Нурай: “Кыздар, акчаны ээрчип алыс кетпегиле”

Көп нерсе өтүп кетет деп ойлойбуз. Убакыт дарылайт деп күтөбүз. Тилекке каршы, айрым көңүл дарттары өмүр бою жан дүйнө тынчтыгын буза берет. Нурайдын бизге жиберген катында дал ошондой айыкпас көңүл дарты баяндалыптыр.

– Менин атым Нурай, жашым 32де. Апамдын жалгыз кызымын. Мен ар бир күнүмдү, өмүрүмдү, өзүмдү үй-бүлөмө арнап койгом. Мунумдун чоң себеби бар.

***

Мектепти жакшы баалар менен аяктаганым менен жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтө албай калдым. Байкуш апам менин келечегиме тынчсызданды го, өгөй атама биринчи ирет каршы чыгып мени контракттык негиздеги окууга тапшыртты. Апамдын мындай тобокелге барышына менин окуу дегенде ак эткенден так этип туруп алганым да себеп болду окшойт. Ал кездеги эң бийик, эң таза кыялым кызыл дипломго ээ болуп, тыпылдап иштеп апамды багуу эле. Бул тууралуу ойлонгондо кирпик көзүмдү какпай, эрте эле ошол күндөргө жетүүгө шашчумун. Бул максатымды билген апам мага үмүт артып: “Ыйлай-сыктай төгөбүз. Өзүң деле эстүү жансың, бир аз боор көтөрүп алсаң, окуу акыңды өзүң эле төлөп аларсың. Башкысы бактылуу болсоң экен”, - деп акылын айтып кетти. Кимдир бирөөлөргө аз туюлар, бирок күйөөсүнүн кебинен чыга албаган, кайын журтунун түйшүгүн майыша көтөргөн апам менен шаар жашоосуна биринчи ирет аралашып жаткан мен үчүн жылына 25 миң сом төлөө чоң акча эле. Биринчи жылы өгөй атам анча-мынча жардам кылып төлөп кеттик. Кийинки жылы теңин төгүп, теңин карыздар болуп окуудан чыгып кала турган болдум. Ошол маалда биздин окуу жайды аяктап жаткан эже чет жерде иштегени кетип жатканын айтып калды. Андан чет жактан көп акча таап бутка туруу мүмкүн экенин уккандан баштап менде жаңы ойлор пайда боло баштады. Аңгыча окуу акысын төлөөгө берилген мөөнөт бүтүп жайкы сессияга катыша албай калдым. Жакшысы буга чейинки аракеттерим, жакшы окуганым себеп болуп таптакыр айдалып кетпей академиялык эс алуу алууга жетиштим. Күтүүсүз бурулуштан кийин жумуш издөөгө өттүм. Бул маалда аз да болсо бишкектик болуп, анча-мынча эл таанып, көчөдө коркпой басып калган элем. Жарнамаларды карап жатып көзүм чет мамлекеттен берилчү иштерге түшүп, көңүлүм тартыла берди. Акыры издегеним табылып Түркиянын бир шаарына бала багуучу болуп кете турган болдум. Мени ал жакка жөнөтүп жаткан аялдын жардамы менен керектүү документтерим тез арада дайын болуп, каражат да табылды. Баары жакшы боло баштады. Сарсанаа кылбайын деп буга чейин унчукпай жүрүп, эртең учам дегенде апама алыска кетип жатканымды кабарладым. Байкуш апам бир ыйлап алып батасын берип, ак жол каалап калды.

***

Ал жакта мени бакыт тосуп, кубаныч күтүп турбаптыр. Мени Кыргызстандан узатып калган эжеге бир топ жагынан окшош: шуулдаган, ал жайды жакшылап сурап ичиңди жылыткан, ашкере боёнуп, ашыкча күлө берген бир аял тосуп алды. Мен баласын бакчу үй-бүлө азыр үйүнө оңдоп-түзөө иштерин кылып убакытты созуп жатканын айтып мени бир жума үйүндө кармады. Алда кандай болуп жоготуп алба деп документтеримдин баарын алып менин көзүмчө сейфке бекитип койду. Анын камкордугуна ичтен ыраазы болуп жаттым. Үйүндө мен курактуу дагы эки кыз бар экен. Алгач бирөө, анан экинчиси кеткен күнү мен алданып келгенимди билдим. Жанагы аял мени чыркыратып туруп башка улуттагы лөкүйгөн бирөөгө салып берип койду. Каргашалуу ал күндү эстесем азыр да денем калтырап, муздак терге чөмүлүп муунуп чыгам. Мен кордолдум... Кыз абийирим төгүлдү... Денемди саттым...

