Талант КАДЫРОВ: «Сахнадагы мурунку жашообузду эстегибиз келбейт»

Кыргыздын белгилүү обончусу Алтымыш Кадыровдун эки уулу ээрчишип, атасынын атынан
«60 К» ­деген топ түзүп сахнага чыгышкан эле. Бирок 2-3 жыл ырдап, кийин көрүнбөй кетишкен. Арадан он жылдай убакыт өтүп, кайрадан сахнага кайткан ырчы жигит менен маектештик.

– «60 К» тобу кайра ырдап чыгыптырсыздар. Топ кайра жанданды десек болобу?

– 2005-жылы атабыз Алтымыш Кадыровдун жаркын элесине арнап, атабыздын атынан
«60 К» тобун түзүп, бир тууган иним Самат Кадыров экөөбүз ырдап чыкканбыз. 2008-жылга чейин ырдап, кийин 7-8 жыл Литва, Орусия мамлекеттеринде иштеп жүрдүк. Бул аралыкта каржы жагынан бутубузга турдук, үй-жайлуу, автоунаалуу болдук, чакан бизнес да ачып койгом. Эми чыгармачылык менен гана иштейм. Учурда төртүнчү клипти баштаганы турабыз. Кудай буюрса, «60 К» тобунун жаңылыктары алдыда.

– 7-8 жыл тыныгууга эмне себеп болду?

– Сахнадан ордубузду таап калган кезде бир адам тарабынан өтө катуу бут тосуу болду. Бара-бара бут тосуулар, көрө албастыктар, пикир келишпестиктер абдан көп болуп кетти. Андан улам Самат: «Шоу-бизнес абдан балит экен, тынчыраак эле жашап туралы», - деди. Ойлонуп ушул жыйынтыкка келгенбиз. Жан дүйнөң сахнага берилип, эл алдында ырдап жүрүп эле, бир заматта ошонун баарын таштап коюу абдан оор экен. Сахнаны, күйөрмандарды сагынып жүрдүм. Ошондуктан азыр катуу дем менен иштеп атам.

– Он жыл мурунку Талантты кандай эстейсиз?

– Ал кездеги клиптеримден кебетемди көрүп күлөм. Клиптерди мурда интернетке киргизген эмеспиз. Биз кайрадан ырдап чыкканда интернетке чыгарып коюшуптур. Ал күндөр жакшы болгону менен аягы жагымсыз бүткөнгө көп эстегибиз келбейт.

– Учурда сиз жаңылап ырдаган Бек Борбиевдин ырлары хит болуп жатат, ал ырларга кандайча токтолуп калдыңыз?

– Бек Борбиевдин «Доско тост» деген ырын жактырып укканым менен, бала болуп сөзүнө маани бербептирмин. Бир жолу автоунаада угуп бара жатып: «Пайдаңа карап дос болсо, акыры бир күн кас болот», - деген сабына катуу таасирленип калдым. Унааны токтотуп кайра башынан уксам, менин башымдан өткөн окуя экен. Жаңы ырдап чыккан кезде досторум абдан көп эле. Досторумдун көптүгүнөн аларды топ-топко бөлүп, 2-3 күн туулган күн өткөрчүмүн. Ырдабай калгандан кийин баягы досторумдун бир тобу жок болуп кетти. Көрсө, алар акчама, пайдама, ырчылыгыма караган достор экен. Бул ырды ошол досторго жеткирүү максатында жан дүйнөм менен берилип ырдадым. Эл жакшы кабыл алып, Бек Борбиев да: «Азамат!»- деп кубаттап, бизге чоң күч-кубат берди.

– Бир топ болгонуңуздар менен иниңизге караганда, сиз жакшы иштеп атат окшойсуз?

