Элеттик аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейткен программалар

Айыл жерин өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында айылдаштарына кызмат кылып келген айымдар арбын. Алар элет жеринин экономикасын көтөрүп, жумушсуздукту жоюуга салым кошуп келишет. Эмесе, “элет жеринде иш жок” деген кепти төгүнгө чыгарган ал айымдар менен тааныштырабыз.

 

Жылдыз Сулейманова, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын Нарын облустук филиалынын директору: “Фонд айыл жашоочуларынын жашоосун жакшыртуу максатын көздөйт”

– Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы 2003-жылы Кыргызстанда “Ага Хан” фондунун демилгеси менен негизделген. Ал эми Нарын облусунда 2007-жылдан баштап айыл жериндеги жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуу максатын көздөп иштеп баштаган. Максатка жетүү үчүн айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча көп тармактуу программаларды ишке ашырууда. Аталган программа учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында иштейт.

 

 

Бурулуш Жаманбаева, Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну: “Айыл жеринде 10 миң сомдон айлык алууга жетиштик”

– 2007-жылы айылдагы колу жөндөмдүү келиндердин башын бириктирип шырдак жасап, сатыкка чыгара баштадым. Чынын айтсам, алгач туура эмес өңдөрдү тандап же өңдөрдүн айкалыштарына маани бербей коюп, 3 жыл аябай кыйналдым. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Япониядан келген “Икардо” долбоорунан сунуш түшүп, алардын тренингдерине катышып, жүндү тазалап, иштетүүнүн жаңы ыкмаларын жана жүндөн жасалчу паннолордун ар кандай моделдерин үйрөндүм. Андан кийин “Ага Хан” менен 4 жыл иштештим. Бул фонд бир жылда 4-5 окуудан өткөрүп, бизге көрпөчөлөрдү, үй тапичкелерин жүндү уютуу жолу менен жасоону жана ушул эле ыкма менен оймолуу заманбап моюн орогучтарды даярдоону, өңдөрдү айкалыштыра билүүнү үйрөттү. Өңдөрдүн айкалышы товардын тез өтүшүнө жардам берет экен. Кийин билимибизди иш жүзүндө кеңири колдонуп кой, эшек сыяктуу оюнчук жаныбарларды, калпак жана сумкаларды жасадык. Биздин колдон чыккан буюмдарды тааныш кыз Америка, Кытай, Япония баш болгон чоң мамлекеттерге алып барып турат. Биз алардан түшкөн буйрутмаларды даярдап жөнөтөбүз. Эмгектерибиз ЮНЕСКО тарабынан бааланып, алардан “ЮНЕСКОнун сапат белгисин” алган. Өмүр бою мугалим болуп бир айылдан чыккан эмес элем. Бул ишимдин арты менен Словакия, Өзбекстан, Венгрия жана Астанага барып келдим. Башында 10 кишиден башталган тобум учурда 15ке жетти. Өткөн жылы ар бири айына 10 миң сомдон эмгек акы алып, ишибиз жакшы болду. Жумушсуз ушул учурда айыл жеринде 10 миң сом айлык алуу деген жакшы көрүнүш.

 

 

Бердалиев Шерип, Айыл аймактык консультация кызматынын башкы менеджери: “АККнын максаты - айыл жашоочуларынын кирешелерин жогорулатуу”

– «Айылдык кеңеш кызматы» коомдук фондусунун негизги милдети - айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча дыйкандарга, айыл тургундарына керектүү билим жана маалыматтарды жеринен окутуп, жеткизип, алардын кирешесин көбөйтүү, элетте жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү. Учурда «Айылдык кеңеш кызматы» коомдук фондунун райондук, регионалдык кеңселери бар. Алар талаачылык, мал чарбачылык, механизация, маркетинг, экономика, чарбаны башкаруу, айылдыктардын кирешесин көбөйтүү, айыл жана жайлоо туризми, үй шартында айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, бизнес-пландарды иштеп чыгуу, өз ара жардам берүү топторун түзүү жана аларды окутуу, гендердик маселелер, жаңы бизнес долбоорлорду жана окутуу үчүн адистештирилген топторду түзүү боюнча иштешет. «Айылдык кеңеш кызматы» коомдук фонду окутууларды жана кеңеш берүүнү уюштурат. Аны менен бирге айыл чарбасындагы инновациялык технологияларды өнүктүрөт жана көрсөтүп үйрөтүү менен жайылтат, фермердик чарбаны туруктуу башкарууга багыттайт.

