Байыш МОМУНОВдун аялы Динара: «Бир жарым жылдык ажырашуу мамилебизди бекемдеди»

Ырчы, тамада Байыш Момуновдун жакында элге сунушталган «Жубайыма» деген ырынын клибине ырчынын чыныгы жашоодогу жубайы, балдары тартылышкан. Ал клиптеги башкы каарман, ырчы менен турмуштун оош-кыйышын бирге көрүп келе жаткан Динара айым менен маек назарыңызда.

– Динара айым, жайкы эс алуу убагы келди, Байыш мырза үй-бүлөсүнүн жайкы эс алуусуна канчалык көңүл бурат?

– Байыш үйгө абдан карамдуу. Бизди бардык жактан камсыздап, эч нерседен кем кылбай багып келет. Балдардын келечегин куруу үчүн колунан келген аракетин жасайт. Быйыл да жайкы эс алууда жылдагыдай эле кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө барабыз. Андан сырткары айылга ата-энелерибизге учурашып, эс алып келсекпи деп турабыз. Балдар кичинекей болгондуктан, азырынча аларды айылга өз алдынча жибере албайбыз. Үч кыз, бир уулубуз бар, эң улуубуз 15 жашка чыгып калды, калганы удаа 4, 5, 6 жаштарда.

– Сиз учурда эмне менен алексиз?

– Бир жыл мурун жеке менчик бала бакча ачканбыз, ошол бала бакчаны жетектейм. Учурда 15-20дай бала менен чакан жамаат иштеп атабыз. Андан мурда балдарымды тарбиялап үйдө эле болчумун. Бала бакчабызда өзүбүздүн эки балабыз да тарбияланышат. Байыш мыкты жолдош, үйгө бардык шартты түзүп, мени да сүйгөн ишим менен камсыз кылып койду.

– Баш кошконуңуздарга канча убакыт болду?

– Быйыл он алты жыл болот. «Жаныш - Байыш» тобу «Анын Мерседеси бар» деген ыры менен популярдуу болуп турган кезде мен Байыштын күйөрманы болчумун. Бир күнү алар кошунабыздыкына келип калышты. Ошондо биздин үйгө кассетасынан видео көргөнү киришип, кумирим менен таанышып калгам. Алгач дос катары мамиледе жүрүп, төрт жылдан кийин кыз-жигит болууну сунуштаган. Башында: «Ырчылар ар кайсы кызды жактырып жүрө беришет да», - деп чочулагам, бирок андай эмес экен. Мурда ырчы катары жактырсам, кийин жигит катары жактырып, Кудай буйруп 2001-жылы ага турмушка чыктым. Байыш мени ала качып кеткен. Айылга барып чакан той берип, Бишкекке келип батирге чыктык. Анан үйлөнүү тоюбузду өткөрөбүз деп акча чогултуп жаткан кезде батир ээси менен келише албай калдык. Ошондо тойго деп чогултуп жаткан тыйынга үй алып салып, той кылбай калганбыз.

– Ошондон кийин тез эле эки айрылыш жолго түштүңүздөр окшойт?

– Эки жыл жашаган соң эч кандай уруш-талашы жок мен айылга кетип, ал жакта жүрүп калгам. Байыш гастролдо болчу. Ошол учурда бир заматта башы айланып тигиге (ред. Клара Алибекова) үйлөнүп алыптыр. Ал үйүбүздө чайыбызды ичип, кызымды ойнотуп, мени «жеңе», Байышты «байке» деп жүргөн кыз эле. Андыктан бул нерсе таптакыр оюмда жок болгондуктан, мага өтө катуу тийген. Бир жаштагы кызым менен калып, ошол кез мен үчүн эң оор болгон. Эмнеге мындай болуп кеткенине түшүнбөй жүрүп кийин үмүтүмдү үзүп калгам. Ошол маалда, тагыраагы, арадан бир жарым жыл өткөндөн кийин Байыш кечирим сурап кайра келди. Кечирдим, сезимдерим кайра жанып чогуу жашап калдык.

– Бирок кечирүү оңойго турбаса керек?

– Кызымды ойлодум, улуу эжелерим да кеп-кеңештерин айтышты. Алар Байышты абдан жакшы көрүшөт. Байыш алардын көңүлүн таап, жакшы мамиледе калган. Алардын сөзүн угуп, өзүм да ойлонуп, жети өлчөп бир кесип кечирүүмө туура келди. Жашоодо ар бир адам жаңылат, Байыш да жаңылып калды.

– Экөөңүздөр жарашкандан кийин үйлөнүү той кылды, сизге арнап ыр жазып, клип да тартты күнөөсүн жакшы эле жууду окшойт, ал күндөрдү толук унуттуңузбу?

– Ооба, Кудай буюрса, бактылуумун. Бир жарым жылдык ажырашуу кайра жакшы болду деп калам. Мамилебиз бекемделди. Анткени эркектердин сүйүүсү кырк жаштан өткөндөн кийин козголот дешет го, Байыш ошол нерсеге эрте кабылып, анысы эрте бүттү (күлүп). Азыр Байышка ишенем. Жаңылганын билип кайра жарашканыбызда той кылды. Чыгармачылыгына да үй-бүлөсүн камтып ыр жазып, клип тартты. Кудай буюрса, бактылуу күндөрдү балдарыбыз менен бирге өткөрүп атабыз.

– Байыш мырза Клара Алибековадагы уулу менен катышат го, демек сиз ага каршы эмессиз?

– Каршы эмесмин, ал да баласы катыша берсин. Балада күнөө жок.

– Ар бир адамда кемчилик болот го, жолдошуңуздун кемчилиги сизге көрүнөбү?

– Байыштын бир кемчилиги үйдөгү ага тиешелүү иштерди жасабайт. Мык кагып, электр зымдарын оңдоо дегенге жок. Анын баарын бирөөнү чакырып, акыга жасатат. Үйдөгү иштердин баары менин мойнумда десем болот. Жалкоо же уйкучу эмес, болгону үй иштерине жок.

– «Жаныш-Байыш» тобунда Диля Момунова аттуу кайнежеңиз да ырдап элге таанылып калды эле, ал учурда кайда, эмне менен алек, баарыбызга кызык?

– Эжем учурда Орусияда бизнестери менен алек. Ал жакка салон ачып алган. Кээде сахнада жүргөн күндөрүн эскерип калат. Чыгармачыл адам болгондон кийин сахнаны сагынса керек.

 

Динара ЧОКОЕВА