Алгач ошол бөлмөдөн чыкпай эле өлүп алууну ойлодум. Андайда жан деле таттуу болбойт экен, бир гана апамды кыйбай койдум. Ансыз да чекеси жылыбай келген байкушумду кууратпайын дедим. Анан тиги аял оозу-мурду кыйшайбай туруп мындан ары денемди сатып иштей турганымды, эч кимге эч кандай бала багуучу керек эместигин айтты. Каршы айткан алгачкы сөзүмдө эле алаканы жаагыма ойноп кетти. Анан бул иште дайыма иштеп кетпесем да Кыргызстандагы өнөктөшү экөөнүн менин документтериме, жол киреме короткон акчаларын төлөп бермейинче иштей турганымды айтып жарга такады. Документтерим толук анын колунда, жанымда сокур тыйыным жок, атам тааныбаган чоочун жер, чоочун эл. Анын айтканын кылуудан башка аргам жок калды. Ошол күндөн баштап адам эмес эле жандуу куурчакка айландым. Жанагы аял мени жакшынакай кылып кийинтет, тез-тезден ден соолугумду текшертет, салондорго алып барып сулуулайт, анан кечинде кимдир бирөөнүн койнуна салып берет. А менин жалгыз ойлогонум - бир айласын таап бул азаптан кутулуу, эмне кылсам дагы өз жериме качып кетүү. Ал эми менин тагдырым менен ойногондордон өч алууну ойлогонумда жырткычка айланып кете жаздап жүрдүм. Ар бир кардарды тейлегенден кийин мага тиешелүү акчаны колума карматат. Канчасын ал, канчасын мен алып жатканыма деле кызыккан жокмун. Бирок акча керек болгон үчүн аргасыздан арам да болсо аны алып, чогултуп жүрдүм. Тиги аял болсо ар бир акча берген сайын мен анын абдан ишенимдүү кызы экенимди, ушинтип иштей берсем мага да, ага да акча агылып келип турарын айтып жаагы тынбайт. Кебинин аягында минтип дене сатуу азыркы кезде кадыресе эле иш экенин, бара-бара көнүп кетеримди айтып оюнда көңүлүмдү жибиткен болот.

***

Калп айтпайын, жарым жылга жетпей жакшы акча чогултуп алдым. Биз чоң үйдүн бир тарабында жашап, бир тарабында кардарларды тейлечүбүз. Сыртынан анын сойкукана экенин эч ким байкачу эмес. Босогодон баштап төргө чейин эки-үч эңгезердей жигиттер кароолдо турушат. Акчам чогулган соң алардын биринин көңүлүн алып, качууга жардам суроону ойлоно баштадым. Чынын айтсам, далай адамды тейлеген эми өз пайдам үчүн бир адамды тейлесем эмне болмок эле деген ойдо болдум. Кезектешип алмашып турчу кароол жигиттерди байкап жүрүп бирөөнүн кыргыз экенин билип калдым. Алгач апама уятым кармалгандай катуу чочудум. Бирок баары бир ошол жигит жакын сезилип акыры болгон сырымды айтып жардам сурадым. Адил байке жардам кылуудан баш тарткан жок. Ал көп жылдан бери иштеп бул элдин көп сырын билип бүтүптүр. Мени качыруу үчүн тымызын аракет кылып жүрүп үч ай дегенде мени Кыргызстанга учуруп жиберди.

Ал жакка алданып сатылып кеткен далай кыздарга салыштырмалуу менин бактым тоодой экен. Болбосо он гүлүнүн бири ачыла элек мөлтүрөгөн кыздар атасындай эркектердин алдында тепселип, ошонусун жумуш деп атап ата-энесине, бир туугандарына акча салып жашап жүрүшөт. Мен сыяктуу качам деп, бирок кармалып калып кордукту эки эсе тарктандар андан көп. Самолётто баратып ушуларды ойлоп көз жашымды тыя албай келдим.