 

Астра Чаргынова, Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын тургуну: “Помидор менен байланышкан иште жоготуу же банкрот деген жок экен”

– Помидор менен иштеп калуума абысыным түрткү болду. Анын арты менен “Фермер” гезитинен дыйкандардын кеп-кеңештерин окуп, кайсы урукту кайдан алуунун жолдорун үйрөнгөм. Эми минтип тоо буурчак бышкыча, жайлай бош олтурбай кошумча киреше булагына ээ болдум. Жакшы жери помидор менен байланышкан иште жоготуу же банкрот деген жок экен. Үч жыл мурун черри помидорунун көчөтүн алып келип тиккем. Мөмөсүн алган соң, аны кайда өткөрөрүмдү билбей калдым. Бир күнү дүкөнгө азык-түлүк алганы барсам, 1 литрлик банкада маринаддалган помидор, бадырандарды сатып жатыптыр. Ошол жерден ойлоно коюп дүкөн ээсинен ушундай маринаддалган помидорлорду сатып беришин сурандым. Дароо ишке киришип жолдошум жарым литрлик 100, бир литрлик 50 банка сатып келди. Анан уруксат алуу үчүн бир литрлик банкага жаап, районубуздун санэпидемстанциясына алып барып текшерттик. Уруксат кагазын алган соң, жеке ишкердикке толук кириштик. Айылдагы, райондогу дүкөндөр менен сүйлөшүп 1 литрлик банкасын 60 сом, ал эми 0,5 литрлигин 40 сомдон өткөрдүк. Кийинки жылы суроо-талап көбөйүп, 400 банка жаап, 100 банкасын борбордо дүкөн иштеткен кайнежеме жөнөттүк. Өзүбүздөгү жана эжебиздеги помидорлордун бири калбай өттү. Кудай буюрса, ушул жылы Талас облусунун дүкөндөрүн толук камсыздайбыз деген план бар. Учурда помидордун көчөттөрүн отургузуп, бадыраң тигип жатабыз. Мындан тышкары помидордун голланд түрүн тигип, жайкысын дүкөндөргө өткөрөбүз, артканынан томат ширесин жасап сатабыз. 2-3 сотых жерге тиккен помидордон 2-3 тоннага чейин түшүм алабыз. Былтыр айылдан килограммын 15 сомдон, борборго бир тонна алып барып 20 сомдон саттык. Артканын 2 литрликтен 80 банка шире жасап, дүкөндөргө 80 сомдон өткөрдүк.

 

 

Гүлмира Расулова, “Коомчулукту өнүктүрүү альянсы” уюмунун координатору: “Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй областтарында иштеп жатат”

– БУУнун аялдар түзүмү, ВППБУУ, ИФАД жана ФАО агенттиктери биргеликте элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасын иштеп чыгышкан. Анын алкагында өз ара жардамдашуу топтору түзүлгөн. Программа Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй областтарында иштеп жатат. Бул долбоор 2015-жылы башталган.

 

 

Керез Кадырова, Жайыл районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну: «Ишибизди ортодон 8 килограммдан ун чыгарып, лагман чоюп сатуудан баштаганбыз»

- БУУнун аялдар түзүмүнүн айыл жерин өнүктүрүү долбоору ун, чай, май берет деп түшүнгөн айыл эли башында абдан көп жазылып алышкан. Кийин алар окутуп, бизнес баштоонун жол-жоболору тууралуу үйрөтүшөрү айтылганда, көпчүлүгү баш тартып кетип, чындап окуйм, иш баштайм деген 25-30 адам эле калдык. 2016-жылы окуу башталып, анда ишкердикти баштоонун сырлары, жакырчылыктан чыгып, жумушчу күчүн топтоо, эгиндин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу окуутулар жургүзүлдү. Окуу аягында 6 кишиден турган “Үмүт” деп аталган топ ачып, пельмень чыгарууну туура көрдүк. Алгач ортодон 8 килограммдан ун чыгарып лагман чоюп сатып, түшкөн каражатка эт, ун, пияз алып пельменге айланттык. Үй шартында пельмень түйүп, килограммын 160 сомдон сата баштадык. Түшкөн каражатты топтоп, муздаткыч сатып алдык. Азыр бир жасаганда 10-12 килограммдан жасап сатабыз. Топтогулардын басымдуу бөлүгү 4-5 балалуу, аз камсыз болгон, үйдө ишсиз отурган аялдар. Мурун күйөөбүзгө көз каранды болсок, азыр аз да болсо акча таап, үй-бүлөбүздү буттан тургуза колдоо көрсөтүп калдык. Башында:“Пельмень түйгөнгө”, - десек, азыр болсо: “Жумушка кеттик”, - деп сыймыктануу менен айтып калдык. Бул программалар ишкердиктен тышкары биздин топко кайтарымы менен 71 миң сом берген. Ал акчаны тең бөлүшүп, кант кызылчасын тиктик. Ал эми карызыбыздан пельменден түшкөн акчадан аз-аздан төлөп кутулдук. Кант кызылчасынан тышкары капуста, помидор жана бадыраңдын уруктарын алып, жайлай иштетип, күзүндө кышкыга салат жаап алдык. Ал эми капустасын январга чейин жедик. Бул программанын арты менен топтогулар бир туугандардай катышып калдык. Айыл жерин колдогон долбоорлорго жана анын башында тургандарга ыраазычылык билдиребиз! Бизди окутуп, башыбызда көзөмөл кылып, туура жолду көрсөткөн Гүлмира эжеге чоң рахмат айтабыз.

 

Даткайым ДОСМАТОВА