Аида: “Күйөөм мени менен бир төшөккө жатуудан качып жатат”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Аиданын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Мен 32 жаштамын, жолдошум 35те. Ортобузда таттуу уул-кыздарыбыз бар. Үчүнчү наристебиз бир жарым жашта. Баш кошконубузга быйыл 10 жыл болот. Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизди жактыруу менен турмуш баштаганбыз. Жаш үй-бүлө болсок да жашообуз берекелүү болуп, турмуштун кыйынчылыгын деле көргөн жокпуз. Бири-бирибизди абдан сүйөбүз. Айрыкча жолдошум ушул күнгө чейин катуу кеп айтып көңүлүмдү ооруткан жок. Балдарына да жакшы ата. Бирок акыркы алты ай ичинде бизде бир түшүнүксүз, кыжалат кылган абал пайда болду.

Мындай кырдаалга кантип кептелгенибизди байкабай да калдым. Себеби башында баары кадыресе көрүнүш сыяктуу эле. Кенжебиз али кичинекей экендигин айтпадымбы, ал бир жаштан өткөн кезде түндө ыйлап, чыргоолонуп калган адат тапты. Мындайда күйөөм башка бөлмөгө барып жатып алчу болду. Ага чейинки эки балабызда мени менен кошо туруп карашып, жардам берип, жаныбыздан чыкчу эмес. Башында жолдошума таарынып жүрдүм. Бирок кайра: “Ал да эс алуусу керек, эртең ишке чыгат. Мен болсо күндүз үйдө уктап алам”, - деп өзүмдү жоошутуп койчумун.

Биздин үйдө телевизор уктоочу бөлмөдө жайгашкан эле. Күйөөм күн сайын иштен келген соң керебетте жатып телевизор көрүүдөн ырахат алчу. Ошол үчүн андан бир канча ирет сыналгыны ашканага чыгарып берүүсүн суранып, бирок чыгарта албай койгом. Кийин канча жылдан бери уктоочу бөлмөдөн чыкпаган сыналгыны залга алып чыгып алды. Ошондон кийин мени менен бирге жатууну койду. Башында: “Кино көрүп жатып уктап калган экенмин”, - деп кийимчен эле уктап жүрдү. Унчукпадым. Кийин жууркан-төшөктү жакшылап салып, кадимкидей эле жайгашып алды. Бул маалда анын менден бөлүнө баштаганына эки айдай болуп кетиптир. Мурда төшөктө туруктуу убакытта кошулчубуз. Ал да бузулду. Мен качан өзү аракет кылат деп күтүп жүрдүм. Бирок ар бир кечибиз окшош өтө берди. Мен кечки тамакты берип, үй иштери менен алек болом да, балдарымды уктатууга жатып чарчаганга өзүм кошо уктап калам. Күйөөм болсо биздин уктоочу бөлмөгө келбейт. Эртең менен экөөбүз эки бөлмөдөн чыгып тамактанып, аны ишке узатам да, кайра балдар менен алышкан күнүм башталат. Ушинтип күндөр уланып атып, мен аны бир үйдө жашап туруп катуу сагындым. Кептин ачыгы, ага болгон каалоом, эңсөөм күчөдү. Бир күнү атайын чыгынып анын киносуна тоскоол болууну туура таптым. Балдарды уктатып залга баш баксам, ал эч нерседен бейкапар уктап жатыптыр. Коюнуна кирип, бекем кучактадым. Ал мени кет дебеди, ошол эле маалда антип кирип барышымды жактырбаганы ачык эле байкалып турду. Ал түнүбүз буга чейинкилердин бирине да окшобой эң супсак, эң жасалма, эң ыңгайсыз өттү. Ичимден катуу таарынып, ыза болуп калдым. "Эмнемден жаздым экен?" - деп санааркап, ойлондум. Бирок жолдошум өзү эч нерсе деп унчукпады.

