Күүгүмдөгү коңгуроо

 (Башталышы
өткөн санда)

Чолпон Өктөм менен кантип жакын болуп кеткенин өзү да байкабай калды. Күн сайын терезесинин түбүндө турган жигиттин карааны кызга алда кандай тымызын сыймыкпы же дил толкуткан сезимби, айтор, сөз менен жеткирип айта алгыс жылуулук тартуулачу. Качан жигиттин чыдамы кетип ары-бери басып, терезеге улам-улам таш ыргыта баштаганда каалгый басып сыртка чыкчу. Кыздын карааны көрүнөрү менен эле Өктөм капкара көздөрүн күлүңдөтө кызды ашыга утурлай, анан батынып-батынбай коомай кучактаар эле. Кыздын белине абай оролгон колдордун андагы табы али да өксүк көңүлүн, муздаган дилин жылытат.

– Кандайсың? Күттүрдүң го... Өктөм апкаарып жаткандай дирилдей унчугат.

– Китеп окуп жаткам,-дейт кыз да үшүгөн жандай калчылдап. Чыны чыкканга шашып, бирок атайын кыз каадасы, назы кылып күттүргөнүн жашырат. Өктөм кыздын жүзүн сагына карап, бирок өпкөнгө даай албай, сулуу, шок көздөрү төгүлө жалжылдап бирдеме дегиси келип, бирок сөз таппай жаткандай калдастайт.

– Басалы,-дейт кыз азыр болуп кетчү алда кандай дүрбөлөң окуядан корккондой жер карап. Бирок, кыз тымызын күткөн да, корккон да дүрбөлөң окуя ошол түнү болду, алар ошол түнү биринчи жолу эрин тызылдатып, жүз дуулдатып өбүшүштү.

– Кызгалдагым, жакшынам, аруузатым менин....

Көңүлдү сапырып, жан дүйнөгө бурганак түшүргөн мындай таттуу сөздү Чолпон эч укпаптыр, андан кийин деле ушул жандан башка эч кимден укпады.

– Каралдым... Кыз ушул гана сөздү айтканга жарады. Бар болгон сезимин, ички кубанычын ушул сөзгө батырды. Жигиттин көөдөнүнө башын ката аптыкты.

– Сен меникисиң, мен сени эч кимге бербейм!

– Антпе...

– Эмнеге? Сен меники болууга тийишсиң, сени мен гана бактылуу кыла алам, кызгалдагым. Сен менин гана талаамда гүлдөп, менин гана талаамды көрктөшүң керек.

Өктөм тим эле өрттөнүп бараткансып аптыкты. Экөө үчүн күн өткөнү, саат учканы мааниге ээ болбой, ааламда экөө гана бардай жыргашты ошол жазда.

Жаз жайга, жай күзгө алмашты. Кеч күздө Өктөм шашып келди да:

– Бүгүн досум Базарбайдын туулган күнү, сен даярданып тур, мен Базарбайдын сүйлөшкөн кызын алып келе коёюн, Базарбай өзү камданып үйдөн чыга албайт экен,-деп кетти.

Базарбай бир үйдүн жалгыз уулу, атасы эрте эле каза болуп, апасы жолдошунун күйүтүнөн улам оорукчан болуп калган. Өктөм менен ушул досу айрыкча жакын, экөө бири-бири үчүн ичкен тамагын таштап чуркашат. Базарбайдын сүйлөшкөн кызы Каныкей да жакшы кыз. Чолпон жасанып алып көп күттү. Дайыма айткан убагынан эрте ашыгып келчү Өктөм негедир кечигип жатты. Улам күүгүм кирген сайын кыз жанын коёрго жер таппай кыпылдап, же таарынарын, же кыжаалат болорун билбей эки анжы ойдон жанчылды. Анда азыркыдай телефон болсо эмне. Кийинген бойдон жатып уктап калыптыр, бир кезде эшик тыкылдады.

– Келди!-деп аптыга тура калган кыз шашып эшик ачты. Эшик оозунда Өктөм эмес, купкуу болгон Базарбай турду.

– Эмне болду? Өктөм кана?-деди кыз коркконунан кетенчиктей берип.

– Чопа, сен коркпо, Өктөм менен Каныкей мотоциклден авария болуп...

Чолпон андан аркысын укпай эсин жоготуп баратты.