– Сахнага кайрадан чыгарда Саматтын каалоосун сурасам, ал: «Сен ырдап чыга бер. Шоу-бизнести байка, эгер мурдагыдай балит, көрө албастык, бут тосуу болсо, ырдабайм. Андай жагымсыздыктар жок болсо ырдайм», - деген. Мен жалгыз ырдап, ал клиптеримде башкы ролдордо тартылып жатты. Үчүнчү ырыбызга келгенде гана ал да кошулуп, иштей баштады. Эми топту экөөбүз бирдей алдыга сүйрөйбүз. Эгер жалгыздан ырдасак "Талант 60 К", "Самат 60 К" болуп чыгабыз.

– Топко кыздарды кабыл алуу оюңузда жокпу?

– Кыздар менен иштешүү кыйын. Ошол себептен андай ой жок. Биринчи чыкканда Кайрат Примбердиевдин келинчеги Эля менен иштешип, «Сүйүү арманы» деген ырды бирге аткарганбыз. Ал кезде биз да, Эля да кафелерде ырдачубуз. Элянын колу көп бошобой, ал үчүн концертке чыга албай, тойго бара албай калчубуз. Кийин Аида деген кызды алдык, ал деле бошобой жүрүп турмушка чыгып кетти.

– Азыр кайсы ырчы популярдуу экенин тойлорго чакыруудан билип калышты, сиздерге чакыруу түшө баштадыбы?

– Ооба, тойлорго чакыруу түшө баштады. Ал турсун жоголуп кеткен дос-туугандар пайда болуп, тойго бекерге чакыргандар да чыкты. Бирок азыр дитимди толук чыгармачылыкка коюп, ай сайын элге жаңы ыр тартуулап турууну максат кылып, тойлорго көп барбай жатам. Акча ар бирибизге керек, бирок азыр ар жерде ырдап жүрө бербей, атымды татыктуу чыгарып алуум маанилүү. Барсам мен койгон баага макул болуп, көтөрө алгандарга гана барам. Мурда тойдо ырдасак, канча берсе ыраазы болуп кете берчүбүз. Үй-бүлөлүү болгондон кийин акчанын да баркын билип калат экенсиң.

– Үй-бүлөлүк жашоо кандай?

– Кудайга шүгүр, эки кыз, бир уулдун атасы болгом. Келинчегим мага колунан келишинче моралдык жактан колдоо көрсөтүп турат. Эгер ал түшүнбөсө, кайрадан чыга алмак эмес болушум керек. Ал өзү англис тили боюнча адис.

– Атаңыз Алтымыш Кадыровдон бала кезде ажырадыңыз, бирок элеси эсиңизде болсо керек?

– Атам мен 15 жаштарда каза болду. Атам чыгармачылык деп алыста көп жүргөнгө аны абдан сагынчубуз, жолун карап күтчүбүз. Ал абдан жумшак адам эле, тилдеп, жаман сөз айткан учуру болгон эмес. Бир жолу гана: «Атаңдын башы», - дегени мага айткан абдан катуу сөзү болгон. Атам ырчы болгону менен актёрдук шыгы бар эле, апам жокто куудулданып тешик кулагына сөйкө тагып, апамдын халатын кийип, жоолугун салынып кемпир болуп көңүлүбүздү аччу. Апам жумушта кезде бизге тамак жасап берер эле. Тагдыр экен, каза болорунда эки башка жашап калдык. Самат экөөбүз бир энеденбиз, аталаш туугандарыбыз бар. Алар менен катташып турабыз. Атам биздин ырдап чыкканыбызды көрбөй калганына өкүнөбүз. Биздин бир максатыбыз - атабыздын элге жетпей калган, эл унутуп бара жаткан ырларын жандандыруу. Учурда бир нече ырын ырдап жүрөбүз. Атабыздын өзү өлсө да аты калды, учурда атанын балдары деп бизге жакшы сөзүн айткандар арбын. Апам Рая Нургазиева: «Атанын уулусуңар, ырдап чыккыла, атаңардын атын өчүрбөшүңөр керек», - деп бизди колдоп турат.

 

Динара ЧОКОЕВА