Балким, мени төрөттөн кийин өзүн карабай койсо керек же балдары менен алышып жүрүп кебетеси жагымсыз абалга түшүп кетсе керек деп ойлойттурсуз. Жок, мен арыкчырай, келишимдүү эле аялзатымын. Тазалыкты абдан сүйөм. Бул жагынан күйөөмө жакпай калышым мүмкүн эмес экенин билем. Ошол окуядан кийин мен күйөөмдөн бирөө жарымы барбы деп шек санай баштадым. Үйгө келген-кеткен саатын, мага чалган убактыларын, менин чалууларыма жооп берүүсүн, балдарыма кылган мамилесин, кийимин, сумкасын, деги койчу, баарына байкоо салып, өзүмө бир жумуш таап алгандай эле болдум. Бирок эки ай ушинтип алышып жолдошумдан кыйкым таба албадым. Таңда экөөбүз кадимкибиздей жагымдуу маанайда тамактанабыз, жумушка кетеринде мени өөп, эркелетип кетүүсүнөн жазган жок. Балдарын болсо жанынан артык көрөт. Байкасам үйгө келген соң телефону менен деле иши болбойт экен. Болгон маселе кечинде башталат, ал кичине телевизор көрүп турууну айтып залга кирип кетет да, ошол жакта жалгыз таң атырат. Ошондой күндөрдүн биринде үйгө айылдагы кайнежем келип эки күн жүрүп калды. Ага төшөктү конок үйгө салып бердим. Чынын айтсам, ушул себептүү күйөөм мени менен жатат деп ичимден кубанып аттым. Тилекке каршы, андай болгон жок. Күйөөм ашканада далайга чейин телефонун чукулап отуруп, бир оокумда келип жаздыкка баш койду. Менин ага жагалданып, кучактаганыма деле маани бербей, сулдуюп жатканында кызым чукуранып калды. Ар түндө ушул маалда эмчек сурачу, ошол аралыкта сыртка чыгып кетти. Мен зал бош эместигине ишенип жатып уктап калган экенмин, эртең менен турсам күйөөм ишине кетип калыптыр. Ансыз да болгон ишке тумшугун салып турган кайнежем:

– Ай, тиги эмне ашканада уктады? Түндө суу ичкени туруп ашкананын жарыгын күйгүзө калып Кудайды карабай чочубадымбы. Бүрүшүп жатат, мусапырдай болуп, - деди. Эмне дээримди билбей калдым. Унчукпадым.

Эжем ал күнү да биздикинде калгандыктан, ал түн күйөөмө дагы маселе болду. Дагы баарыбыз жаткандан кийин да ашканадан кирбей отура берди. Күтсөм келчүдөй эмес, анан эжем дагы сүйлөнүп чыкпасын деп, мен да ашканага баш бактым. Уголоктун керебетине тыгылып, жаңыдан көшүп баратыптыр.

– Эмне болуп жатып алгансың, жүрү, эс албайлыбы?

– Жата бер, азыр барам, – дегени менен кирерине ишенбедим. Ашкананын эшигин жаап, дасторкон жаздым. (Эжем дагы туруп калса чай ичип жаткандай бололу дедим да). Чындыкта, ушул убакытты пайдаланып андан эмне болуп жаткан себеп-жайын сурап алайын дедим.

– Жан, мен сага түшүнбөй жүрөм, биздин ортобуз абдан ысык эле го?..

– Азыр деле ысык. Эмне болду? – ал уйкусураган киши болуп буйтактай жооп берди.

– Жок, андай эмес. Сен өзгөрүп атасың. Деги эле эрди-катын болуп туруп, эки башка бөлмөдө уктаган жакшылык эмес го. Же бирибиз ичкилик ичип, чыр чыгарбасак, эмнеге мындай болуш керек? Минтип жашап атканыбызга бир топ болуп кетти?

– Айка, баары жакшы эле. Иштен чарчап келип атам, көрүп атасың го?

– Баягы эле ишиң, чарчасаң да качан бөлүнүп жатчу элең. Жок дегенде түндө антпесең болмок. Эжем аныңды менден териштирип кирди.

– Биз менен эмне иши бар экен, - өзү тууралуу кепти буруп, эжесин жектеп калды, - деле сурагычтыгы ушунун.

