САХНАНЫН УМАЙ ЭНЕСИ – САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА

Кыргыз элинин жүрөгүндө мыкты ролдору менен ушул күнгө чейин жашап келе жаткан кайталангыс талант, театрдын «Умай энеси» Сабира Күмүшалиева жөнүндө канча сөз кылсак да түгөнбөйт эмеспи. Актрисанын кыргыз искусствосуна кошкон салымы зор экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми жашоодо кандай адам болгонун кесиптештеринин эскерүүлөрүнөн уксак.

 

 

 

 

 

 

 

 

Турганбүбү Бообекова, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Ошол бир түн эженин кандай экенин мага билдирип койгон”

– Кийинки эле жылдары “Атанын тагдыры” спектакли менен гастролго чыкмак болуп калдык. Режиссёр мени: “Сабира эже ооруп калса ордуна аткарасың”, - деп кошуп койду. Тоң районуна бардык. Экөөбүзгө жатаканадан бир бөлмө берилди. Аны угуп: “Ушундай улуу адам менен кантип бир бөлмөдө жатам, бир нерсени туура эмес кылып алсам кантем?” - деп абдан чочуладым. Анын үстүнө эже мага “Атанын тагдырындагы” Оңолканды аткарган ролу менен катуу таасир калтырган эле. Жатаканага барганда эже: “Чай кой”, - деди. Антсе Оңолкандай каардуу айым сезилип калчылдап коркуп алгам. Сумкасын алып, ичинен казы-карта, кичинекей бөтөлкөдөгү коньягын алып чыкты. Мен болсо чайды колумдан келишинче жакшы кылып демдеп, куюп берсем эже чайына коньяк кошуп ичип алды. Экөөбүз чай ичип бүткөн соң: “Эми мени жаткырасың”, - деди. Ичимден: “Жаткыргандын эмнеси бар, ич көйнөгүн кийгизип коём да”, - деп ойлоп койдум. Чакырганынан жанына барсам: “Муну чеч”,- деди. Эки тизеси кабат-кабат болуп абдан катуу таңылган экен, анын баарын чечтим. Эже: “Эми бул жакты чеч”, - деп белин көрсөттү, белин да абдан катуу таңыптыр. “Буларды чечкенден кийин мен тура албайм”, - деди эже күлүмсүрөп. Айткандай эле ошол жаткан бойдон уктап калды. Эртең менен белин, тизесин кайра мага катуу кылып таңдырды да, какайган кайратуу Сабира эже болуп чыга келди. Ошондо эжеге баа берип, ага болгон сыйым андан бетер артты. Эже элге какайган келбети менен гана көрүнчү. Тизеси менен белин кечке кан өткөрбөй таңып жүрүү кыйын эле болуу керек, бирок эженин эл кишиси экендиги ушунда, бүкчүйгөн келбетим менен элди иренжитип албайын деп түптүз какайып жүрүп өттү. Эженин кандай адам экенин билдирген ошол түн дале эсимде.

 

Асанкул Осмонов, КРнын эл артисти: “Оорусун жашырып, кырдаалдан тамаша аркылуу чыгып
кеткенине баа бергем”

– Бир жолу эже үйүндө ооруп жаткан учурда туулган күнү менен куттуктап коёлу деп барып калдык. Барсак коляскада олтуруптур, анда да жөн олтурбай коляскасы менен барып бизге чай коюп, өзү кыбырап жүрөт. Алып барган жоолугубузду салып, гүл берсек: “Хе-хе-хе, жоолук салып силер мени эми күйөөгө бергени жатасыңарбы?” - деп тамашалап күлүп коёт. “Эмнеге коляскага олтуруп калгансыз?” десек,“анча-мынча эркелеп, чоёктоп коюш керек. Бул байкуш бут менен 90 жыл басыптырмын, кичине аяп да коёюн”, - деп күлүп жатпайбы. Эженин ошондогу оорусун жашырып, кырдаалдан тамаша аркылуу чыгып кеткенине баа бергем. Жумушун ушунчалык сүйгөн жан эле, 90го чыкканча театрга келип ролдорду тизелеп болсо да аткарып жүрдү.

 

Шайыр Касымалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Коңуругу бир нече убакытка чейин созулуп, анан үнү чыкпай калды”

– Экөөбүз “Бетме-бет” киносуна тартылып жүргөндө бир бөлмөгө жатып калдык. Сабира апа кечки саат сегиз болгондо эле: “Жаталы”, - деп калды. Менин жаш курагым, анчалык эрте уктай албайм, бирок айта да албай жаттым. Анан апаны уктатып коюп, жарыкты балконго алып чыгып алып түн бир убакка чейин китеп окуп олтурдум. Бир убакта Сабира апа коңурук тартып калды. Коңуругу бир нече убакытка чейин созулуп, анан эле үнү чыкпай калды. Мен эмне болду деп чочуп кетип, жанына келип тыңшап олтуруп калдым. Бир топтон кийин кайра коңурук тарта баштады. Эртең менен таң атпай саат 5те тургузду, ошондо, “Сабира апа, сиз кечинде улам коңурук тартып, кайра токтоп мени коркуттуңуз”, - десем, күлүп: “Коңурук мага Мукемден (Муратбек Рыскулов, жолдошу -ред) жуккан. Мукем укмуш коңурук тартат, мен ага көнүп алыптырмын, анын коңуругусуз уктай албай калгам. Бир жолу жатаканада жатам, Мукем жанымда жок уктай албай жатсам коңшу бөлмөдөн бир киши ушунчалык катуу коңурук тартып жатыптыр. Диванымды ошол тарапка жылдырып, башымды дубал жакка такап коңурукту угуп жатып уйкуга кеткем”, - деп жатпайбы. Ошол окуяны угуп абдан күлдүм эле, алигиче эсимден кетпейт.

