АЙДАРОВА Анара: “Кайненемди өлтүрүп сегиз жылга кесилгем”

Темир тор артында жаткан аялдардын тагдыры ар түркүн. Бири оор кылмыш менен кармалып айыбын тартып жатса, бири болор-болбос ката кетирип эркиндигинен ажырап, айласы куруп отурат. Сырттан караган адам аларга сын тагуусу мүмкүн, бирок алардын тагдырынан сабак алуу андан да маанилүү. Бул сапар кайын журту менен тил табыша албай кайненесин өлтүрүп алган Анаранын тагдырын баяндайбыз.

 

"Апам таштап кетип, энемдин колунда чоңойгом"

– Мен 1988-жылы Базар-Коргондо төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Үй-бүлөдө үч бир тууган элек. Эжем жана иним бар. Балалыгым жашоомдогу эң бактылуу учурум болгон экен. Башка балдардан кем калышпай ойноп-күлүп, ата-энеме жардам берип, мал багып жүрүп чоңойдум. Тилекке каршы, кийин турмуштун тартыштыгынан улам үйдө көп уруш болуп, ата-энем ажырашып эки жолго түшүшкөн. Апам эжем менен инимди алып Ошко кетип калган эле. Мен чоң энем менен атамдын колунда калдым. Ошондон кийин баягы бактылуу балалыктан айрылып, апамдын мээрими жок жан дүйнөм аңгырап калды. Энем мени өзүнө тартып эрезеге жеткирди. Эжем учурда Жалал-Абадда үй-бүлөсү менен турат экен, иним болсо жаш кезинде эле соттолуп, Бишкекте түрмөдө отурат деп уккам. Алар менен байланышпайм. Эжем гана мурда аялдык кылып мага боор тартып, абалымды сурап турчу.

 

"Он эки жашымда сүйүүгө кабылдым"

– Мен үйдөгүлөргө жардам берип, мал багып чоңойдум дебедимби. Ушул себептүү мүмкүнчүлүк болбой мектептен да билим алган жокмун. Он эки жашымда Базар-Коргондон Ноокенге келип, дүкөндө сатуучуга жардам берип иштеп калдым. Ошондо болочок жолдошум менен таанышкам. Ал менден бир жаш улуу болчу. Мектепте 9-класста окучу эле. Бири-бирибизди жактырып сүйлөшүп жүрүп кийин баш кошо турган болдук. Үйлөнөрүбүздү ата-энелерибизге айтсак: “Али жашсыңар, силерге турмуш курууга эрте”, - деп каршы чыгышты. Биз жаштык кылып, үйдөн качып кетип жашап алдык. Арадан үч жыл өткөн соң кош бойлуу болдум. Ошондо гана жакындарыбыз биздин бирге болушубузга аргасыз макул болушкан. Мен кабылган бул жагдайды көпчүлүк сын менен карайт. Бирок мен турмуш жолуна эрте аттанганыма өкүнбөйм. Анткени жолдошум жакшы болчу. Экөөбүз төрт баланын ата-энеси болдук, 12 жыл жакшы жашадык. Балким, жашоомдо мындай бурулуш болуп, катачылык кетирбесем, дагы деле бирге жашап жаткан болмокпуз.

 

"Кайненемди кокусунан өлтүрүп алдым"

