген ойго байланбайм. Мен кесибимдин күйөрманы экенмин. Ойлонсом мектеп жашынан бери эске алганда, чыгармачылыкта жүргөнүмө 20 жыл болуптур. Бул арада эң узак тыныгуум 9 ай болуп, декреттик эс алууга да чыкпай иштеп келе жатыптырмын. Чыгармачылыктан эч убакта алыстабай турганыма кийин биротоло ишенип калдым. Анткени бир ирет каражаттын аздыгы кейитип, материалдык жетишпестиктер кыйнаганда чыгармачылыкты таштайм деп чыккам. Чет жакка чыгып иштеп же соода тармагына өтүп материалдык жактан күчтөнүүнү ойлогом. Бирок шыр кете албадым. Ыргылжың болуп эки ортодо эзилип жүргөн маалда бир тууган иним менин ордум чыгармачылыкта экенин айтып шыктандырып койду. Дароо баштагы ойлорумдан айнып кайра ишке киришип кеттим.

– Жолдошуңуз Керезге ашык болуптурбу же Мээримгеби?

– Жолдошум чыгармачылыктан алыс адам. Кесиби мугалим. Мени актриса эмес, катардагы аялзаты катары эле тааныганын билем. Демек, Керезди эмес, Мээримди жактырган. Кызыбыз 2-класс, уулубуз 3 жашта. Мен балдарымдын чыгармачыл адамдар болушун каалайм. Кызым азыртан эле комуз ойноп эл алдына чыгып жүрөт.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА