Дүйнөнү таң калтырган эң акылдуу балдар

Биз жашап жаткан ааламда таң каларлык көрүнүштөр арбын. Жараткан адамдарга бир-бирине окшобогон ар кандай кереметтерди тартуулайт. Бул ирет наристе күнүндө дүйнөнү таң калтырган балдар тууралуу маалымат беребиз.

 

 

Грегори Смит 12 жылда 4 жолу Нобель сыйлыгын алган.

Грегори 1990-жылы туулган, ал 2 жашынан баштап окуганды үйрөнүп, 10 жашында университетке тапшырган. Кичинекей гений илим менен гана алек болбостон, балдардын укугун коргоочу кыймылдын активисти катары дүйнөгө саякат жасап чыккан. Ошондой эле Дүйнөдөгү балдар арасындагы жетишкендик, түшүнүшүү кыймылынын негиздөөчүсү. Ал 12 жылда төрт жолу Нобель сыйлыгынын ээси болгон.

 

7 жаштагы хирург Акрит Ясвал

Акрит Ясвал 1993-жылы Индияда туулган. Ал бала кезинен атактуулукка жетишип, Индиядагы эң акылдуу бала катары таанымал. Акрит Ясвал 2000-жылы кокусунан биринчи хирургиялык операция жасаган. Ал кезде өзү жети жашта, ооруга кабылган коңшу кыз сегиз жашта болгон. Кыз күйүктөн улам колун ача албай калган, Акрит медициналык илимден кабары жок болсо да, зарыл болгон аракеттерди өз алдынча кылып, кыздын манжаларын кыймылга келтирип берген. Бул кокустуктан кийин бала докторлукка окууга кеткен.

 

 

 

Оскар Ригли АКШнын тандоосу боюнча эң акылдуу бала

2010-жылы 2 жаштагы Оскар Ригли АКШда “эң акылдуу бала” деп табылган. Ал 9 айынан баштап сөздөрдү эле эмес, сүйлөмдөрдү айта баштаса, 2 жашында чоңдор менен олуттуу темалар боюнча сүйлөшүүгө өткөн. Ал апасына пингвиндердин репродуктивдүү цикли тууралуу айтып берген. Негизи бул жөнүндө окумуштуулар гана билишкен. Анын ата-энеси баласынын келечекте көп ийгиликтерди жаратарына ишенишет. Белгилүү «Менса» жогорку интеллектуалдык адамдардын клубу аны өз мүчөлүгүнө алган.

 

 

Эки жаштагы сүрөтчү Аэлита Андрэ

Аэлита 2 жашка чыга электе эле сүрөт тартууга кызыгып, алгачкы эмгектерин жарата баштаган. Балким, анын картинкалары ата-энесинин текчесинде калмактыр, бирок анын жылдызы кокусунан жанган. Мельбурнда Brunswick Street Gallery галереясынын директору Марк Джеминсон бир фотографка жолугуп, анын сүрөттөрүнө көзү түшөт. Дароо эле жылдык сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүгө келишишет. Качан гана журналга жарнама басуу үчүн барганда, сүрөттөрдүн ээси фотографтын эки жашар кызы Аэлита экенин билет. Директор, албетте, кичинекей кызды көрүп шок абалында калган, бирок баары чечилгендиктен келишимди өзгөртө алган эмес.

 

 

Ким Унг-Йонг 4 жашында университетке тапшырган.

Корей улутундагы Ким Унг-Йонг 1962-жылы туулган. Балалыгынан феноменге айланган бул адам ушул убакка чейин Гиннес рекорддор китебиндеги эң мыкты рекордчулардын катарында келет. Ал 3 жашар кезинде япон, корей, немис жана англис тилдеринде окуганды үйрөнгөн. 5 жашка келгенинде эң оор теңдемелерди чыгарып баштаган. Ошондон кийин аны япон телеканалы телеберүүгө чакырып, ал өзүнүн кытай, испан, вьетнам, филиппин, немис, англис жана корей тилдеринде эркин сүйлөй аларын далилдеп берген. Ким 4 жашында Hanyang университетине тапшырып, 7 жашында АКШнын Улуттук башкаруу боюнча аэронавтика жана космосту изилдөө мейкиндигинде иштөөгө сунуш алган. 15 жаш курагында физика илиминин доктору болгон. АКШда 1978-жылга чейин иштеп, кийин Кореяга кайтып келип, сейил бактарды куруу менен алектенген. Ошол эле учурда доктордук диссертациясын жактап, Кореядагы эң белгилүү университетте иштөөгө чакырылган. 2007-жылдан бери Ким Chungbuk National университетинде иштейт.

 

 

Клеопатра Стратан бир номери үчүн 1000 евро табат

Клеопатра 2002-жылы Кишинёвдо ырчы Павел Стратандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Бүгүнкү күндө Клеопатра эң мыкты жаш ырчы катары белгилүү. Анын биринчи альбому 3 жашында жарыкка чыгып, каржы жагынан ийгилик алып келген. Жаш экенине карабай көп жолу эл толгон чоң концерттик залдарда 2 сааттык концерттерин өткөргөн. MTV ага “Эң мыкты жаш ырчы” наамын берген.

 

Планетадагы эң акылдуу бала Махмуд Ваиль Махмуд

1999-жылы жарык дүйнөгө келген Махмуд Ваиль Махмуд Гиннес рекорддор китебинде планетадагы эң акылдуу бала деп табылган. Махмуд кичине кезинен татаал арифметикалык маселелерди чыгарат. Анын математикалык оор эсептерди чыгаруу тездиги Египеттеги бардык белгилүү окумуштуулардыкынан бат. Ал учурда атайын сунуш менен дүйнөгө эң белгилүү компьютердик компанияда өз алдынча программа менен окуйт. Келечекте врач болууну кыялданат.

 

Динара ЧОКОЕВА