АЙГҮЛ Текебаева: «Биздин үй-бүлө үчүн абдан оор учур болуп жатат...»

Аял – эркектин бардык жагынан колдой турган эң ишенимдүү адамы. Ошол үчүн “мыкты эркектин артында мыкты аял турат” деп айтылса керек. Төрт ай мурун камалып, учурда тор артында жаткан кыргыздын саясатында чоң орду бар лидер Өмүрбек Текебаевдин жубайы менен кызынын сезимдерин бөлүштүк.

 

– Айгүл айым, Өмүрбек Чиркешович камалгандан бери үйдө абал кандай?

– Өмүрбектин камалганына төрт ай болду. Бул нерсе мен үчүн да, балдарыбыз үчүн да күтүүсүз болду. Андан улам нес абалында болуп калдым. Биз балдарга жашоодо жакшылык менен жамандык бирге жүрөрүн, андыктан баарына даяр болуш керектигин айтып тарбиялаганбыз. Атасы дайыма саясатта, өмүр бою оппозицияда жүргөндүктөн улуу балдарым анын ишин жакшы билип калышкан. Бала деген сезимтал болот го, менин маанайыма карап: «Апа, эмнеге маанайыңыз жок, атама бир нерсе болдубу?» - деп турушат. Улуу кызыбыз 21, экинчи балабыз 20, кийинкиси 15, кенжебиз 8 жашта. Улуу кызым атасы камалганда телефон чалып: «Апа, сарсанаа болбоңуз, атам күчтүү адам, чыгат», - деп мага кубат берди. Кызымдын сөзү мени жашытты. Балдарымдын баарында атасыныкындай көк жалдык сапат бар, булар сынбай кайра чыйралышат.

– Кичине кызыңыздын сотто атасы менен жолукканы көпчүлүктүн көзүнөн жаш агызды...

– Кичине кызым атасы иш сапарга кеткендей сезип, эч нерсе билбей жүрөт деп ойлочумун. Балдарыма да ага айтпагыла деген элем, бирок кийинчерээк айтууга туура келди. Айтсам: «Апа, мен ошол күнү эле билгем сиздин маанайыңыздан. Телевизордон да айтты», - дейт. Азыр ойлосом кызым ошол күндөрү ыйлабай, сүйлөбөй унчукпай отурган, көрсө, баарын ичинен өткөрүптүр. Үч айдан бери атасын көрбөй куса болду, атасын көргүсү келди, андыктан сотко алып барууга аргасыз болдум. Сотуна барууну Өмүрбек: «Балдарым өзү чечсин», - деп койду. Эртең сот болот деген күнү кызыма: «Айсара, сен барбай эле коёрсуң?» - десем, «жок, атамды сагындым, барам», - деди. «Атаң тордун ичинде отурат, сага оор болуп калат. Сен атаңды көрүп ыйлайсың, анан бизди эшикке чыгарып салышат», -десем, кызым: «Ооба, апа, мен ыйлайм, бирок акырын ыйлайм»,- деди. Бала деген өзүнүн эмоцияларын көзөмөлдөй албайт эмеспи, кызыма сотто кыйын болсо да, эмоциясын көзөмөлдөй алды, акырын ыйлады. Үйгө келгенде: «Мен атамды көрдүм, бирок аны катуу-катуу кучактай албай калдым. Апа, атам келет, сөзсүз келет», - деп айтты, анын көзүнө тор көрүнбөптүр. Атасынын кулагына эмне деп шыбыраганын сурасам: «Ата, скрипкадан экзамен тапшырдым», - дептир. Кызымдын скрипкада ойноо кыялы болчу, соттун алдында эле экзамен тапшырган. Сотто атасына ошол жаңылыгын айтыптыр. Өмүрбек Айсараны «дарым» деп эркелетет. Экөө бири-бирине абдан жакын. Кызы азыр 2-класста окуйт, атасына: «Сагындым, оорубаңыз, мен сиздин дарыңызмын», - деп кат жазат. Катын атасына дем болсун деп адвокаттан берип жиберем.

– Ушул учурда жолдошуңуз саясаттан тыш адам болсо деген ой келдиби?

– “Өмүрбек саясаттан алыс эле болсо” деген ой менде күн сайын болот. Бирок бизде башка жашоо жок, бул Өмүрбектин тандоосу жана жашоосу, аны менен биз макул болушубуз керек деп ойлойм. Саясатчынын жубайы болгон адам баарына даяр турушу керек. Ичимден оор болуп жатса да, сыртымдан билдирбегенге аракет кылам. Өмүрбек ак, ал өзүнүн актыгын “далилдегенге даярмын” деп жатат. Бирок соттор ошого да мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Балдарымдын сагынычтуу күндөрүнүн акыркы күндөрү болуп атасы жанына келип калса экен. Азыр биздин үй-бүлө үчүн абдан оор учур.

 

 

Айданек Текебаева: “Менин атам - “кызыл гигант”

Пекин шаарында университетте окуп жатканыма 2 жыл болду. Ачыгын айтсам, ал жакка тапшырууну каалаган эмесмин, ата-энемдин кеңеши менен тапшырып окуп калдым. Азыр өкүнбөйм. Кытайдын бай жана байыркы маданияты бар. Анын келечеги кең жана улуу. Адамдар дүйнөнүн булуң-бурчунан келишип кытай тилин, маданиятын жана башка илимдерди үйрөнүшөт. Мен окуу жайдын жатаканасында жашайм. Студенттик кездин кызыгы мына ушунда болсо керек. Биздин жатаканада жаштыктын, шаттыктын атмосферасы, буркурап кайнаган студенттик турмуш орун алган. Ар бир бөлмөдө ар кандай үндөр жаңырат. Жатакананын алдындагы отургучтарда ырдабаса тура алышпаган мексикалыктар дайыма отурушат. Кыскасы, жатакананын алды эртеден кечке кымгуут эл. Өзүм 5 кабаттуу жатакананын 4-кабатында колумбия-барранкильялык кыз менен чогуу жашайм. Аты Жазмин. Ал менден үч жашка улуу. Ошого карабай биз жакын болуп кеттик. Эже-сиңдидей ынтымакта жашайбыз. Жазмин дүйнө кыдырганды жакшы көрөт. Өткөн жайда мен аны Кыргызстанга чакырдым. Ал Кыргызстанга сапарды чыдамсыздык менен күттү. Мекениме келер менен сүйүктүү шаарым Бишкектин кооз жана тарыхый жерлерин көргөздүм.Эртеси күнү тоого чыктык. Берметибиз Ысык-Көлгө да алып бардым. Көлдү көргөндө Жазмин: «Бул океан го!» - деп таң калды. Көрсө, ал кичинекей тоо көлүн көрөм деп ойлоптур. Көлгө келип эле пляжды, сууну көздөй чуркадык. Жазмин Ысык-Көлдүн суусуна чөмүлгөндү эңсеп шашып турду. Ал сууга секирип түшүп, кубанычы таң калууга алмашты: “Бул муздак көл”, - деп кыйкырып алды. Ошол күндөрү мен сөз менен айтып жеткире алгыс бактылуу элем. Курбума баары жакты, Кыргызстандын кооз табиятынан баштап менин мекендештериме чейин. Анын айтышынча, биз кыргызстандыктар меймандос, боорукер жана жакшылыкка умтулган эл экенбиз.

