МАЙРА Керим КЫЗЫНЫН УУЛУ АКЖОЛТОЙ: “Апам менин жүрөгүмдө жашайт”

Төкмөлүк өнөрү менен кыргыз, казак элине бирдей таанылган таланттуу инсан Майра Керим кызы арабызда жок болсо да, ар дайым көңүлүбүздө. Ак таңдай акындын көзү тирүү болсо, быйыл 55 жашка толмок. Апасын жоктотпой өнөрүн улап, чыгармачылыкка аралышып жүргөн уулу Акжолтой менен маектешип энесине эркелеген балалыгын, эки элге эркелеген энесин эскердик.

– Акжолтой, ысымыңыз өзгөчө экен. Ким ыйгарган?

– Апам 1992-жылы кыргыз сахнасына биринчи жолу чыгып, элден бата алган экен. Кийинки жылы айтышка апам келбей калат. Көрсө, дал ошол күнү 1993-жылы 20-майда мен жарык дүйнөгө келген экенмин. Апам элдин батасы кабыл болуп, батадан бүттү деп атымды Акжолтой коюуну ниет кылат. Бул ысымды жактырганынын дагы бир себеби: мен төрөлгөн күнү апама Өкмөт тарабынан үй берилиптир. Жаңы үйгө кирип, нанга бата кылышкандан жарым саат өтпөй толгоосу башталып, жаңы үйдүн маңдайындагы төрөт үйүнө жөө эле барышыптыр. Атам сүйүнүп Көчөрбай деп коймокчу болот. Туугандар да көптөгөн ысымдарды сунушташып, апамдын ою колдоого алынбай талашып калышыптыр. Анан аттарды кагазга жазып, чучукулак кылып тандамак болуп, бир медайымга кагаз алдырышса “Акжолтой” деген ат чыгат. Бирок: “Жок, Акжолтой болбойт, Майрага тартып койду”, – деп кайра башка медайымга кагаз алдырышат. Экинчи ирет да Акжолтой деген кагаз чыгып, мага азан менен ушул ысымды ыйгарышкан экен.

– Балалыгыңыздан унутулгус кандай элестер калды?

– Балалыгымда апам өнөрүмдү болушунча эртерээк чыгарганга аракеттенип, мага чоң жардам кылыптыр. Мени өнөрлүү элдин арасында алып жүрдү. Бала күнүмдөн чыгармачылыгымды көрсөтүп, алты жашымда улуулардан устукан алдым. Бир жолу апам мени алып өнөрдүн ак сөөк адамдары менен Ак-Талаага гастролго чыгат. Ал жакта дасторкон үстүндө Назаркул деген ата “Манас” айтат. Ал бир жеринен дем алып тынып калганда, мен аны айтып бүттү экен деп улантып кеткем. Жаңыдан үйрөнүп жаткан саптарды айтып, аягында: “Ээй, эй..” - деп дасторкондогу табакка чекем тийгенче башымды ийиптирмин. Ал жерде отурган акыны, манасчысы, куудулу, булбулу - баары мени кубаттап батасы менен устукандарын кошо беришкен. Алардын батасы, апамдын бала күнүмдө берген шыктандыруусу менен мен да өнөр улап ыр жазып, төкмө акын болуп келе жатам. Эсимде, кийин да бир үйгө барып калдык. Карасам апамдын астында устукан жок экен. Кулагына шыбырап: “Дагы устукан жыйнап берейинби?” - десем, апам: “Болбойт”, - деп отургузуп койгон. Ошондой учурларды жылмаюу менен эстейм.

– Апаңыз сизге кайсы сөздү көп айтчу эле?

– Апам менден сурана да, талап кыла да: “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат, өнөрлүү бол. Жети түрлүү илим бил, жети журттун тилин бил”, - деп көп айтчу. 6 жашымда апам ырынын үч сабын ырдап, мен төртүнчү сабын улантчумун. Апамдын мээримин төгүп колдоп турганы үчүн го, кичинемде эч нерседен уялчу эмесмин, ырда десе ырдап, бийле десе бийлеп, бирөөнү туура десе туурап турчумун. Апама ыраазымын, ал мага эне катары мээримдүү, устат катары даанышман, дос катары түшүнүктүү адамым болду. Биринчи жолу 3-классымда калем кармап, ыр жаздым. Апама жүгүрүп келип, калем кагаз сурап: “Көкүрөгүмдүн күлкүсү келип, мен да ыр жазгым келип жатат”, - дегеним эсимде. Мен акын, ырчы, актёр гана эмесмин, ар тараптан өнүгүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Өзүмдү улуу бир нерсе үчүн жаралганмын деп ойлойм. Бул мага апамдан өтсө керек. Ал эми ошол нерсеге ишенүү атамдан өткөн. Атамды ишендириш оор, бирок бир ишенсе, абдан терең ишенген адам.

– Сизден башка бир туугандарыңыз да чыгармачылыкка жакынбы?