 

Чоро Думанаев, КРнын эл артисти: “Кино тартылып бүткөнчө таарынышкандарды элдештирип жүрчү”

– Сабира апаны эстегенде эле “Ак кеме” тасмасына тартылуу учуру эсиме түшөт. Киного тартылып жүргөндө Сабира апа биздин Умай энебиз болчу. Баарыбыз, ал тургай тентек Нургазы да эжени укчу. Кинодо зөөкүр Ороскул Момун чалды өтүк менен бетке чаап жиберген жери бар эмеспи, ошол жерин аткарганда Орозбек Кутманалиевге Момун чалды аткарган Асанкул аксакал таарынып такыр сүйлөбөй койду. Айласы кеткен Орозбек байке Сабира апага келип “эмне кылам?” деп калды. Апа дароо бир козу сойдуруп, баарыбызды чогултуп, Асанкул аксакалга: “Киного тартылуу учурунда баары боло берет, Асанкул, сен кечиримдүү бол. Орозбек атайын жасаган жок, режиссёр ошондой талап коюптур” десе, Асанкул аксакал андан бетер таарынып “режиссёруңар өлтүр десе мени өлтүрүп деле салабы?” дейт. Анан Сабира апа бал тилге салып жатып эптеп экөөнү элдештирди. Ошондон кийин эле Кулубек Ороскулду көчүккө тепкен жери бар эле, ошону аткарууда мен Орозбек байкени көчүккө бир тепсем, ал киши мага таарынып калды. Мен дагы Сабира апага барып: “Апа, эми Орозбек байке мени менен сүйлөшпөй жатат” десем, дагы баягыдай кылып экөөбүздү элдештирген. Кино тартуу учуру бүткөнчө Сабира апа таарынышкандарды элдештирип жүрчү.

 

Жамал Сейдакматова, КРнын эл артисти: “Сабира эженин башына бир чапканда баш кийими ыргып кетти”

– Эже жашы кырктан ашып калганына карабастан жаш баланын ролун аткара берчү, болгондо да баланын образын дал өзүндөй кылып ачып берчү. Театрдан бир ирет эже - Каныбектин ролун, Муратбек агай - атасынын ролун аткарып калышты. Ошондо эже чуркап келип: “Ата-а!” - деп Муратбек агайдын моюнуна асылып калса абдан күлчүбүз. Бир жолу да гастролдо жүрөбүз, эже жаш балдардын баш кийимин, купайкесин кийип алып олтурган. Эшиктен кишилер кирип келишти да, бирөөсү эженин жанына келип: “Эй бала, тур өйдө, бул жерге мен олтурам”, - деди. Эже күлүп унчукпай олтурат. Бир убакта тиги киши Сабира эженин башына бир чапты эле, баш кийими ыргып кетти. Ошондо гана Сабира эже экенин таанып чок баскандай секирди. Кайра-кайра кечирим сурап аябай уялып, ыңгайсыз абалда калган. Эже анда күлүп: “Эч нерсе болбойт, мени байкабагандар дайыма “эй кичине бала” дешет” деп жайкап койгон эле.

 

Жандат Жаманбаева, актриса: “Эженин сөзү кичинекей балама да жеткиликтүү болгон”

– Сабира эже менен чогуу бир нече ирет гастролго чыгып калдым, болгондо да экөөбүз бир ролду алмашып аткарчубуз. Бир курдай гастроль учурунда бизге жарык берип, электр жаатын карап шаардык балдар кошо жүрүп калышты. Конокко барып калсак, алар өзүнөн улуулардан мурун төргө чыгып отуруп, устукандын чоңун алып калышат. Шаарда тарбияланганбы же дээринде жокпу билбейм, айтор, кыргыздын сый-урматын көп билишпейт экен. Эже аны байкаса да жакшы эле унчукпай жүрдү, анан бир күнү жини келди окшойт, эшиктен кирип келип: “Ай, балдар, өз ордуңарды билип олтуруп жүргүлө, силерди ким кыргыздын уулу дейт?” - деп катуу айтып салды. Ошондо бизди менин кичинекей балам ээрчип жүргөн. Демейде биз төрдө олтурсак ал да жаныбызга олтуруп алчу да. Ошол күнү да жаныбызда отурган. Анан эже тигил балдарды урушуп жатса эле балам тепендеп барып улагага олтуруп калса баарыбыз күлгөнбүз. Эженин сөзү кичинекей балага да жеткиликтүү болгон.

 

Динара Чокоева