Жигиттер, жубай тандоодо адашпагыла!

Апам эмнегедир бүгүн башкача. Менин айланамдан чыкпайт. Бир нерсе айтайын дейт, бирок айта албай чайналып жатты ичинен. Мен баарын байкасам да, билгизбей жүрө бердим. Кечинде чай үстүндө атам экөө сөз баштады, көрсө, жанагы эле «үйлөн» деген сөзүн айта албай жаткан тура. Бул ирет алар мага атамдын жакын санаалаш досунун кызын табышыптыр. Мен дароо эле: «Жок», - деген жообумду айттым. Экөө тең мени дайымкыдай урушуп киришти. Мындай көрүнүштүн далайын башымдан өткөрүп, бышып да, көнүп да кеткем. Бир убакта апам ыйлай баштады: “Элдин апалары небере жетелеп, бутун төргө асып жатышат. А менчи? Эртеден кечке жумушта болсом, андан чыгып үйдүн жумушун кылам. Уулум, мен чарчадым. Канча өмүрүм калды ким билет, бирок мен да башкалардай жүргүм келет. Жашың да 25тен өтүп жатат, деги үйлөнгүң барбы?”-деп ай-буйга келбей ыйлап жатты. Бул апамдын кезектеги актрисалык өнөрү. Эмне демек элем, унчукпастан туруп кеттим.

Негизи өзүм жөнүндө айтсам, мен үй-бүлөдө 2 кыздан кийин төрөлгөм. Эжелерим алда качан турмуш куруп, бизден алыстап кетишкен. Ата-энем да ачыгын айтканда, бир топ жашка барып калышты. Апамды келиндүү кылгым келет, бирок мен бойдокчулукту сүйөм.

Эртең менен күндө мени ширин кытыгылап ойготчу, таттуу чай берип, жумушка узатчу апам бүгүн жок. Мага таарынган сыяктуу. Апамдын ушул кыял-жоруктарын аябай жакшы көрөм. Маани деле бербей жумушка кеттим. Бирок апам мага 10 күн сүйлөбөй койду. Жүрөгүм сыгылып акыры апамды сөзгө тарттым. Такыр болбойт, айласыздан үйлөнүүгө макул болдум. Мындай сөздү угуу менен апамдын кабагы жаркылдай түштү. Ошентип аяш атамдын кызына жолугушмай болдум. Бирок жакпаса дароо эле үйлөнбөшүмдү айттым. Апам макул болду.

Жолугушуу. Сейил бакта апам алып берген гүлдү кармап күтүп отурдум. Мен күткөн кыз уламдан-улам кечигип жатты. Кетмекчи болгонумда алыстан бир кыздын келе жатканын байкадым. Так эле апам сүрөттөп бергендей: кара тору, чачы узун, дене бою орточо, узун көйнөк кийген кыз деген болчу апам. Аны бир көрүп эле дароо байкадым. Менимче, шаарга жаңы эле айылдан келгендей.

Таанышып болгон соң пикир алыштык. Жаш болсо да жашоого терең көз карашта караган кыз экен. Болгону 19 жашта. Жан дүйнөсү таза, тунук жан көрүнөт. Бирок менин башка көз салып жүргөн кызым бар эле. Эмнегедир көңүлүм ачылбай койду бул кызга. Адамды тартып алар деле сулуулугу, келишкен келбети жок. Жөн гана айылдык кыз. Мен досторумдун алдында кадыр-барктуу адаммын. Ачыгын айтканда, бир аз керсейген жайым бар. Ушул учур да бул кызды өзүмдөн төмөн сезип турдум. А мен көз салып жүргөн кыз болсо, эх, тим эле жеп жиберчү кулпунайдай кулпурат. Бирок андай кыздарды апам жактырбайт: «Шаардык эчки», - деп. Араңдан жолугушууну бүтүрүп, үйгө кайттым. Апам жандалбастап сурай калды эмне болгонун. Мен тек гана: «Жакпады ал айылдык кара кызыңар», - деп жооп бердим. Апам жини кайнап урушуп кирди. «Сен эмне, асмандагы Айсыңбы? Тим эле кара кызыңар деп коёт. Биз шаарга көчүп келип, шаарда жашабаганыбызда, сен да айылдык капкара жигит болмоксуң. Эмне өзүңдү анча бийик сезесиң, ыя? Муну кара, мага шаардык боло калганын», - деп сүйлөнүп жатты. Апамдын бул сөздөрүн угуп, айткан сөзүмө өкүндүм. Атам да, апам да болбой: “Ушул кызга үйлөнөсүң”, - деп туруп алышты. Айлам куруп, ойлонуп отуруп, акыры мага бир ой келди. Тиги кызды бул тойдон өзү баш тарта тургандай кылып план түзүп алдым. Эми аны ишке ашыруу гана калган эле. Алгач жолугушууларга чакырып, сейил бактарда айланып, ар кандай шартта көңүлүн ала баштадым. Байкап карасам жан дүйнөсү жаш баладай таза экен. Ал кубанып жылмайганда жүрөгүм жибий түшөт. Ал менен жүрсөң таза дүйнөдө жүргөндөй болосуң. Көздөрү жалындаган от сымал жанып турат. Бул көздөргө тигилип карап турсаң, кайра чыга алчудай эмессиң. Убакыт зымыраган куш сымал өтүптүр бул аралыкта. Тиги кыз менен дээрлик жарым жыл бирге болуптурмун. Бул биргеликте мен аны дээрлик 99 пайызга билип алгандаймын. Анын алсыз тараптарын, күчтүү тараптарын, мүнөзүн баарын билип алдым. Демек, кезек менин планымда.

