Тамандын чорунан кантип арылуу керектигин билесизби?

Чор – кеңири тараган тери оорусу. Бул тууралуу сөз болгондо, аны айыктыруунун жолдорун билүүгө басым жасаган туура. Анткени чорго кабылган учурлардын 90%ында ал көп басуудан улам келип чыгат. Бул ирет чорду дарылоонун жолдоруна кененирээк токтолдук.

 

Чор

Саламаттыгы чың адамдын согончогунун териси жумшак, калың жана жылмакай болууга тийиш. Ушул сапаттарды жоготору менен согончок жарылып баштайт. Көп учурда бул көп басуудан, гигиенаны сактабагандан жана ыңгайсыз бут кийим кийүүдөн келип чыгат. Башкача айтканда, аталган көрүнүштөр тамандын кан айлануусун бузат, андан кийин чор пайда болот.

 

Чордун кесепеттери

Чор бир учурда бир нече маселени жаратат. Ачык бут кийим кие албай каласыз, басууда согончогуңуз ооруйт, таманыңыздын териси кургайт жана эң кооптуусу – жарылган жерлер аркылуу организмге түрдүү инфекция кире бериши ыктымал.

 

Чордун алдын алуу

Дайыма ыңгайлуу бут кийим кийиңиз

Дүкөндөгү, базардагы бут кийимдерди байпак кийип ченеңиз

Мончодон, душтан кийин бутка сөзсүз грибокко каршы дары сыйпаңыз

Жатарда бутка азыктандыруучу, нымдоочу крем сыйпаңыз

Согончокту күнгө күйгүзбөңүз

Үйдүн ичинде жылаңаяк баспаңыз

Бутту күн сайын кычкыл эмес самын менен салкын сууга жууңуз

 

Чорду дарылоо

Ванналар

Ванна эскирип калган терилерди жумшартып, түшүрүүгө жардам берет. Мындай ваннада бутту 10-15 гана мүнөт кармоо жетиштүү. Сууну ысык эмес, бирок ыкчамыраак абалда колдонуу жана бүткөндөн кийин согончокко нымдоочу, азыктандыруучу кремдерден сыйпоо керек. Ыкмаларды чор жакшы болгончо күн ара жасоо кажет.

Сода. 5 л сууга 2 аш кашык соданы жана бир аз кыргычтан өткөрүлгөн антибактериалдык самынды аралаштырып, ага бутуңузду салып отуруңуз.

Сүт. 2 л сууга 2 аш кашык сүт, 2 аш кашык крахмал кошуп аралаштырып, ага бутуңузду салып 15 мүнөт отуруңуз. Анан бутуңузду чайкабастан кургактап, чычырканактын майы менен майлап кебез байпак кийиңиз.

Сары суу. Айрандын бетине калкып чыккан сары сууну жылытып, ага бутуңузду салып 30 мүнөт отуруңуз.

Ромашка. 1 л кайнап жаткан сууга 1 аш кашык ромашканын кургатылган гүлүнөн салып, 10 мүнөт кайнатыңыз. Анан ага ысыгыраак абалда боло турганчалык муздак суу кошуп, бутуңузду салып отуруңуз.

Теңге чөп. (Календула) 1 л кайнаган сууга 2 аш кашык кургатылган теңге чөптү салып 30 мүнөт тыныктырыңыз. Анан аны бут кетмендериңизди көмө турганчалык сууга кошуп, бутуңузду салыңыз.

Крахмал. 1 л жылуу сууга 1 аш кашык картошканын крахмалын кошуп аралаштырып, ага 30 мүнөт бутуңузду салып отуруңуз. Бул ваннаны уктар алдында жасоо натыйжалуу.

 

Компресстер

Компресс - чорду үй шартында дарылоодо табылгыс ыкма. Төмөндө айтылган компресстерди бири-бирине айкалыштырбай, согончок айыкканча үзбөй жасоо зарыл.

Чычырканак майы. Күнүнө 2-3 жолу чычырканактын майын согончоктун жарылган жерлерине жумшак массаж аркылуу сиңире майлап турасыз.

Алма. Бир алманы кыргычтын майда тишинен өткөрүп, ага 0,5 стакан сыра жана 2 аш кашык эритилген каймакмайды кошосуз. Анан аралашманы жарылган жерлерге сыйпап, даки менен таңып 20 мүнөт отурасыз. Муну күн сайын жасайсыз.

Быштак. Уктар алдында согончокко жаңы быштакты жука катмар кылып коюп, үстүнөн целлофан жана бинт менен таңып кебез байпак кийип жатасыз.

Сельдерей. Эт тарткычтан өткөрүлгөн жаңы сельдерей менен эритилген каймакмайды теңме-тең кылып аралаштырып, массаж аркылуу жарылган жерлерге сиңире сыйпайсыз. Мындай ыкманы күнүнө 2 жолу жасоо шарт.

Сүт. Кабыгы аарчылган алманы майда төрт чарчы кылып туурап, үстүнө бир аз сүт куюп ботко абалындагы масса пайда болгончо жай отто кайнатасыз. Жылыганда аны калың катмар кылып согончокко коюп, бинт менен таңып 30 мүнөт кармайсыз да жылуу сууга жууп саласыз. Күн сайын муну бир жолудан кайталайсыз.

Бал. Уктар алдында бир аз бал куюлган 2-3 кабат кебез материалды согончокко кептеп, үстүнө целлофан коюп, даки менен таңып жатасыз.

Помидор. Кечинде помидордун кесиндисин согончокко коюп, үстүн таңып алып жатасыз же анын жаңы сыгылган ширесин бир күндө бир нече ирет жарылган жерлерге сыйпап турасыз.

 

Гаухар ЖАКШЫЛЫКОВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.