АЖИБЕКОВА Насиба: «Майып аял үчүн эки баланы багуу кыйын экен»

Бир бөлмө ичинде таяк менен оокат кылган аял жана 4 жаштагы жароокер бала менен жылыткычтын түтүгүнө белинен байланган жаңы баскан наристе өзүнчө бир үй-бүлө болуп жашап келишет. Майып болуп төрөлүп, оор тагдырда күн кечирген Насиба тууралуу сөз башынан болсун.

 

«Апам дарылатып жүрүп, он жашымда бастым»

– Мен Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айылында туулуп-өскөм. Бутумдан жабыркап тубаса майып болуп төрөлүптүрмүн. Апам байкуш мени алып барбаган жери калбаптыр. Ошондо да бутум түзөлбөй, кайрылган бойдон калып, он жашымда таяк менен араң бастым. Мектепке бирде барсам, бирде барбай окудум. Себеби суук күндөрү бутум зырылдап ооруп, үйдөн чыга албай жатып калчумун. Кийин ден соолугум эле эмес, жашоом да азаптуу болду. Атамды жамандагым келбейт, бирок аябай көп иччү. Ичип келип тополоң кылып, бизге күн көрсөтчү эмес. Апам байкуш аялдын да, эркектин да жумушун жасап, майып мага кошуп төрт бир тууганымды бакты. Дагы жакшы, таятам апама там салып берген. Ортодо ата-энем ажырашып, жарашып кыйын эле күндөр өттү. Биз ата мээримин эмес, анын зулумдугун гана көрдүк. Камкордугу, кайрымы жок болсо, өз атаңдан деле тажайт экенсиң, кадимкидей тажачубуз. Азыр балалыгыма кайрылсам, атамдын ичкени менен бутумдун ооруганынан башка нерсе эстей албайм.

 

«Өзүмө окшогон майып адамга турмушка чыктым»

– Мектепти 10-класска чейин окуган соң, 2005-жылы аяш энемдин жардамы менен Бишкекке келип, Сабырбек Жумабековго операция жасаттым. Бутум бир аз айыккансып, Бишкекте жашап калдым. Жашым келип турмуш тууралуу ойлондум. Майыпка майып адам эле үйлөнбөсө, соо адам кайдан кайрылсын. 27 жашымда өзүмө окшогон майып адамга турмушка чыктым. Күйөөм менен ооруканадан таанышкам. Ал жол кырсыгына кабылып, андан улам бир бутун кестириптир. Ошондон кийин аялы эки кызын алып кетип калган экен. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип үйлөнүп алдык. Үй-жайыбыз жок, ар жерде жашап жүрүп кош бойлуу болдум. Алгач дарыгерлер чочулашкан, бирок Кудай колдоп эки уулду аман-эсен төрөп алдым. Кош бойлуу кезимде балдарымдын ден соолугунан абдан чочулачумун, Кудайга шүгүр, экөө тең алты саны аман төрөлүштү.

 

«Күйөөм бизди камсыздай албай таштап кетти»

– Балалуу болуу бакыт болгону менен, аларды багуу чоң түйшүк эмеспи. Эки балалуу болгон соң турмуш бизди кыйнап баштады. Мурда ар кайсы тууган, достордун үйүндө жашап жүрсөк, төртөөбүз болгондон кийин батпай калдык. Бир күнү жолдошум: «Балдарды кандай баксаң, ошондой бак, мен тажап кеттим. Эркек башың менен бирөөдөн суранып, бирөөлөрдүн үйүндө жашоо кыйын экен. Ата керек болсо, чоңойгондо издеп таап алышат», - деп бизди таштап кетип калды. Анда балдарымдын кичүүсү болгону алты айлык эле. Чынын айтсам, мен үчүн бул нерсе оор деле болгон жок. Тескерисинче, кадимкидей жеңилдеп калдым. Анткени ал да майып болгондуктан, мага абдан күч келчү. Кир-когун жууп, тамагын кылып, айтор, эки балама кошуп аны да багып келгем да.

 

«Боорукер эже батириме 10 миң сом төлөп берип жатты»

– Күйөөм кеткен соң балдарым менен айылга апама бардым. Айылда кыйналганыма карабай таяк менен араң басып, алыстан суу ташып жашоо менен күрөшүп жүрдүм. Апам да оорукчан болгондуктан: “Эки балам менен жүк болбоюн”,- деп, балдарымды алып кайра шаарга келдим. 2016-жылы 10-октябрда келип, көп өтпөй ооруканага жатып калдым. Ошол жерден тууганын көргөнү келген Ира деген боорукер эжеге жолуктум. Ал эже менен сүйлөшө кетип, тагдырымды баяндап бергем. Ал менин абалымды түшүнүп, азыр жашап жаткан жатакана тибиндеги үйгө эки балам менен алып келип киргизди. Октябрь айынан бери эже батирдин акысына 10 миң сомдон төлөп келди. Үйдүн ичи жылуу, ысык суусу ичинде, эки балам менен жыргап эле калдым. Кечке уулдарымды карап үйдөмүн, кээде эптеп бирин жетелеп, бирин коляскага салып алып эшикке чыгып келем. Кичүү балам тынчы жок болгондуктан, жылыткычтын түтүгүнө белинен байлап коём. Майыптыгым менен балдарымдын жөлөк пулу 4500 сом. Ошону тамак-аш, кийим-кечекке жеткирем. Бирок «багы жокко дагы жок» болуп, жакында эже келип: «Капа болбо, мындан ары батир акысын төлөй албай калдым». - деп кетти. Эмнеге капа болмок элем, ыраазычылыгымды айттым.

 

«Кайрадан жардамга муктажмын»

– Анан мындан аркы жашоом кандай болот деп ойлонуп президентке кат жазып, кабылдамасына бардым. Убактылуу баш калкалай турган батир берсе деген үмүтүм бар эле, бирок алар: «Капа болбо, казынада акча жок. Бизден көрө майыптар үйүнө бар», - дешти. Майыптар үйүнө эки бала менен барууну каалаган жокмун. Бирок майып аял үчүн эки баланы жалгыз бой багып чоңойтуу оңой эмес да. Анан жогорку жактагылардан жардам болбосуна көзүм жеткенде жардамды карапайым калктан эле суроону чечтим. Эптеп балдарды чоңойтуп алсам, башка арманым жок эле. Кээде: «Балдарыңды бага албасаң бизге бер», - деп акча сунуштагандар болот. Мен андайга эч качан макул эмесмин. Бир күн курсагым тоёр, бирок балдарымсыз кантип жашайм. Үмүтүм ушуларда, чыдап чоңойтуп алсам, эртең мени багышат. Балдарымды төрөп алганыма, Жараткан энелик бакыт бергенине кубанам. Бул кубанычымдан ажырагым келбейт.

РСК банк: 1039825

Байланыш телефону: 0771 93 84 00

 

Динара ЧОКОЕВА