Актёрлордун өмүрүн тобокелге салган тасма талаасы

Үйдөбү, кинотеатрдабы тасма көрүү кандай сонун ырахат. Бирок биз ал маалда бул тасма үчүн кандай эмгек жумшалып, кандай тобокелдиктер болгонун ойлонбойбуз дагы. Чындыкка келгенде ар бир тасма актёр, актрисалардын, тартуучу топтун ден соолугуна, керек болсо өмүрүнө коркунуч жаратып, нечен кыйынчылыктар, тоскоолдуктар менен ишке ашат.

 

Асеманын тасмасындагы кырсык

 

Актриса Асема Токтобекованын акыркы кезде өзү режиссёрлук кылып кино тартып жүргөнү маалым. Анын кезектеги тасмасы Чүй облусунун Панфилов районунда тартылып жаткан эле. Дал ошол тасма талаасында 24-май күнү кырсык болуп 25 жаштагы Хадижа Исмаилова ат сүйрөп кетип каза тапкан. Хадижа Искусство университетинен билим алган жаш актриса болгон. Жакындарынын айтымында, ал кино өндүрүштө уюштуруу иштери менен алек болчу. Интернет булактарындагы маалыматтарга караганда, Хадижа Асема тартып жаткан кинодо да уюштуруу иштерин аткарып жүргөн. Ошол күнү тасма талаасында ат минип кетип, бир маалда ат кыз жок өзү келген. Тартуучу топ Хадижаны издеп, аны эс учун жоготкон абалда табышкан. Тилекке каршы, кыз ооруканага жетпей жолдон каза болгон. Кырсыктан соң Асема интернеттеги өздүк баракчасына: «Асем эже, баарыбыз чогулуп тамактанганы жатабыз. Сизди сагынып күтүп атабыз. Концертти жакшы өткөрүп, эсен-аман келип алыңыз!»- деген Хадижанын ага жазган акыркы катын жазып, өзү: “Хадижа, бир тууган болуп калдык эле баарыбыз. Биздин кино группабыздын администраторун жоготтук», - деп жазып чыкты. Хадижанын сөөгү Сокулукта 25-май күнү жерге берилген.

 

Съёмка учурунда өмүрүңүзгө коркунуч туулду беле?

 

Марат Жанталиев: «Илбирстин жанына баргандан абдан коркком»

– Өмүрүмө коркунуч келген учур эң биринчи тартылган тасмам, «Кожожаш» тасмасында болгон. Тасмада мен илбирске жакын барган жерим бар го, ошол жерин тартуу учурунда илбирстен абдан коркком. Режиссёр Төлөмүш Океев мени коргоо максатында, жырткыч кол салса териме өтпөсүн деп ичиме кийизди абдан ороп: «Илбирске өтө жакын барба», - деп эскерткен. Илбирс деген эң коркунучтуу жырткыч да, тиштеп же чапчып алса, соо калбайт элем. Ага карабай тасма үчүн өмүрүмдү тобокелге салгам. Ойлосом анда 22 жаштагы жаш, курч кезим экен. Азыр болгондо: «Байке, жөн эле коёлучу», - демекмин.

 

 

Адилет Акматов: «Тасма талаасындагы жардырууда бетим күйүп калган»

– Орустар менен биргеликте тартылган «Гаишники» сериалында террористтерге байланыштуу эң курч кадрда ойномокмун. Тасмада жардыруу болгон жер бар эмеспи, ошол жардыруу болгондо мен терезеден секирип чыгып кетишим керек эле. Бирок менин секиришимди күтпөй, эрте жардырып жиберишип бетим, кулагым күйүп калган. Бирок ага карабай терезеден ойлогонубуздай секирип чыгып кеткем. Негизи андай трюктарды аткарган актёрдун бетине күйүктөн коргоочу атайын бет май сүйкөлөт. Бул жерде план боюнча жардыруу мен секиргенден кийин болмок болгондуктан сүйкөгөн эмесмин. Тасма тартуучу топ мага тез жардам көрсөтүштү. Бетим күйүп калса да, мен ал кадрдын бир дубль менен ийгиликтүү тартылып калганына кубангам.