Ошол учурда атам «Аврора» пансионатында конференцияга катышып жаткан. Ал бизди кечки тамакка чакырды. Кечке жуук эле, биз пансионаттын тегерегинде сейилдедик. Бир маалда өткүн жамгыр төгүп кирди. Биз суу болуп, жаандан далдаараак жерге чуркадык. Бул жердин кандай кооз экенин биз дароо байкабаптырбыз. Узун, түптүз аллеялар, дарактын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө бай парк, таза жана салкын аба. Жээктеги кафелердин биринен атам менен кезигип, отуруп улуттук тамак буйрудук. Алдыбызга тамак келгиче эс алуучулар атам менен учурашып, сүрөткө түшүүнү сурап жатышты. Атам эч кимге жок дебей, баары менен сүрөткө түшүп жатты. Жазмин таң калуу менен: «Сенин атаң атактуу экен», - деди. Атама которуп берсем, ал Жазминдин сөзүн улап: «Мен жылдызмын», - деди да, бир аз пауза кармады. Менин атам - кыска аңгемелердин, сөздүн чебери. Анын ыкмаларын мен жакшы билем. Мындай мактанчаактык угарманды алгач таң калтырып, анан ага көңүлүн бурмак. Атам ар кандай сезимдерди сөз менен гана эмес, үндүн тембри, интонациясы жана мимика-жест, позаларды да пайдаланып бере (тарата) алат. Бул жерде негизги кеп паузада. Бирок калыстык кылыш керек. Паузанын чыныгы чебери деп “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер эсептелинет. Анын узакка созулган, көп маанилүү паузалары сөзгө караганда көбүрөөк нерселерди айтат. Атам паузаны ашык-кеми жок канча керек болсо, ошончо кармап: «Чынын айтсам, мен жергиликтүү масштабдагы өчүп бараткан жылдызмын»,- деп үмүтү өчкөн онко оорулуудай үшкүрүп койду. Атамдын ою боюнча, биз аны аяй башташыбыз керек эле.

Дагы пауза...

“Бирок мен “кызыл гигантмын”,- деди күтүүсүздөн. Анын үнүндө оптимизм менен салтанаттын ноталары пайда болду. Андан аркы сөздөрүн мектеп мугалиминдей улантты: “Ааламда өчүп бараткан чоң жылдыздар бар. Аларды кызыл гиганттар деп коюшат. Алардын бир керемет касиети бар. Алар жарылышып, супер жаңы жылдыздарга айланышат. Бирок бардык эле кызыл гиганттар супер жаңы жылдыздарга айлана беришпейт. Кыскасы, чоң кызыл гиганттар кара жутка (чёрные дыры) айланышат. Кара жут – супер тыгыз тело. Мисалы, Жер планетасы кара жутка айланса, анын размери оймоктой эле болуп калмак. Кара жут космостогу чаңдардан баштап жылдыздарга чейин баарын жутат. Ошондуктан ал көрүнбөйт. Бирок көрүнбөгөнү менен ал жылдыздардын, галактикалардын траекториясын, ааламдагы процесстердин жүрүшүн аныктайт. Менин алдымда да ушундай эки вариант бар. Экөө тең мага жагат”.

Атам муну айтып бүтүп, биздин реакциябыз кандай болорун күтүп калды. Жазминдин жообу атам үчүн күтүүсүз болду: “Сенин атаң өзүн абдан жакшы көрөт экен”,- деп жылмайды. Биз баарыбыз көпкө чейин күлдүк… Ошол учурда ошол жай менин балалыгымдын соңку жайы экенин билбептирмин. Ошондо атам бизге бардык нерселерди, жакшылыктын да, жамандыктын да аягы болот дегенди айткысы келгенин кийин гана билдим. “Барга көппө, жокко чөкпө” деп кыргыздар айтышат эмеспи.

Ар кандай кырдаалдан чыгуунун бир нече жолу бар. Ар кандай ситуациядан да жакшы нерселерди тапса болот. Бүгүн менин атам - саясий туткун. Ал УКМКнын абагында камерада жалгыз кармалууда. Мурда мен өзүмдүн келечек пландарым, кыялдарым жөнүндө көбүрөөк ойлончу элем. Азыр башкалардын: атамдын, апамдын, инилеримдин, сиңдимдин тилеги, максаттары тууралуу көбүрөөк ойлоно баштадым. Мен үйдүн улуусумун. Демек, жоопкерчиликтүү болушум керек.

2017-жыл. Жай.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.