УРМОНОВ Асылбек: «Уулум элдин сыймыгы болгонуна кубанып турам»

Аз убакыт мурун орус тележылдызы Максим Галкиндин «Лучше всех» телеберүүсүнө таланттуу эгиз кыздар Айпери менен Нурпери катышып келишкен. Апрель айында ал берүүгө Кыргызстандын атынан 7 жаштагы талант Нурмухамед Ташмаматов катышкан. Берүү жакында Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлүп, жаш спортчу калың элдин көңүл чордонунда болуп турган чак.

– Асылбек мырза, уулуңуздун «Лучше всех» берүүсүнө кандайча катышып калганы баарыбызга кызык болуп жатат?

– Уулум Нурмухамеддин социалдык баракчалары бар. Биз ал жакка баламдын ийгиликтерин жүктөп турабыз. Орус телеканалдары абдан күчтүү иштешет экен, бизди өзүлөрү интернеттен таап, сынакка чакырышты. «Билли Ло (Брюс Ли) против мастера нунчаку» деген тасманын бир мүнөттүк видеосун жөнөтүп: «Ушул видеодогу трюктарды Нурмухамед кайталап аткара алабы?» - деп сурашты. Биз колубуздан келерин айтып, үч күндүн ичинде даярданып, уулум экрандын жанында аткарган видеону салдык. Көп өтпөй кастингден өткөнүбүздү тастыктаган кат жөнөтүшүп, Кудайдын буйругу менен барып калдык. Негизи бул видеодогу көрүнүштү алар көп адамдарга сунуштап, бирок эч кимиси аткара албай жүргөн экен.

– Телеберүү тартылып жатканда сиздерде кандай сезимдер болду?

– Москвада эки күн даярдык көрүшүп, үч күн съёмка болду. Ал жактын абасы жакпай абдан кыйналдык. Ушундан улам эфирге тартылуу учурунда тынчсызданып отурдум. Кудай жалгап балам баарын ийгиликтүү аткарып кетти. Максим Галкин абдан таң калды. Көрсөтүлгөндөн башка да кызыктары бар эле, бирок аларды монтажда кесип салышыптыр.

– Нурмухамеддин ийгилиги үчүн сиздер менен кошо жалпы кыргыз эли чоң кубанычта болду.

– Ооба, Москвада жүрүп мекендештерге абдан ыраазы болдум, биз тааныганы да, тааныбаганы да конокко чакырып жатышты. Азыркыга чейин Орусиянын ар кайсы шаарынан чалып сыймыктангандарын билдирип жатышат. Санкт-Петербург шаарынан Ильяз Тайчиев деген жигит чалып: «Байке, бул жактан белегибизди бере албай калдык», - деп банк аркылуу акча салып жибериптир. Акчаны алып балам экөөбүз базарга барсак, соода кылган өзбек балдар уулум менен сыймыктанарын айтышып, алар да белектерин ыйгарышты. Деги эле карапайым калктан айланса болот экен. Ал эми Өкмөт жактан бир үн жок. Кыргызстандын атынан барып келдик, телеберүүдө: “Кыргызстан, Жалал-Абад”, - деп жазылып турду. Бизге каражат же сыйлыктын кереги жок эле, Кыргызстандын аты чыгып жатканы үчүн гана Өкмөт бир көңүл буруп койсо кубанып калмакпыз. 

– Балаңыздын спортко болгон кызыгуусу канча жашынан башталган?

– Уулум үч жашынан баштап спортко кызыгып, ар кандай ыкмаларды жасай берчү. Күндөрдүн биринде эшикте баягы ыкмаларын жасап жатса, Сыдыков Алишер деген агайы көрүп, шыгын байкап калыптыр. Алгач бизге айтпастан эшиктен 2-3 күн машыктырыптыр. Баламдан бир нерсе чыгарына көзү жеткенде, мага уулумдун шыгы бар экенин айтып, спорт залга алып баруумду сунуштады. Ошентип уулум 5 жашка толбой жатып залга барып, чын дилинен машыкты. Андан бери Кудай берген таланты өрчүп, облустун чемпиону болуп келет. Республикалык мелдештерден баламдын жашына туура келгени жок экен. Жакында Казакстанда өткөн мелдешке катышканы жатканбыз. Балам ал жактан “Азиянын чемпиону”  болот деген үмүтүбүз бар эле, бирок ошол учурда «Лучше всех» телеберүүсүнө чакырылып калып, ошол жакты тандап калдык. Кудай насип кылса, уулум келечекте мыкты спортчу болуп, киного тартылат деген максаттарыбыз бар. Быйыл балам мектеп босогосун аттайт, чоң ийгиликтер али алдыда.

 

Динара ЧОКОЕВА