Акыркы учурларда аны өзүмдөн алыстата баштадым. Корс мүнөзгө өзгөрдүм. Калп эле башка кыздарга кызыгуум жаралгандай түр көрсөтөм. Байкуш түшүнбөй эле мени айланат да, айланат. Бул күн планымдын акыркы күнү болушу шарт эле. Анткени бүгүн мен көз салып жүргөн кызыма сүйүүмдү билдирмекмин. Атайын ушул кечеге арнап чакан дасторкон жайып, дос-тааныштарды топтоп кафеге чакырдым. Албетте, айылдык кызды дагы. Мен күткөн достор, сүйүктүүм да келип калды. Бирок тиги айылдык кара кыз жок. Кашайып келбей койсо не болот деп кыжалат болуп жатканда, ал периштедей болуп эшиктен кирип келди. Үстүнө узун, өзүнө жарашкан апакай көйнөк кийген экен. Чачын да аябай кооз жасалгалатып келиптир. Аны алгач көргөндө жүрөгүм бир «тыз» деп алды. Өзүм да башкача боло түштүм бул сезимден. Достурум ага башкача көз караш менен карап жатышканын байкадым. Бул мени кыжырдантып жатты. Ичим ысып, аба жетпей баратты. Мага эмне болду, түшүнбөй турдум. Убакыт болуп, мен сахнага чыгып, сүйүктүүмө сүйүүмдү билдирдим. Ал бул сунушумду кубануу менен кабыл алып, макул болду. Биз бактылуу болуп, кучакташып турдук сахнада. Бирок бул учурда бир адамга кандай кыйын болуп жатканын мен сезбеген экем. Сүйүктүүмдү жетелеп, анын жанына келип атайын тааныштардым: «Таанышып алгыла, бул менин сүйүктүүм Аделя. А бул жакшы карындашым Арууке”. Арууке айылдык кара кыздын аты. Ал үнсүз гана салам берип койду. Мен өз ишиме маашырланып, эч нерсе болбогондой жүрө бердим. Аруукенин маанайы суздашып калганын байкадым. Акыры чыдабай акыбалын сурадым. Ал: “Баары жакшы. Мен эми барайын, кеч болуп кетти”, - деп сыртты көздөй жөнөдү. Эмнегедир андан кабатыр болуп чыктым. Артынан атып чыгып, таксиге отуруп жаткан жеринен колунан жетелеп машинама салып, үйүн көздөй бет алдык. Ар убак кубанычтуу жүргөн Арууке суз отуруп келди. Машинадан да коштошпостон түшүп кетти. Байкуш араң гана басып баратат. Артынан түштүм да, аны токтотуп, өзүмө тарттым. Арууке араң эле турган экен, ыйлап жиберди. Аккан көз жашы менин колдорума тамчылап куюлуп жатты. Токтоно турган түрү жок. Аны биринчи жолу кучагыма алдым. Ал ансайын шолоктоп ыйлап кирди. Мен ушул учурда өзүмдү алгач ирет акмак сездим. Көрсө, мен бул баёо сезим, бала мүнөз Аруукенин көңүлүн, жүрөгүн булгаган, анын сезимдерин тебелеген экем. Сезбеген экем мен акмак.