– 2015-жылы жолдошум үй-бүлөнү багайын деп Казакстанда иштеп жүргөн эле. Мен балдарым менен бирге кайненем, кайнатам жана чоң кайненем болуп турчумун. Алар менен башынан эле мамилебиз жакшы болгон жок. Анткени пенсияларын алган сайын арак ичишип, болбогон сөздөр менен тилдеп, кыжылдашып турушар эле. Ошол жылы 13-майда досторум чакырып, алардыкына конок болуп, үйгө түнкү экиден өткөндө келгем. Үйгө кирсем баягыдай эле кайнатам, кайненемдер арак ичип отурушкан экен. Мен аларга: “Кеч болду, жаткыла”, - десем, кайненем мени урушуп, сөгүп кирди. Ошол жерден аны менен айтышып, уруша кеттик. Ал: “Сен жакшы болсоң, жолдошуң Казакстанга кетпей сенин жаныңда, балдары менен болмок”, – деп мени жаман сөздөр менен тилдей берди. Ачууга алдырып жиним менен бир муштадым. Ал жыгылып калган соң артка бурулуп, өз бөлмөмө барып жатып алдым. Саат төрттөн өтүп калганда кайнатам: “Анара, тур. Энеңдин бүт денеси муздак экен, өлүп калган окшойт”, - деп мени ойготту. Мен ишенип-ишенбей ашканага кире калсам, кайненем баягы жыгылган жеринде кыймылдабай жаткан экен. Көрсө, аркасында турган столго катуу урунуп, ошондон каза болуп калыптыр. Эмне кыларымды билбей, киргенге жер таппай алаңдап калдым. “Тез жардам” чакырдык. Бирок: “Машиналар бош эмес”, - деп алар келбей коюшту. Анан участковый милицияны чакырсак, келбей жатып таң аткандан кийин келишти. Келип:“Силер дароо бизди чакырган жоксуңар, “Тез жардам” чакырган эмессиңер”, - деп бизди күнөөлөй башташты. Окуяга башынан күбө болгон кайнатам менен чоң кайненем тез жардам келбей койгонун түшүндүрүп бергенге аракет кылышты. Бирок мени толук коргоп кала алышкан жок. Ошол окуядан кийин беш жолу сот болуп, күнөөмдү мойнума алып, сегиз жылга эркимден ажыратылдым.

 

"Балдарымды сагындым"

– Тор артында отурганыма болгону эки жыл болду. Мен соттолгондо балдарымдын улуусу сегиз жашта, кичүүсү эки гана жашта болчу. Эки жылдан бери төрт баламдын бирөөсүн да көрбөдүм. Балдарымды абдан сагынып, куса болуп жатам. Алар учурда күйөөмдүн колунда. Башында жолдошум анда-санда болсо да келип турчу. Андан кийин негедир келбей кетти. Акыркы жолу кышта келгенде: “Балдарды жазында алып келем”, - деди эле, келген жок. Чоң кайненем майып болгондуктан, Социалдык коргоо борборунан бир кызды аны караганга жардамчы кылып беришиптир. Угушумча, жолдошум ошол жардамчы болуп барган кызга үйлөнүп алыптыр. Келбей жатканынын себеби ошол болсо керек деп ойлоп коём. Болбосо Ош-Бишкек жолу менен каттап бул жерден жума сайын өтөт. Анысына деле мейли дейм. Негизгиси балдарымды жакшы карашса болду. Бул жерде отурган кыз-келиндерге жакындары келишсе, мен томсоруп жол карап калам. Буга чейин баш багып, көз көрбөгөн жерде баары бир чоочуркайсың, жалгызсырайсың. Ал окуядан кийин атам менен да кабарлашпай калгам. Энем болсо өзү майып. Ошондуктан мага келе албайт. Учурда ал айылда жалгыз жашайт. Ал мени гезиттен окуп, телевизордон көрүп, менде баары жакшы экенин, мен аны сагынганымды билишин каалайм.

 

"Түрмөдө жатканым эмес, жакындарыман айрылганым мага сабак болду"

– Мен азыр бүт кылган иштерим үчүн өкүнөм. Анткени мен үчүн энем, балдарым кыйналып жатышат. Жакын адамдарымды көрө албаганым эле мен үчүн чоң жаза болду. Ичимден эзилип, кыйналып, жакындарымдын, өзгөчө энемдин ден соолугун тилеп отурам. Анткени мен үчүн энемдин канча чачы агарып, канча жылы кайгыга кетти. Аларды ойлоп жүрөгүм ооруйт. Убагында кадырын билбей, сөзүн укпай жүргөн күндөрүмдү эстеп, өзүмдү жемелейм. Менин тагдырым жаш кыздарга сабак болуп, жакындарын баалап, ата-энесинин тилин алышат деп ойлойм. Ата-эне балдарына эч кандай жамандык каалабайт экен. Буюрса, мага жеңилдиктер берилип, дагы эки жыл отургандан кийин чыгат экенмин. Ал күндү саат санап күтүп, эркиндикке чыккандан кийинки жашоомду кыялданам. Туугандарымдын алдында жакшы адам болуп, бала-чакамды алып, энемдин алдында жүрсөм деп максат кылып жатам. Бул жер мага чоң сабак болду. Экинчи жашоодо адашпайм.

 

Жаңыл ИСАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.