Гүлбарчын: “Жолдошум менен ойношуна жол бошоттум”

Адам аттуунун азабын көтөрүү бир гана аялзатына жүктөлгөндөй. Гүлбарчындын баяны менен таанышып бир эсе аялзатынын сабырына, чыдамкайлыгына ыраазы болсоң, бир эсе алсыз жаралган аргасыз жандай туюп жүрөгүң ооруйт. Сыртынан сыр бербегендей жылмайган келин тагдырын баяндоодо утуру-утуру оор үшкүрөт.

– Айылда орто мектепти аяктап жаткан жылы райондун борборуна ала качып кетти. Жети кыз, бир уулду багып өстүргөн ата-энем үчүн бул кадыресе көрүнүш болуп калган. Анткени мага чейинки беш эжемди тең: “Баланчанын кыздары тың, ичти да, тышты да кылат”, - деп мактап, мен сыяктуу эле мектепти аяктары менен коңшу айылдарга ала качып кетишкен.

Жолдошум биздин айылдын жээни эле. Сыртынан көрүп жүрчүмүн. Биз баш кошкондон көп өтпөй ата-энеси төркүнүмдүн астына түшүп барды да, бизди үйгө калтырып өзүлөрү ден соолуктарына байланыштуу борборго көчүп кетишти. Бир үйгө өзүбүз бий, өзүбүз хан болуп калдык. Ырас, эл айткандай тиричиликти тың алып кеттим. Ата-энебизге эң жакыны мен болгондуктан ара-чолодо төркүнүмө барып да кол кабыш кыла коём. Ошол кезде ыраматылык апам бир ирет:

– Күйөөң жакшы элеби? – деп кабатырлана сураган.

– Жакшы.

– Ишине убагында барып-келип атабы?

– Ооба, апа, айылдагыдай короо толо мал карабаса эмнеге кечикмек эле.

– Ии, деги... ишке жакшылап узатып, келер маалына тамагын белен кылып тосуп алып жүр. Антпесең эркек дегениң ошого да таарынып калат, – деген.

Мен апамдын айтканындай кылып жүрдүм. Бирок кебинин төркүнүндө эмнени айтканын жаш жаным анда түшүнгөн эмес экенмин. Көрсө, апам кайнатамдын катын жандуу жеңил-желпи жүрүшүн айта албай: “Ал кишинин бул жаман сапатын уулу тартып калбады бекен?” - деп санааркаган тура. Күйөөсүнүн аягы суюктугунан тажаган кайненем эчен ирет төркүнүнө ыйлап барып, кайра аргасыз балдары үчүн жашап өмүр өткөрүп келгенин жакшы билген апам менин эртеңиме сарсанаа болгон экен. Кыраакы апамдын сезгич жүрөгү жаңылбаптыр. Күйөөм Шергазы көзү түшкөн аялдын этегин көтөрмөйүн тынч албаган катын жандуу болуп чыкты.

*** 

Азыр Шергазы экөөбүздүн эзилишип эркелешкен ысык күндөрүбүздү эстегим да келбейт. Себеби ал мени өөп, мени кучактагандай канчалаган келин-кыздарды койнуна албады. Баары мындай башталды. Ай-күнүмө жетип алгачкы перзентимди көтөрүп жүргөн кез эле. Кечинде кошуна келиндер бир маалда сейилге чыгып кобурашып калчубуз. Ал күнү дайыма жолугуп жүргөн 4-5 келиндин бири жок Алина эже экөөбүз эле кездешип калдык.

– Барчын, башкалардын жоктугунан пайдаланып калайын, сен мени туура түшүн. Сага боорум оорубаганда унчукпай эле коймокмун. Күйөөңдүн жүргөн-турганына бир көз салып койбойсуңбу? – деди.

– Эмнесине эже, колумдан келишинче жакшы эле карайм. Шергазы көйнөк-шымын үтүктөтмөйүн кийбейт деги эле, - дедим актана. Эже күлүп жиберди.

– Жок, ай, мен аны айткан жокмун. Ошол сага жуудуруп, үтүктөткөн кийимди кийип алып кайда, кимдер менен жүрөт ойлобойсуңбу? Күйөөмдөн уккандан бери сага айтсамбы, айтпасамбы деп түпөйүл болуп жүрдүм. Кыскасы, Шергазы жумушундагы ашпозчу кыз менен көңүлдөш экен.

