Климакс – оору эмес, жашоонун жаңы этабы

Климакс – 40-50 жаш курагында ар бир аялда кездешүүчү табигый процесс. Климакс учурунда организмде өзгөрүүлөр болот: жыныс бездеринин кызматы басаңдап, аял бала төрөөгө жөндөмсүз болуп калат. Бул процессти көпчүлүк аялдар картаюунун белгиси катары кабыл алышып, аябай оор көтөрүшөт, депрессия болгонго чейин барышат.

                            

Климакс жаш куракка карабайт

Климакстын башталышынын орточо жаш курагы – 51 жаш. Бирок анын так көрсөткүчү жок. Көпчүлүк аялдар бул этапка 45-55 жаштарда туш болушса, айрымдары 30-40 жашта, кээ бирлери таптакыр эле 60 жашта туш келиши мүмкүн. Эрежеге ылайык, ал аялдын апасы канча жашында климакс болсо, өзү да ошол жашында учурайт.

 

Климакс 3 тепкичтен турат

1. Пременопауза. Бул тепкич 3 жылдан 7 жылга чейин созулат. Бул убакыт аралыгында айыз циклинин өзгөрүүсү орун алат: айыз айлампасы узарат, айыз каны азаят, жумурткалардын гормоналдык кызматы төмөндөйт.

2. Менопауза. Бул тепкич акыркы айыз канынан кийин башталат. Менопауза 12 айга созулат. Жаш курагы болжол менен 49-51 жаш.

3. Постменопауза. Менопаузадан баштап жумурткалардын кызматынын толук бүтүшүнө чейинки аралык, башкача айтканда, аялдын жашоосунун акырына чейинки мезгил.

 

Климакстын белгилери

Айыз айлампасынын бузулушу: Климакстын негизги белгилеринин бири – айыз айлампасынын бузулушу. Ортодогу аралык 21 күндөн аз же 35 күндөн көп боло башташы климакстан кабар берет. Ошентсе да мындай шартта доктурга көрүнүп, бул өзгөрүү климакстан уламбы, же башка гинекологиялык оорудан уламбы, тактап коюу ашыктык кылбайт.

Кан толкуну: Күтүлбөгөн жерден дененин үстүңкү бөлүгү катуу ысып, кандын тээп кетиши да климакстын белгиси болуп эсептелинет. Бул сезим кээде көкүрөк тушунун, беттин, моюндун кызарып чыгышы менен коштолот. Мындан тышкары купкургак болуп турган тери бир мүнөттүн ичинде суу болуп кетиши мүмкүн. Кан толкуну 30 секундадан 1 мүнөткө чейин созулат. Ал эми кайталануу аралыгы ар кимде ар кандай: айрым аялдарда кээде эле кайталанса, башкаларында бир күндө 50-60 жолу кайталанышы мүмкүн. Арык аялдарга караганда толуктар мындай сезимден көп жабыркашат.

Тердөө: Кан толкуну болгон учурда тердөө да болот. Бул көрүнүш күчтүү болгон учурда бешенеден аккан тер беттен куюлуп, кийим сыгып алма суу болуп кетет. Түн ичинде болсо кийимди улам алмаштырып, жаздыкты ары-бери оодарганга туура келет. Климакс учурундагы тердөө организмдин кадимки калыбындагы эле ролду аткарат, тактап айтканда, токсиндерди бөлүп чыгарат.

Уйкусуздук: Уйкусуздукту да кан толкуну чакырат. Ал болорго бир нече секунд калганда адам ойгонот да, жагымсыз сезимди башынан өткөрөт. Анан кайра уктай албай кыйналат.

Баш оору: Өзүн бош сезе албагандык, терс эмоция зыңылдаган баш ооруну чакырат. Мындай оору моюндун, ийиндин булчуңдарынын чыңалуусунан улам келип чыгат.

Баш айлануу: Кээде күтүлбөгөн жерден баш айланып, басып баратканда тең салмактуулук жоголот. Бул көрүнүш кулактын чуулдашы, көңүл айнуу, атүгүл кусуу менен коштолот.

Жүрөктүн тез-тез согушу, жүрөк тушунун оорушу: Климакс учурунда жүрөк кычкылтектин жетишсиздигинен жапа чегип, бул жүрөк тушундагы катуу ооруну чакырат. Бул ар кандай жүрөк ооруларынан жапа чеккен аялдарга таандык көрүнүш.