– Мен үч бир тууганмын. Байкем акыл калчап оокат кылган адам. Ал сүрөт тартканды жакшы көрчү. Апам келген меймандарга байкемдин тарткан сүрөттөрүн көргөзүп, сыймыктанар эле. Учурда байкем экөөбүз көп байланышпайбыз. Анткени ал Казакстанда, мен Бишкекте болуп бири-бирибизден алыспыз. Андан кийинки эжем. Ал жашоосунда бир тынчтыкты таап алган абдан күчтүү адам, ошонусуна таң берем. Мыкты бийчи болчу. Өкүнүчтүүсү, байкем сүрөтүн тартпай, эжем бийин улантпай койду. Болбосо экөө тең белгилүү сүрөтчү, бийчи болушмак деп ойлойм. Атам, апам үчөөбүзгө тең эркиндик бергендиктен, ар тармактуу чоңойдук.

– Эженин “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар”, “Мага жар керек” деген ырларын укпаган жан жок, сиз ырларын ырдайсызбы?

– Апамдын ар бир ыры - мен үчүн өзүнчө шедевр. Ар бир ырында адамдардын жан дүйнөсү көрүнүп турат. Мисалы, “Мага жар керек” деген ырында, “Тар жолдо тайбай турган, жогуңду камдай турган, үзүктү жалгай турган...” - дейт. Мындай жар жалпы эле кыздарга, балдарга керек эмеспи. Башкалар ырларын кандай баалайт билбейм, мен үчүн эч нерсеге теңдешсиз. Апамды сагынып куса болгондо ырларын ырдаганды жакшы көрөм. Өзгөчө жан дүйнөм аңтарылып, муунум бошоп, жүрөгүм сыздап, апамдын менден алыс экенин сезип, ысык тамчы карегимди каптаганда, “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар” деп созуп ырдасам, жеңилдеп мойнумдан оор нерсе түшкөндөй болот. Апам менден ыраакта болгону менен жүрөгүмдө жашайт. Мен каякка барбайын, эмнени көрбөйүн, эмне кылбайын, мени менен чогуу жүрөгүмдө жүрөт. Менин ар бир ийгилигимди, жакшылыгымды мени менен бирге көрүп турат деп сезем. Мага көптөр апамды коё бербей жатканымды айтышат.

– Апаңызды кандай мүнөздөйт элеңиз?

– Апам ишти сапаты менен, майын чыгара кылчу. Эптеп-септеген оокатты жаман көрчү. Ачуусу тез келип, тез тарачу. Чарт-чурт болуп эле кайра тынчып калар эле. Менин да ушу чартылдак мүнөзүм апамдан калса керек. Ойлосом апам жан дүйнөсү менен туюнуп, ичинен сыйынып, аркасынан жалаң жакшылык күтүптүр. Ошон үчүн атама, кыргыз жерине келгенден кийин багы ачылып, элге балдай батып, суудай сиңип, элдин кызы болуп кетсе керек. Апам энергияга бай адам болчу, ал көзүнөн, кыймылынан, сүйлөгөнүнөн, бийлегенинен эле билинип турчу. Жашоого жаңы көз караш менен караган адам эле. Апам жөнүндө күндөп-түндөп айтсам да, сөзүм бүтпөйт. Атам болсо аябай кенен-чонон жүргөн, баарын орду-орду менен кылган, оор басырыктуу адам. Эки жакшы адамдын сүйүүсүнөн төрөлгөнүм үчүн Жаратканга ыраазымын. Эгер менде жаман сапаттар болсо, өзүм гана күнөөлүүмүн. Анткени жакшы сапаттардын баарын ата-энемден алгам.

– Апаңыздын төркүнү, казак туугандарыңыз менен байланышып турасызбы?

– Казакстандагы туугандар менен апам кайтыш болгондон кийин баягыдай катышпай калдык. Анткени апамды жоготуу аларга да абдан оор болду. Өзгөчө таежем оор көтөрдү. Ал өзү алмаздай катуу аял болгону менен апамдын жанына келгенде кебездей жумшак болуп калар эле. Тайкелерим да апамды өтө жакшы көрүшчү. Эми алар менен чанда эле баарлашып турбасак, көп каттабайм. Учурда борбордо эле окуп, иштеп, өнөрүмдү өркүндөтөйүн деп, чыгармачыл досторум менен жашап жатам.

– Атаңыздын кайрадан үйлөнүшүн кандай кабыл алдыңыз?

– Баарыбыз жакшы кабыл алдык. Анткени апам каза болгондон кийин өзүбүз суранып, атамды таежебизге үйлөндүргөнбүз. Ал - биздин бала кезден билип, жакшы тааныган, жакшы көргөн адамыбыз. Өз апамды “апа” десем, учурдагы апамды “мама” деп чакырам. Учурда атам экөө шаарда турушат.

 

Жаңыл Исаева