Гүлнур САТЫЛГАНОВА кечээ жана бүгүн

Бул ирет КРдин Эл артисти Гүлнур Сатылганованын альбомун барактап, аны ийгиликке алып келген жол тууралуу сөз калдык.

 

 

«Чачы кыска кыздарга суктанчумун»

– Биз союз учурунда өстүк. Ал кездин талап, тартибине ылайык, мектепке форма кийип, бантик тагынып барчубуз. Атам бизди катуу кармап: «Кыз киши чачын кыркса, бактысын кыркат», - деп чач кыркуубузга уруксат берчү эмес. Мектепке барарда чачымды өрдүрүү көйгөй болгондуктан, чачы кыска кыздарга абдан суктанчумун. Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум, кийим жетишсиз болуп, бирибиздикин-бирибиз кийип өскөнбүз. Мектепте так илимдерди жактырчу эмесмин. Тарых, биология сабактарын жакшы окуп, жалпысынан орто окуган окуучулардын катарында болдум.

 

«Кондитер азыктарынын түрүн жасаганды үйрөндүм»

– Фрунзе шаарына биринчи жолу мектепти аяктаган соң апам менен КамАЗга отуруп алып келгем. Искусство институтунда кабыл алуу бүтүп калгандыктан, абдан маанайым түшүп кайра айылга кеткем. Айылда жүргөнүмдө классташ кызым: «Бир жыл бош болбой кондитердик училищеге окуп турбайсыңбы?» - деп калды. Атам менин ырчы болушума каршы эле. Андан улам кондитердик училищеге окушумду колдоду. Бир жылда кондитердик азыктардын түрүн жасаганды үйрөндүм. Практикага торт, булочка, сушка, нан чыгарган заводдорго көп барчубуз.

 

«Алгач ирет жылдызым айылдан жанган»

– Окуудан айылыма эс алууга барып калдым. Байкем райондор аралык ыр кесеге даярданып жаткан экен. Мени да катышууга чакырып, гитара менен ырдамай болдум. Кече Токтогул районундагы маданият үйүндө болду. Кезегим келгенде гитара менен Алла Пугачёванын ырын ырдадым. Зал жымжырт боло кунт коюп угуп, ырдап бүтөнүмдө кол чаап токтобой коюшту. Элдин мындай суранычы менен кезегимди узатпай 3-4 ырды катар ырдадым. Ошол жерден алгачкы жолу жылдызым жанган.

 

 

 

 

«Кыялыма жол ачылды»

– Кийинки жылы Искусство институтунун хор дирижёр бөлүмүнө тапшырып, келечекке көп максаттарды коюп, дитимди окууга бурдум. Эрик Кадырбаев менен Искусство институтунан таанышып, ошол студент курактан чыгармачылыкта иштеп баштадык.

 

 

 

 

 
 
 
 

«Чоң сахнага да чыктым»

– Студент кезимде кызыгуу менен «Жетиген» тобунда солист болуп ырдап жүрдүм. Бир ирет топ менен «Мыскыл жана тамаша” берүүсүнө катышып, биринчи жолу филармониянын сахнасына ансамбль менен «Көпөлөк» деген ырды ырдап чыгып телеге тартылгам.

 

 

 

 

 

«Жолдошум экөөбүздүн сүйүүбүз абдан катуу болгон»

– Окууну бүткөн соң Марат Алышпаев жетектеген Чүй облустук куудулдар театрында иштеп жүрүп жолдошум Даниел менен тааныштым. Кийин экөөбүз Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда чогуу иштеп калдык. Театрдын ачылышында «Каркыранын канаты» деген спектаклде башкы ролду ойногонбуз. Ал учурда чынында турмушка чыгуу тууралуу оюм жок болчу. Карьерамды өстүрөм деген ойдо элек. Кийин Даниел мага көңүл буруп баштады. Бара-бара жылдызыбыз келишип, бири-бирибизди сүйүп калдык. Сүйүүбүз абдан катуу болду, андан улам мен чыгармачылыгым тууралуу унутуп калдым. 24 жашымда ага турмушка чыгып, бир жылдан кийин балалуу болдук.

 

 

 

«Сынактардагы ийгилик мага шык берди»

– 8-9 ай кош бойлуу экениме карабай ырдап жүрүп, үйгө жеттик. Төрөгөндөн кийин театрдан чыгып, жеке карьерамды баштадым. Эрик экөөбүз чет жерде өткөн сынактарга барууга умтулуп, «Славян базары» фестивалынан, Астанада өткөн «Азия даусы» сынагынан гран-при алып келдик. 1998-жылы «Ысык-Көлдө кадыр түн» сынагынан гран-приге жетип, автоунаа утуп алдым. 1999-жылы алгачкы жеке концертимди бердим.

 

 

«Уулум быйыл жаныма келет»

– Уулум Арнас 1995-жылы төрөлгөн. Балам төрт-беш айлык болгондо жолдошум каза болуп калды. Бир жыл ырдабай бала менен үйдө отурдум. Апам баламды карашып жардам берип, мен акча табуу үчүн анча-мынча чакырууларга барып кайрадан чыга баштадым. Уулум учурда Кытайда окуп жатат. Буюрса, быйыл окуусун бүтүп жаныма келет.

 

 

«Бүгүнкү жашоомо ыраазымын»

– Атактуу болуп, элдин сүйүүсүнө татуу чоң эмгекти талап кылган, татаал нерсе. Мен ага 31 жыл тынымсыз эмгектенүү менен жетип КРдын Эл артисти деген бийик статус ээ болдум. Элге кадырлуу, жаштарга үлгү боло алганым жетишкендигим. Репертуарымда 200дөй ыр бар, ар бири архивимде сакталуу. Алдыга да көп пландарым бар. Жеке жашоомдо Кудайга шүгүр, балама татыктуу эне болдум. Бирок мага татыктуу эркекти жолуктура албадым. Мунун бир себеби өзүмдү бүтүндөй чыгармачылыкка арнап койгонум болду. Буга өкүнбөйм, жашоомо ыраазымын. Атамдан эрте ажырадык, апам кийин оорудан каза болду. Апам мага бир туугандарымды аябай табыштап кетти эле. Мен апамдын керээзин эске алып он бир тууганымдын баарынын көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып үй, автоунаа алып берип, кыздарын турмушка узатып, балдарын үйлөп, колумдан келишинче жардамымды бердим. Өзүмдү эле ойлоп өзүмчүл болсом, эмдигиче миллионер болмокмун, бирок мен өзүмдү бир туугандарыма да арнадым. Ата-энем ушул кезибизди, биздин сыйыбызды көрбөй өтүп кеткенине катуу өкүнөм.

 

Динара ЧОКОЕВА