ГҮЛЗАТ: «ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАМ МЕНЕН АЧКА КАЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛДУ»

Турмушка чыгып, эне болуу - ар бир аял үчүн бакыт. Бирок айрым эркектердин үй-бүлөгө кайдыгер мамиле кылуусунан улам канчалаган аялдар балдары менен оор тагдырга кабылып жатышат. Алардын бири - бүгүнкү маектешим Гүлзат.

 

«Ак жоолук салынбай эле турмуш баштадым»

– Мен Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөм. Мектепти аяктагандан кийин эле иштеп турмушка чыкпай жүрдүм. Убакыт өтүп бат эле 35 жашка чыгып калдым. Жаш өтүп калганда “турмушка чыкпай жалгыз өтүп кетемби” деген коркунуч болот экен. Ошондуктан үй-бүлө күтүү чечимин шашып кабыл алдым. Тактап айтканда, Ош шаарында иштеп жүрүп күйөөм менен Сулайман-Тоодон таанышып, бири- бирибизди жакшы билбей туруп тез арада баш кошуп алдык. Ата-энесине да алып барган жок. Кыскасы, ак жоолук салынбай эле турмуш баштадым. Ал КамАЗ айдап иштеп көп күнү жол-белде өтчү. Үйдө бир күн отуруп калса буулугуп, башы ооруп, жолго чыккысы келе берчү. Мындай адамдар туруктуу болбой, баланы деле ойлобойт экен. Бир келип, бир кетип, ал турсун кээде: «Жашайм, жашабайм», - деп мени беш жыл эзди. Атам жок, апам, албетте, мени урушуп жатты. Жашообуз уланып кетиши үчүн абдан аракет кылдым. Үй-бүлөгө мынчалык кайдыгер караганына таң калып сураштырсам башка деле үй-бүлөсү жок экен. Кош бойлуу болгонумда апасына чалып: «Келиниңиз болом, боюмда бар, жакында төрөйм. Жолугалы”, - десем, ал мени бузулган аялдай көрүп аябай урушуп телефонду коюп салды. Күйөөм бул жерден да коргой алган жок. Тескерисинче, ай-күнүмө жетип турган мени таштап кетти. Кийин келгенинде баламдын атасы болгондон кийин кечирип жашап калдым.

 

«Күйөөмө жармашып жашай бердим»

– Батирде турчубуз, каражат жагынан алгачкы бир жыл камсыздады. Кийин акча сурасам: «Акчам жок, жумушум болбой жатат», - деп жаш баладай ыйлаган адат тапты. Балалуу адам көп акча табайын деп аракет кылат го, ал болсо балалуу болгонубуздан кийин таптакыр акча чыгарбай, ыйлаганы көбөйдү. Жаңы төрөп кенедей бала менен отурган мени: «Иштебейсиңби, ары тартсам да, бери тартсам да жетпейт. Сен болсо үйдө отурасың», - дечү. Жашоо токтобой өтө берет экен, биринчиме удаа дагы төрөп алдым. Күйөөмдүн абалы менен таанышкан адам менин удаа төрөгөнүмө таң калып, ачуусу келиши да мүмкүн. Бирок мен жашым өтүп бараткандан улам улуу балама шерик болсун, экөө бир ата, бир энеден бир тууган болуп өсүшсүн деп жашоо шартыма карабай балалуу болууну чечкем. Эгер күйөөмдөн кол үзсөм кийин турмушка чыгамбы, жокпу, билбейм, мен жалгыз болгонум аз келгенсип балам да жалгыз болуп калбасын деп атайын төрөгөм. Ар бир баланын ырыскысын Жараткандан деп  күйөөмө жармашып жашай бердим.

 

«Жалынганыма болбой таштап кетти»

– Кызым боюмда барда, күйөөм ачык эле: «Биздин жашоо болбойт экен. Өз оокатыңды өзүң кыл. Кандай төрөсөң, ошондой бак», - деди. Ыйлап, кетпесин суранып жалынып, жалбардым. Бирок көңүлү жок адамды кармай албайт экенсиң. Мени таштап Орусияга кетип калды. Мен үч жаштагы балам менен алты айлык кош бойлуу бойдон кала бердим. Ыйлап-сыктап жүрүп кыз төрөдүм. Телефон чалсам номерлеринин баарын алмаштырып салыптыр. Курбу кыздарым кол кабыш кылып бири кийим, бири коляска, бири манеж алып берип сообума калышты. Батирде 2500 сом төлөп турчубуз, аны төлөй албай таптакыр айлам кетти. Жардам сурайын десем апам деле кыйын жашоодо. Өгөй атам аракты аябай ичет, алардын балдары менен да катышпайм. Андыктан эмчектеги балам менен ачка калган күндөрүм болду. Оозго илинер бир нерсе болсо балама берем. Айлам кеткен бир күнү үмүт менен социалдык тармактардын бирине жардам сурап жаздым. Ошондон жардам болуп бир аз курсагыбыз тоюп калды. Быйыл кышында дагы кыйналып жазсам, 2 жумада бир азык-түлүк, кийим-кечек берип турган фонд чыкты. Алардын жардамы менен жыргап калган элем, тилекке каршы, алты айдан кийин башкаларга кезек берип, фонддон чыгуу керек  экен.

 

«Бул күндөр өткөнчө элим мени колдоп коёр»

– Азыр уулум 4 жашта, кызым 1 жашка чыкты. Уулум: «Менин атам кана, башка балдардын аталары бар», - деп ыйлайт. Февралдан бери кошуна келиндин тикме машинасын сурап алып, тигүү цехтеринен буйрутма алып үйдөн тигип иштеп атам. Бирок эки жаш бала менен алышып жумушту деле арбыта албайм. Тапканым күнүмдүк чай, тузга жетет. Аябай жакшы иштесем айына 2 миң сомдун тегерегиндеги акча табам. Жөлөк пул алайын десем документ маселеси буттан чалат. Бир уюмга жазылып алгам, алар экөөнө ай сайын 200 сомдон 400 сом берип турушат. Учурда миң сом төлөп кулагы укпаган бир баласы бар кишинин батиринде жашайм. Батирдин мындай арзан болгонунун себеби кожоюндун кирин жууп, тамагын жасап, үйүн жыйнап берем. Ал да колумду кармап, мага түйшүк жаратат. Кыскасы, эң кыйын күндөрдү башымдан өткөрүп жатам. Эт жемек турсун аны унутуп калдым окшойт. Кайрадан турмушка чыккандан корком. Бирөөгө тийип алсам, ал балдарымды кагып-силкип кордук көрсөтөбү дейм. Кайра туруп үй-жайлуу, түшүнүктүү адам болсо жашап кетермин деген ой келет. Айтор, кара жаным менен эки баламдын курсагы, эртеңки жашообуз үчүн эзиле ойлонуп жашап келем. Бул күндөр өткөнчө кыргыз элим мени жөлөп-таяп коёр деген үмүтүм бар.

Байланыш телефону: 0707 06 04 97

 

Динара ЧОКОЕВА