Эже андан ары бүгүн эле ажылдап бир тийбей акырын байкап, анан далил менен ачыкка чыгарып күйөөмдүн тизгинин тартуум керектигин үйрөттү. Эженин айтканына ишенип-ишенбей нес болуп бир жумача жүрдүм да, кайра эле анын кеңеши менен бир күнү кечке маал аны аңдып чыктым. Шергазы ишинен бир кызды жандап чыгып, таксиге отурушту. Мен отурган такси анын артынан жылды. Экөө бир жер үйгө кирип кетишти. Телефон чалууга батына албадым. Бир сааттай күттүм, жок. Эки саат болду жок. Ал мени алдап көзүмө чөп салып жүргөнүнө ошондо ишенип буркурап ыйлап үйгө келдим. Дагы эки сааттан кийин артымдан келген Шергазы менин маанайыма, шишиген көзүмө көңүл буруп койбой достору менен жолугуп кармалып калганын айтып жатып калды. Ичим өрттөнүп, жаным жай таппай ызалансам дагы өзүнө бул тууралуу айта албай койдум. Жаштыгым ай, “эмне аңдыйсың?” - деп урушат экен деп корктум. Ушундан көп өтпөй уул төрөдүм. Ата болгонуна кубанды, уулун сагынганын айтып иштен шашып келчү болду. Мен да анысына ыраазы болуп өткөн кылыгын ичимден кечирип койдум. Бирок жаңылыптырмын, күйөөм кийин деле жаман адатын калтыра алган жок. Мурда кечигип келсе, кийин түндөп келбей калчу болду. Анан ары-бери өткөн кызды шилекейи агып караганын айтпай эле коёюн, келин-кыздар менен ачык эле телефондо сүйлөшүп тамашалашчу болду. Ушул себептүү менин да тилим чыгып, мамилебиз такыр эле салкын тартып кетти. Кайда жүргөнүн сурап, көңүлүндө бирөө бар экенин айтып далай жолу сөгүү угуп, токмок жедим.

Ал күнү да кечээки токмоктон денем талыкшып ооруп, баламдын жалаягын жууганга дарманым келбей жаткам. Күтүүсүз жаманчылыкка келип калган кайненемдер менин абалыма санааркап калышты. Мен болсо суроолоруна: “Баары жакшыдан”, - башка айтпадым, арыздануудан намыс кылдым. Ал эми алардын келгенин билбеген Шергазы ал түнү да келбей калды. Эртеси таңда кайнатамдын жолго чыгабыз дегенине кайненем көнбөй койду. Ички үйдөгү алардын кер-мур айтышканы мага даана угулуп турду:

– Балаңдын дайнын билбей туруп кантип кетебиз деп атасың? Күтөлү.

– Ээ, жүрөт да, кайда кетмек эле.

– Ошо, кайда жүрөт? Жаш бала менен катынын жалгыз таштап кайда жүрөт дейм? – Кайненем каргылданып кетти. – Келиндин кебетесин карачы. Сени тарткан жаман балаңдын айынан бул куурагыр да мендей ыйлап калабы?

– Былжырабачы, эй.

– Таап кел балаңды, айт эси барда этегин жапсын. Көрүнгөн катындын артынан жүрүп мен жетпеген жакшылыкка сен жетесиңби де? – кайненем албууттанып кыйкырып алды.

Шергазы түн бир оокумда келди. Үйгө кирип эле ата-энесин көрүп мени жекире карады. Аларды мен чакырткандай көрдү. Алар келген жөн-жайын айтып чай ичишкен соң атам сыртка, апам ички үйгө колтуктап эле бир нерселерди айтып жатышты ага. Алар кеткенден кийин,  ырас, күйөөм оңолгонсуп калды. Бирок кылган катасын мойнуна алып кечирим суроо деген болгон жок. Сезимдерибиз деле кайра жанып кетпеди. Анысына деле кайыл элем, Шергазынын кеч калбай үйгө келип, койнумда жатканына ыраазы болдум. Бул маалда экинчи ирет боюмда бар эле. Эч нерседен бейкапар жаткан кезибизде автокырсыктан апабызды жоготуп калдык. Бул жоготууну көтөрүү кандай оор болгонун айтпасам да түшүнөрсүздөр. Кыргыздын салт-санаасы менен кыздары кыркына чейин отурдук. Кыркынан кийин дагы бир жумадай жүрдүм, бирок жолдошум мени алып кетүүгө келбей койду. Анда да ага жаман ой ыраа көрбөй ишине жоопкерчиликтүү экенин айтып, бошобой калса керек деп балам менен үйгө жалгыз жөнөдүм.

