Кош бойлуулуктагы ырым- жырымдарга ишенсе болобу?

Кыргыз эли илгертеден ырым-жырымдар менен жашап келет. Бири ишенип, бири ишенбесе да, ар бир нерсеге байланышкан ар кандай ырым-жырымдар көп. Биз кош бойлуу айымдарга таандык ырымдарды карап көрдүк.

 

Бала төрөлчү болжолдуу күндү эч кимге, жадагалса жолдошуна да айтпаш керек.

Элдик ишенимде: Себеби жашыруун төрөт жеңил жана тез болот. Эгерде кош бойлуу толготуп жатканын көп адам билип аны күтсө, бала ичтен ошончолук көп кыйналат дешет.

Чындыгында: Мунун төрөткө эч кандай тиешеси жок. Болгону бала төрөлчү мөөнөт созулуп кетсе,башкалардын: «Дагы деле төрөй элексиңби?» - деген суроолору боюнда бар аялдын нервин козгошу ыктымал. Анын таасиринен ичтеги бала да жабыркайт.

 

Кош бойлуу учурда чачты кырктырууга болбойт.

Элдик ишенимде: Чачта адамдын энергиясы катылган делет. Аны кыскартуу менен ичтеги баланын өмүрүн кошо кесет деген түшүнүк бар. Бала өлүү төрөлүп калышы ыктымал деп да болжошот.

Чындыгында: Мындай ырымды медицина курулай шектенүү гана деп билет.

 

Кош бойлуу аялга коркунучтуу фильмдерди жана кейпи сууктарды көрүүгө болбойт.

Элдик ишенимде: Көрсө баласы түрү суук болуп төрөлүп калат.

Чындыгында: Бул аныктаманы медицина адистери дагы тастыктаган. Өзүнө билинбегени менен коркунучтуу тасмаларды көргөн эне бир топ эле стресс алат. Анын таасири баланын борбордук нерв системасына доо кетирип, денесинде тактары бар же өңү серт болуп төрөлүп калышы ыктымал.

 

Жаңы үрөн айдалган жерден аттап өтүүгө болбойт.

Элдик ишенимде: Уламыштар боюнча, жер өзүнүн түйүлдүгүн өстүрүп жатканда аны сыйлабастык кылып аттап өтсө, Жер-Эне кош бойлуунун ичиндегисин алып коёт дешет.

Чындыгында: Медициналык жактан алып караганда, чоң аттоо бойдон түшүп калуу коркунучуна алып келет.

 

Боюнда барда түймө түйүүгө же бир нерсе жамоого тыюу салынат.

Элдик ишенимде: Айтымдарда баланын өмүрүн бычак, кайчы өңдөнгөн курч куралдар коштоп калары белгиленет.

Чындыгында: Чын-чынына келгенде эне менен баланын киндиги бир болгондуктан, кокусунан ийне менен колун сайып алган эненин чочуусу баласына эки эсе болуп барат. Ошондой эле кош бойлуунун кечке бир калыптан жылбай отура берүүсү наристенин ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет.

 

Алдын ала балага кийим алып камданууга болбойт.

Элдик ишенимде: Анткени аларды камдаган күндөн баштап наристе кийимдерин кийүүгө шашылат деп түкшүмөлдөшөт. Андан улам маалына жетпей төрөлүү коркунучу бар.

Чындыгында: Бул түшүнүктүн эч кандай терс таасири жок.

 

Кош бойлуу айымдарга мышык менен ойноого жана мышыкты колуна алууга болбойт.

Элдик ишенимде: Эгер мышыкты көп кармаса, келечекте наристенин душмандары көп болуп калат.

Чындыгында: Мышык дайыма өзү менен алып жүрүүчү токсоплазма козгогучтары аялдын организмине кирип кетсе, түйүлдүктүн нерв системасына терс таасир этет да, бала ар кандай оорулар менен төрөлүшү ыктымал.

 

Кош бойлуу аял босогого турганга болбойт.

Элдик ишенимде: Ата-бабаларыбыз босогону чоочун дүйнө менен өз ааламын бөлүп туруучу катары кабылдашкан. Так ошол жер терс энергиялардын чордону деп баалашып, “эшикти кулачтабаш керек”, “босогого турбаш керек” деген түшүнүктө болушкан.

Чындыгында: Кадимки көз караш менен алып караганда, босогодо турган кош бойлуу шамалдап,суук тийгизип алат.

 

Кош бойлуу айымга бутун кайчылаштырып отурууга болбойт.

Элдик ишенимде: Мындай шартта баланын буту ийрейип же майтаман болуп төрөлүп калышы ыктымал деген ишеним бар.

Чындыгында: Чындыгында мындай абал баланын бутуна эч кандай таасир тийгизбейт. Кош бойлуу айымдын бутунун кан айлануусу начарлап, кан тамырлардын көөп кетишине, варикоз оорусунун башталышына алып келет. Анын таасиринде түйүлдүктүн да тынчы кетери бышык.

 

Кызыл жемиштерди көп жебеш керек.

Элдик ишенимде: Кош бойлуу учурда кызыл өңдүү жер-жемиш, жашылчаларды көп жесе, баланын денеси кызыл менен төрөлүп калышы мүмкүн. Тагыраак айтканда, анары менен.

Чындыгында: Көлөмүнөн ашыкча колдонсо, бала аллергия оорусуна жакын болуп каларын далилдешкен.

 

Алмагүл БАЗАРБАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.