Ошол окуядан кийин мен Аруукени такыр көрө албадым. Ал менин жашоомдон чыгып кетти. Мен каалабаган той да токтоду. Бирок мен кубана албадым бул нерседен. Менин жашоомдо кандайдыр бир боштук пайда болду. Сагыныч, кусалык, өкүнүү пайда болду жан дүйнөмдө. Сүйүүмдү арнаган сүйүктүүм ал боштукту такыр толуктай албай койду. Демек, мен издеген адам ал эмес. Арадан 2 жыл өттү. А мен дале бойдокмун. Апам да мени өз жайыма койду. Ачыгын айтканда, менден түңүлдү. Ал эми жанагы сүйүктүүм менен бирге боло албадык. Ал таптакыр бөлөк дүйнөдө жашайт экен. А мен бөлөк. А Арууке изсиз жоголду.

Биздин бөлүмгө жаңы жаш кадрлар жумушка келгенин айтып, аларды кабыл алып, жумуш орду менен тааныштыруумду директорубуз дайындап калды. Аңгыча 2-3 кыз кирип келишти. Көргөн көзүмө ишене албай калдым. Дайынсыз жоголгон Арууке биздин бөлүмгө жумушка орношуптур. Бир саамга тиктешип туруп калдык. Ал укмуш өзгөрүптүр. Айылдык кара кыздан дайын жок. Чыныгы бийкечке айланыптыр. Экөөбүз чакан тамактанчу жайда сүйлөшүп олтурдук. Арууке жогорку окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, бизге сунуш боюнча жумушка орношкон учуру экен. Тагдыр буйруп, мен аны кайра жолуктурдум. Бирок эми аны кайрып алуу кыйын иш. Акмактыгымдын айынан ушул акыбалда жүрөм. Эх, аттиң, балким, апам айтканда эле үйлөнүп алсам, мындай кыйналмак эмесмин. Бирок мен эми өзгөрөм. Эми баары башкача болот. Арууке өз ишин мыкты өздөштүргөн адис болуп чыга келди. Бир бөлүмдө иштейбиз, бирок такыр сүйлөшпөйбүз. Анткени Арууке менден өзүн өтө алыс тутат. Кандай айла кылбайын, окшошпой жатты. Биздин компаниянын жигиттери Аруукеге көз арта башташты. Эми чындап аракет кылбасам болбос. Аны экинчи ирет колдон чыгаргым келбейт. Кечки тамакта апама: “Үйлөнөм”, - деп кесе айттым. "Кимге?" - деген апам суроолуу тигилди. Мен: «Айылдык кара кызга», - деп ордумдан туруп кеттим. Апам айттырбай баарын түшүндү. Ошентип баарын пландаштырып, мен Аруукени ала качып келе бердим. Аябай жаңжал кылып, ыйлап-сыктап, акыры мага жар болуп калды. Мен ишенип-ишенбей нике окулган соң көшөгө артына өттүм. Менин Аруукем ойлуу олтурат. Анын колдорунан биринчи жолу кармап, андан кечирим сурадым жана аны бактылуу кылганга ант бердим. Ал үнсүз жылмайып, мага башын жөлөдү. «Ушул күн келерине ишенгем. Ошондуктан сиздин жашооңуздан чыгып кеткем. Баарын түшүнүп жетериңизди билгем. Эми менден өткөн бактылуу адам болбостур”. Анын бул сөздөрүнөн мен да бактылуу болдум. Алда качан болчу той ушул күнгө буюрган экен. Биздин той мына эми болуп жатат. Келин алып апам менден өтүп бактылуу. Эмнеге апамды эртерээк бактылуу кылбадым деп өкүнүп калам. Аруукем эң сонун жубай болду. Эч качан сөзүмдү эки кылбай угат. Ысык тамак, таза кийим жана ар дайым жалындуу ысык кучагы менен тосуп алат. Мен Аруукеме күн өткөн сайын ашык болуп баратам. Мага тун наристебизди уул төрөп берди. Кечинде Арууке менен уулумдун уктап жатканын көрүп, өзүмдү бактылуу сезем. Эгер сен болбосоң Арууке, мен мындай бакытка жете алмак эмесмин. Мен сага ыраазымын, ашыгым! Ишенсең мен сага акылсыздарча ашык болуп баратам. Силерге кеңешим: жигиттер, жубай тандоодо адашпагыла.

Автор: Камчыбек Бостон,
Булак: NazarNews
. kg