Заманбап сулуулук сакчылары

Cулуу болуунун жаңы ыкмалары кыз-келиндерди кыялындагыдай келбетке ээ кылууда. Ал сулуулук ыкмаларынын оң, терс жактарын, туура пайдалануу жолдорун адистер кеңеш кылышат.

 

Кирпик улоо

Чинара Барыктабасова, кирпик улоо боюнча адис:

– Кирпик улоонун Кыргызстанда пайда болгонуна 10 жылдай болсо да, акыркы эки жылдан бери кеңири жайылып, суроо-талап көбөйдү. Ар кимдин каалоосуна жараша классика, 2Dдан 10Dга чейинки түрлөрү бар. Эң жакшы жасалма кирпиктер «Вивьен» фирмасынын кирпиктери болуп саналат. Бул фирманын товарын 50 миңден ашык лешмейкерлер колдонушат. Жакшы мастер, жакшы материал тандап кирпик улаткан адам жасалма кирпик менен бир жарым айга чейин жүрө алат. Бул фирманын материалынын баасы түрүнө жараша 1000-1500 сомдун тегереги болот.

Пайдасы:

– Сулуулукту арттырат

– Күн сайын боёнууда жеңилдик болот.

 

Зыяны:

– Уланган кирпикке кошулуп табигый кирпиктин 30 пайызы түшүп калат.

– Кирпиктин өзү түшүшүн күтпөй, ыңгайсыздыктан улам аны жулуп салса, табигый кирпиктин калыбына келиши узакка созулат.

– Колдонулган клей айрымдарда аллергияны пайда кылат

– Организмде өзгөрүү болсо, инфекциялык оорулар жаралса, гормоналдык бузулуу болсо кирпик бат түшөт. Керек болсо жөнөкөй суук тийүүдө да адамдын денесинен көп өлчөмдөгү май бөлүнүп чыгат да, кирпиктин түшүшүн шарттайт.

 

Туура кам көрүү:

– Кирпик улагандан кийин 24 саат суу тийгизбөө, алгачкы 48 сааттын ичинде сауна, солярийге барбоо;

– Курамында май, Е витамини бар косметикалык каражаттарды, курамында кычкылтек бар процедураларды колдонбоо;

– Тушь колдонбоо, кирпиктин айланасына тоналдык крем койбоо;

– Кирпик улоого чейин жана кийинки 24 сааттын ичинде спирт ичимдигин ичпөө;

– Антибиотик, гормоналдык, бойго болтурбоочу каражаттарды ичпөө;

– Эмчек эмизген учурда кирпик улабоо;

– Бетти жууда, макияжды өчүрүүдө кылдат болуу керек.

Эскертүү: кирпикти сөзсүз түрдө адиске келип алдыруу керек. Кирпикти алдыргандан кийин эки жума эс алдырып, ал аралыкта кастор майын сүйкөө шарт.

 

 

Чач улоо

Нурайым Уланова, чач улоо боюнча адис:

– Чач улоо акыркы беш жыл ичинде абдан популярдуу болууда. Баасы кымбат болгондуктан, ага чейинки беш жылда кеңири тараган жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Италия жана Кытайдан чыккан кератин (клей) колдонулат. Чач улоо орто эсеп менен 12 миң сомдон 30 миң сомго чейин турат. Уланган чач менен адам чачынын өсүшүнө жараша 2 айдан 4 айга чейин жүрө алат.

 

Пайдасы:

– Чачын каалагандай узундукта өстүрө алат, ага катар өзүнүн чачы да өсө берет.

– Бир жолу улап алган чачты каалаган маалда алып, кайра каалаган маалда улап койсо болот.

– Табигый чач улангандыктан, адамдын өзүнүн чачындай эле таасир калтырат. Аны каалагандай жасап, боёп жүрүүгө мүмкүн.


Зыяны:

– Жаңы улаган кезде уктаганда уланган жери башка өтүп, ыңгайсыздык жаратат.

– Арзанына карап Кытайдан чыгарылган кератинди тандаса, ал чачтын түбүн кургатып жиберет. Ошондой эле чач белгилеген убакытка жетпей түшүп калат.

– Кош бойлуу же эмчек эмизген энелер бул кызматты пайдаланса, чачы бат түшүп башташы мүмкүн

Туура кам көрүү:

– Алгачкы жумада сауна, көл, бассейнге түшпөө;

– Адисти кылдат тандоо шарт. Себеби ысык үтүк баштын терисине бир эле тийсе, адам башынан жараат алат да, чач улоо иши дароо токтотулат.

Эскертүү: Айрым салондордо уланма чачтын канча бир пайызына жасалма чач кошуп коюшат. Жасалма чач таралбайт, жасалгалоодо эпке келбейт, куурчактын чачындай чатышып, ыңгайсыздык жаратат. Кош бойлуу кезде чач улоо сунушталбайт.

 

 

Шеллак жасоо

Айнура Мамакеева, тырмак жасалгалоо боюнча адис:

– Тырмак чаптоодон шеллакка өткөнүбүзгө беш жылдай убакыт болду. Шеллак бир жасагандан кийин 3 жумадан 2 айга чейин жетип, абдан ыңгайлуу. Баасы материалына жараша 400 сомдон 1000 сомго чейин. Бүгүнкү күндө кыздардын 80 пайызы шеллакты тандашат.

 

Пайдасы:

– Тырмакты сындырбай бекем кармап, өсүүсүнө жардам берет.

– Көпкө чейин тармакты сулуу алып жүрөт.

 

Зыяны:

– Тырмактын катмары жукарат.

– Лак менен боёгондо тырмактын дем алуусу кыйындайт. Ал эми шеллакта тырмакты 5 сыйра лак толук жаап, дем алуусуна тоскоол болот.

– Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, шеллакты кургаткан ультракөгүлтүр лампа ден соолукка зыян.

Туура кам көрүү:

– Шеллак жасалгандан кийин бир күнгө чейин колду сууга көп салбоо керек. Иш кылганда колго атайын резина кол кап кийип алуу шарт.

– Тырмакты убагында эс алдырып турбаса, шеллак кармабай калуусу мүмкүн.

– Кол көп тердесе, шеллак аз эле убакыт кармайт.

– Шеллакты алгандан кийин тырмакты үй шартында туздуу же лимондуу сууга күнүнө жарым сааттан салып калыбына келтирүүгө болот. Тырмакка йод сүйкөө, кальций ичүү да жакшы натыйжа берет.

Эскертүү: Шеллакты сөзсүз түрдө адиске келип алдыруу керек. Жарым жыл шеллак менен жүргөн соң, кайра жарым жыл тырмактын катмары өсүп калыңдап калыбына келгенче эс алдыруу шарт. Аял айызы келип же гормоналдык дары ичип жаткан учурунда шеллак койдурбай эле койгону оң.

Динара ЧОКОЕВА

 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.