– Эмне, ден соолугуңда маселе болуп жүрөбү? – атайын намысына тийип көргүм келди.

– Жөнчү, сонун эле турам. Деги эмне болду сага, жети түндө кызаңдап эле?

– Сен мени аргасыз кылып атасың. Эмнеге бөлөк уктап атасың?

– Ээк, басчы, - ал чыныны тарс коюп жулкуна уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Ал түнү мага бурулуп да койбой, тескери карап жатып таң атырды.

Эми мен анын ден соолугунан шек санап, сарсанаа болуп баштадым. Ойлосом буга чейин төшөк жагынан ден соолугунда маселе деле жок эле. Ал күнү эжебиз кетти. Күйөөм чын эле намыстанып калган окшойт, мага жакшы экендигин далилдегиси келдиби, ал түнү бирге болдук. Бирок бирге болдук аты эле болбосо, мен ыраазы боло албадым. Менин санаам ордунда эмес, анын көңүлү жок, баары аргасыздык сыяктанат. Буга чейинки ысык мамилебизден, ысык сезимдерибизден куру жалак калгандайбыз. Ишенесизби, андан бери эки ай өттү, бул арада эки эле жолу эрди-катын болуп бирге жаттык. Бир ирет: “Убакыттын өтүшү менен жашоодо ушундай болот го”, - деген ой мээмден кетпей койду. Анан баарын ачык айтпасам да, жакшы санаалаш кошуна бир-эки келинге бул тууралуу акырын кеп чыгардым. Алар асман айга секире андай болушу мүмкүн эместигин айтып, күйөөлөрү менен болгон кызык нерселерди кеп кылып оозумду ачырышты. Аларга шек билдирбегеним менен бул келиндердин катарында бир бакыттан кем калып жатканымды билдим. Ичим күйүп, бушайман болдум. Акыры чыгынып бул тууралуу күйөөм менен дагы бир ирет ачык сүйлөшүүнү ойлодум. Абайлап кеп баштап акыры:

– Ден соолугубузга кам көрөлү, керек болсо психологдун жардамын аларбыз, - дедим. Макул болчубу, кызарып-татарып ачууланып:

– Өзүңдөн шек санап атсаң барып көрүнүп, оңолуп ал. А мени жайыма кой. Болчу кезде болуп эле атпайбызбы? – деп кеп укпады. Бир-эки күн сүйлөшпөй жүрүп кайра эле кечирим сурап, эркелетип көңүлүмдү жибитип койду. Кайда бармак, эмне демек элем, кечирип тим болдум.

Ушундан кийин мен ал маселени ортого салууну да койдум. Бир чети жиним келсе, бир чети аны аяйм. Мени менен бирге уктоодон качканы гана болбосо, баягы эле жакшы күйөөм болуп жатпайбы. Экөөбүздүн азыркы кездеги эң бактылуу учурубуз балдарыбыз менен бирге ойноп, сейилдеп, конокко барып эс алуу гана болуп калды. Ал эми төшөк мамилесине келгенде бирдей дудук болуп, бул теманы алыстан айланып өтүп кетебиз. Ал өзүнчө кыжалат, мен өзүмчө бушайман. Бирок акыркы кезде бул көрүнүш мага деле көнүмүш болуп баратканынан чочулайм. Кээде эмне болсоң ошол бол деп жиним келип, өзүм менен өзүм болуп жашай бергенге макул болуп кетем. Кээде анын мынчалык элпек, жароокер күйөө экенине ачуум келип, камкордугу жасалмадай, аргасыз коргонуудай таасир калтырып кыжырданам. Акыркы кезде ар кайсыны маселе кылып ага көп асылып, көп чыр чыгара баштаганым өзүмө даана эле байкалат. Ал болсо унчукпай кутулат. Деги эмне болуп калдык билбейм. Бизге бир кездеги сезимдерибиз кайтышы мүмкүнбү, же отуздан ашып ашпай эле ушинтип жашап калуу да болобу?