***

Тигил жакта жүргөндө апама анда-санда бир чалып, акчамды чогултуп жатам деп койчумун. Апам деле мени аядыбы акча сал дечү эмес. Келгенимди дароо билдирген жокмун. Анткени андай абалда эмес элем. Апамды көрсөм буркурап ыйлап баарын айтып салчудаймын. Айтпасам да ал көздөрүмдөн баарын окуп коймок. Бир ай мекениме келгениме, бир жылдык тозоктон кутулганыма ишенип-ишене албай курбумдун батиринде жата бердим. Өткөнүмдү, келечегимди ойлондум. Менде апамдын сырга бектиги, чыдамкайлыгы, токтоолугу бар. Ушул сапаттар менен белимди бекем бууп, баарын жаңыдан баштоого багыт ала алдым. Биринчи эле кадамымда окууга кол шилтедим. “Ошол окуунун акысы болбогондо жашоомдо бул кара так пайда болбойт беле?” деп азыр деле кейий берем. Анан кафелердин бирине официант болуп кирип алдым. Жумушумдан башка эч нерсени ойлобой эки ай жанталашып иштедим. Бул арада апама базарлык кылчу акчам чогулду. Анан гана алыстан келген киши болуп апама учурашып келдим. Албетте ачык айтпасам да Түркия, ал жактагы адамдар менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрткөнүн, ошол себептен эми окубай ушул карапайым эле иште иштеп жүрө берүүнү чечкенимди айттым. Апам үчүн бул кабарым жагымсыз болду, бирок анчейин деле каршы чыккан жок.

***

Официанттык жумушта 4 жыл иштедим. Тажрыйбалуу болуп улам чоң кафеге, андан ресторанга котолуруп жүрүп отуруп бир чайкананын администратору болууга жетиштим. Баарын жыйыштырып салып, бир билгеним жумуш болуп иштеп жүрүп бактымды да ушул иштен таптым. Биздин чайкананын дайымкы кардары мага ашык болуп калганын айтып, сезимин билдирди. Бул маалда баягы оор күндөрдүн изи сууп, турмушка чыкпайм деген оюмдан кайтып калгам. Башынан ушул оюмду бышырып жүргөнгөбү анын сунушун четке какпай макул болдум да, убактысы келгенде кыздык белгини тиктирип турмушка чыгып кеттим.

Алдыга озбогон, артта калбаган карапайым жашоодобуз. Татынакай бир уул, бир кызым бар. Жолдошум - жаман адаты, жаман сөзү жок, Кудай деп жашаган жакшы адам. Баары жакшы, бирок жүрөк тереңинде бир кайгым бар. Жолдошумдун, балдарымдын алдында өткөн күндөрдү ойлоп жан дүйнөм жанчылып кетет. “Ушул кымбат адамдарыма таза, жакшы күндөр менен келгенимде бактым толук, телегейим тегиз болбойт беле?” деп көңүлүм ооруйт. Абийир алдында эч нерсе унутулбайт турбайбы, андан бери он жылдай убакыт өтсө да ал күндөрдү таптакыр унутуп сала албай койдум.

Бул сырым өзүм менен кетсе болмок. Ушуга чейин чыдаган жаным эми да чыдап ооз ачпай коймокмун. Бирок ошол кездеги менин тагдырым, алдануу, сатылуу бүгүнкү күндө ондогон кыздардын тагдырында кайталанып жатканы мени кат жазууга аргасыз кылды. Кыздар, эч убакта акча табуу үчүн башка жерге чыгууну ойлобогула. Билесиңерби, мен официант болуп иштеп акымды алган сайын: “Башында эле ушинтип иштесем болмок экен го. Өзүбүздүн эле шаардан иштеп жан бакса болот экен да”, - деп ойлоп, өкүнүчтөн ыйлагым келчү. Болгону кайсы жумуш болбосун берилип иштесең эле акчасы көп болорун кеч билдим, эх... Азыркы студент кыздар, деги эле жаштар ушул нерсени - бакытты алыстан эмес, өз айланабыздан эле издөөбүз керектигин эрте билип алышса дейм. Баарыңардан суранам, акчаны ээрчип алыс кетпегиле!

 

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.