 

Таалайкан Абасова: «Ат өтө албаган жардан өтүүмө туура келген»

– «Үзүлбөгөн үзөңгү» тасмасында Эгемберди Бекболиев экөөбүз ат менен алдында суу агып турган бийик жардан аркы өйүзгө өтөбүз. Ошол жерди аткарарда өмүрүмдөн абдан коркком. Анткени жардын бийиктиги 9 кабат үйдөй деп айтышкан. Андан улам: “Башында каскадёр өтсүн”, - деп баш тарткам. Анан алгач атты өткөрсөк, ат сууга түшүп кетти. Аны көрүп абдан жаным кейиди. Бирок ишибиздин талабына баш ийип өмүрүмө коркунуч келгенине карабай өзүм өтүүгө туура келди. Андай бийиктикте жерди карабасаң, коркунуч анча болбойт экен. Өтүү учурунда чочулап жаткандай корккон жокмун. Алыстан карап тургандар абдан коркушкан экен. Бул ирмемдер тартылып алынган соң аябай кол чаап: «Бул жерден биринчи өткөн адам болдуң», - деп куттукташкан.

 

 

Догдурбек Кыдыралиев: «Гримге деген спиртти ичип, сууктан аман калганбыз»

– «Кожожаш» тасмасы эң оор, эң түйшүктүү, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаралган кино болду. Кыш мезгилиндеги кадрларды Муз-Төр деген жерден тарттык. Ал жерде кар калың жаткан зоокалардын бийиктиги 100 метр, туурасы 55 метр эле. Ошончо бийиктиктен түшүп кетсең, өлүп калышың толук мүмкүн эле. Альпинист болбогон соң жалама зоокада жүрүү бизге абдан оор болду. Бир жолу Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев, Ашыр Чокубаев жана мен болуп тоонун эң башына чыгып тартып жатабыз. Эми кар баскан тоонун башындагы суукту айтпа. Бир жагынан тоңуп, бир жагынан ачка болуп кыйналдык. Жаныбызга тамак алып чыгууга да мүмкүн эмес эле. Биздин абалыбызды түшүнгөн Төлөмүш байке гримге колдонулуучу спиртке кар аралаштырып ичирген. Ошентип, гримге деген спиртти ичип сууктан аман калганбыз. Ушундай эстен кеткис суук Казакстанда бөкөндөрдү атып тартылган жерибизде да болду. Ал жерди “Мөнкүл жери барса келбес” деп аташат экен. Суукта ат үстүнөн бөкөндөрдү кууп аткылаганда тоңуп калчумун.

 

Шайыр Касымалиева: «Ролик үчүн жаанда калып, неврит оорум күчөп кеткен»

– Жыйырма жылдай убакыт мурун репрессия учурун чагылдырган роликке тартылып калдым. Сценарий боюнча түн ичинде жана эрте менен жамгыр жаап аткан кезди чагылдырышыбыз керек эле. Күн анча жакшы жылый элек эрте жаз болчу. Өрт өчүрүүчү автоунаа суу чачып, биз муздак сууга улам кирип тартылып, кайра чуркап чыгып аттык. Андан мурун эле бетиме суук тийип неврит оорусу менен алышып жаткам. Ошол роликке түшкөндө катуу суук тийип, суук сөөгүмө чейин өтүп, абдан ооруп калгам. Неврит оорум ошондо күчөп кетти. Ролик ден соолугума терс таасирин тийгизген десем болот.

 

 

Табылды Актанов: «15-20 күндөй баса албай кыйналып жүрдүк»

– 2000-жылы «Айыл өкмөтү» тасмасында уурунун ролун ойнодум. Тасмада милиция ууруну кармап алып, экөөнүн мушташкан жерин тартууга ден соолугубузду тобокел кылганбыз десем болот. Ал үчүн Аскат экөөбүз он беш күндөй күн сайын ээн талаага барып мушташып даярданганбыз. Негизи ал жер бир күн кечке тартылмак, биз катуу мушташып бир дубль менен эле ойноп берип койгонбуз. Бирок жыйынтыгында аябай кыйналып калганбыз. Тартуу учурунда бирибиздин башыбыз ташка тийсе, бирибиз өзөрүп, мурдубуз канап, буттарыбыз айрылып, кабыргаларыбызга чейин жаракат алганбыз. Тартуу ишинен кийин он беш-жыйырма күндөй тың баса албай кыйналып жүрдүк. Азыр ойлосом бирибизди-бирибиз аябай, ден соолукту унутуп салып тартылган экенбиз.

 

Динара ЧОКОЕВА