Такси эшиктин алдына жеткирип, айдоочу баштыктарымды босогого чейин көтөрүшүп койду. Шергазы жумушта болсо керек деп эшикке ачкыч салсам ичинен бек экен. Такылдатып көпкө турдум. Бир далайда уйкусураган күйөөм эшик ачты. Алдында уулун көтөрүп менин турганым аны катуу чочутту. Өңу кубарып эптештирип кеп айта албай турганында ары жактан чачы жайылган бир кыз шейшеп оронуп чыга келди. Үчөөбүз үч жерде таштай каттык. Эч нерседен бейкапар аруу балам гана атасына талпынып, кубанычтуу үнү менен тынчтыкты бузат. Биринчи кыймылга келген мага бейтааныш кыз болду. Ал кийинип келгенче мен ичкери кирип отурдум. Ал Шергазыны сүзүп ийчүдөй бет маңдайына барып:

– Баарын бүтүрдүм, эми бизге эч ким жолтоо болбойт дебедиң беле? Бүткөнү ушулбу? Жалганчы! - деп буркурап ыйлап кирди.

“Өлгөндүн артынан көмгөн” болуп мен үчүн апамдын кайгысы бир тең да, бул каргаша бир тең болду. Көз алдымда жер көчүп мен да ыйлап отурдум. Шергазы тигинисин кандайча алып чыгып кеткенин байкабай да калыптырмын. Күйөөм ойношуна тебелеткен төргө өткүм келбей босогодон эле кайра тартып борборго бет алдым. Кайненеме келип болгонун айтып көз жаш төктүм. Тыйылбаган ыйдын таасири болдубу же жол жүрүп кыйналып калгангабы, эки күндөн кийин айына жете элек наристем ара төрөлдү. Уул экен. Кубанбадым. Шергазы болсо ата-энеси канча чакыртса да келбей койду. Кыркыбыз чыкканча жакшы эле күттүм. Кайненем карегим менен айланып уулу үчүн кечирим сурап, мага жалынып-жалбаруудан тажабады. Бирок мен мындан ары мындай тагдырды көтөрүп жүрүүнү каалабадым. “Шергазыга кереги жок бала мага да кереги жок”, - деген жыйынтыкка келдим да эки уулумду кайненеме таштап бөлөмдүкүнө кетип калдым. Чынын айтсам, балдарымды карап күйөөм атасын тарткандай булар да эртең Шергазыны тартып кыз жандуу чыгышабы деп ойлоп, ичим муздап туруп алдым.

***

Азыр андагы ымыркайым үч жашта. Маал-маалы менен барып учурашып, абалдарын билип турам. Кайын журтум мени абдан жакшы көрүшөт. Кайненем биз жолуккан сайын жалооруп: “Мен да сендей болуп жаштыгымды ыйлап өткөздүм. Сени түшүнүп турам... Эми эси жок балам эсине келгенче өлүп калбас бекем”, - деп көзүнө жаш алат. Кайнежелерим ишиме чейин издеп келип абалымды сурап, деги эле мени менен эч кимиси мамилесин үзгүлөрү келбейт. Бирок ошол эле маалда мага: “Артка кайт, жолдошуң, балдарыңа бар”, - деп да айтышпайт. Сыягы Шергазыдан аракет болбогондуктан жоопкерчилик алып чакыруудан коркушса керек. Шергазы экөөбүз деле жолугуп калабыз. Абал сурашып, балдар тууралуу сүйлөшүп тарайбыз. Андан ашык мамиле жок. Бир ирет: “Биротоло ажырашып башыбызды ачалы”, - деп айттым. Анда: “Минтип жашаган экөөбүз эле эмеспиз. Балдар тургандан кийин сен баары бир эч жакка кетпейсиң. Андан көрө мени “жаман да болсо эрим бар” деп эш тутуп жүр”, - деп койгон. Айтса-айтпаса төгүнбү, Шергазы - эки баламдын атасы. Андан кетип эле бирөөгө тие калуу оюмда жок. Бирге жашап аны зарыгып күтүүгө караганда өзүмдү кыйнабай салкын мамиле кылып коюу мага алда канча жеңил болуп калды. Андай болсо да кантип кызыкпай коёюн, кээде үй жакка кулак түрүп Алина эжеден жаңылык сурап калам. Шергазы баягы кызын баш кылып үйгө ар кайсы кыз-келиндерди алып келип түнөйт экен. Бир айдай болуп калды, акыркы жолу Алина эже менен кабарлашканымда Шергазы менен бирге иштеген күйөөсү Шергазынын дагы жаңы ойнош тапканын айтып келиптир. Ал борбордон которулуп барган өзүнөн 5 жашка улуу эсепчи аял экен. Бул жаңылыкты угуп мыйыгымдан жылмайып гана тим болдум. Эми мага көз жаш жардам бербей калганын жакшы билем...

 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.