Кан басымынын кескин жогорулашы: Кан басымынын жогорулашынын биринчи белгилери–баш оору, көңүл айлануу, баш айлануу. Бул климакс учурундагы эң көп кездешчү көрүнүш.

Манжалардын катып калышы: Бир же эки колдун тең сөөмөй, аты жок жана ортон манжалары кокусунан эле уюп, катып калат. Бул көбүнчө түндө, уктап жатканда болот. Эртең менен манжаларды ачып-жумууда колдун сөөктөрү катуу ооруйт.

Дененин чымырашы: Териде кумурска жөрмөлөп кетип бараткандай сезим калтырган чымыроо бир колдо, бутта же дененин тең жарымында болот.

Маанайдын кескин өзгөрүшү;

Кыжырдануу, чарчоо, тынчсыздануу;

Тамакка бир нерсе тыгылып калгандай сезим: Климаксты баштарынан өткөрүп жаткан аялдардын көпчүлүгү тамагына бир нерсе тыгылып калгандай жагымсыз сезимге туш болушат. Ал нерседен арылуу үчүн улам-улам жутунуу да жардам бербейт. Бул көрүнүш айрыкча түнү уктоого тоскоол болот. Мындай сезим бир жылдай убакытка созулуп, андан кийин өзү жоголуп кетет.

Депрессия: Адатта депрессиянын себептери үй-бүлөлүк чыр-чатак, жумуштагы жагымсыздык, жакын адамынын оорушу жана башкалар болот. Бирок климакс учурунда адам эч себепсиз эле депрессияга кабылышы мүмкүн.

Жыныс кынынын кургоосу, кычышуусу: Климакска туш болгон же анын башталышынын алдында турган аялдын организми жыныс гормондорун аз бөлүп чыгара баштайт. Мунун натыйжасында жыныс кыны кургак болуп калат. Бул болсо анын кычышуусу менен коштолот.

Заараны кармай албоо: Гормондордун жетишсиздигинен улам бул курактагы көпчүлүк аялдар заара кылууда жагымсыз сезимдерге туш болушат же заарасын кармай албай, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө анын чыгып кетишине кабылышат.

 

Климаксты жеңилдетүүчү элдик каражаттар

Лимон менен жумуртканын кабыгы: 10 даана лимонду туурап, кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрөсүз. Аны 5 жумуртканын майдаланган кабыгына аралаштырып 10 күн коюп коёсуз. Бул убакыт аралыгында жумуртканын кабыгы эрип кетүүгө тийиш. Ушундан кийин бул аралашманы бир күндө 3 маал 2 чоң кашыктан кабыл аласыз. Климакс учурундагы абалыңызды жеңилдетүүчү бул аралашманы 1 ай бою жешиңиз керек.

 

Бүлдүркөн: Бүлдүркөндүн мөмөсү же ал кошулган чай климакс учурундагы кыжырданууну, тынчсызданууну басат.

 

Кызылчанын ширеси: Мындай абалды жөнгө салууда кызылчанын ширеси да мыкты каражат. Бирок дароо эле анын өзүн ичүү сунуш кылынбайт. Алгач теңме-тең кылып суу же сабиздин ширесин кошуп ичүү туура. Анан аз-аздан азайтып отуруп таза кызылча ширесине өтүү талапка ылайык.

 

Кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсү: Натыйжалуулугу үчүн кайыңдын жалбырагы менен сөйкөсүн апрель айында жыйнап коюу керек. Болжол менен 30 даана жалбырактын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюп, үстүн жаап алты саат тыныктырып коюу керек. Пайда болгон маңызды тең үч бөлүккө бөлүп алуу керек да, биринчи бөлүктү эртең менен, экинчисин түштө, үчүнчү бөлүгүн кечинде аз-аздан ууртап ичүү керек. 14 күн тынымсыз ичкенде натыйжасы байкала баштайт.

А сөйкөсүн болсо жарым литр аракка 30 күн чылоо зарыл. Андан кийин эртең менен, түштө, кечинде тамактанарга жарым саат калганда бир ууртамдан ичүү керек.

 

Айназик Раимкулова

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.