– Чопа, Өктөм аман, Каныкейдин абалы оор, мен сага айтып коёюн деп эле келдим, азыр ооруканага барышым керек.

– Мен да барам,-деди Чолпон каргылдана.

Алар караңгы түндү жиреп, Чолпон эч нерсе ойлоно албай дуулдай чуркап, башына каран түн түшкөн экөө шашып баратышты. Оорукананын алдында топтолуп турган адамдарды, анын ичинен чачы саксайып эч кимге баш бербей жулунуп жаткан Каныкейдин апасын көргөндө эле бир жамандык болгонун сезди Чолпон. Оюна “Өктөм камалат тура” деген суук ой келди да, жанында делдейип туруп калган Базарбайдын колун кыса кармап онтоп жиберди.

– Базарбай, эми не болот?

– Билбейм,-деди купкуу болгон Базарбай тиш арасынан шыбырай. Бир кезде аппак шейшеп жабылган кол арабаны эки жигит көтөрүп чыкты.

– Каныкей, каралдым, мен кантем!-деп чаңырган Каныкейдин апасы жанын таштай умтулду, бирок арабага жетпей чалыныппы же эсин жоготуппу жыгылып кетти. Чачы буурул тарткан олбурлуу киши аялды жерге жеткирбей кармап калды. Шордуу энени бооруна кыса кучактап турган кишинин ошондогу кубарган жүзү ылдый сарыккан көз жашы азыр да келиндин көз алдында. Бул айтып, ыйлап түгөтө алгыс күйүткө чыланган көз жаш эле. Четте турган Базарбай менен Чолпондун жанынан өлүктү көтөрүп өтүштү.

– Каныш,-деди Базарбай шыбырай, бирок кадап койгонсуп ордунан жылган жок, болгону алаканындагы кыздын колдорун кычырата кармап, кыз болсо ооруганына чыдай ыйлап тура берди. Топураган көпчүлүк машинага чыгып кетишти. Ызы-чуу ыйды, адам көтөрбөскө айласы жок оор күйүттү жүктөгөн машина козголду да, тирүү жандай бир үшкүрүп алып жүрүп кетти.

– Базарбай, кетели, Өктөм кайда?-деди ыйдан каргылданган Чолпон.

– Милицияда,-деди Базарбай дале ордунан жылбай.

– Мен аны ушул жерде экен дегем...

– Ушул жерде болчу, милициялар келгенде мени сага жиберип, өзү алар менен кетти. Каныкейди өлбөйт дегенбиз,-деди каргылдана. Эми гана жанатан камалып турган ысык көз жаш жаак ылдый шорголоду. Жанагы буурул чач киши менен Базарбайдын күйүт менен чарасыздыктан шалдайган ийини, кубарган жүзү ылдый сарыккан көз жашы окшош эле.

Каныкейдин ата-энеси “кызыбыз кайра тирилмек беле, бул кырсык, дообуз жок” дешсе да Өктөм алты жылга кесилип кетти. Өкүм чыгып, жигитти алып чыгып баратканда Чолпон улуу-кичүүдөн тартынбай чучуктай чыңыра, жан биргесин өлүмгө алып бараткандай жан таштай жулунуп, милицияларга да бой бербей Өктөмдү кучактай:

– Кетпе, мен кантем, кетпе!-дегенден башка кеп оозуна келбей солуктады. Өктөм колу кишенде, милициянын жулкулдатканына да карабай, жигиттин мойнуна оролгон колу чыкпай карышкан кызга көкүрөгү менен өбөктөй ыктап жалбарды:

– Мен келем, тез эле келем, сен ыйлаба кызгалдагым, сен ыйлаба...

А өзү ыйлап жатты. Азыр да өксүп, куду ошондогудай күйүт менен буркурап ыйлап алды да, кайра өткөн күндөрүнө сүңгүдү.

Кыздан Өктөмдү эки үч талтөөндөй милиция араң ажыратып алып чыгып кетишти. Тизелей жыгылган Чолпонду Базарбай тургузуп жетелеп кетти.

– Өктөм келет, ыйлаба, Чопа, а Каныкей эми эч качан келбейт,-деди ал сызгырылып бараткандай муңкана.

– Кечир Базаке, Өктөм деле атайылаган жок....

– Мен Өктөмдү күнөөлөгөн жокмун, тагдырды каргап жатам,-деди ый аралаш. Экөө залда эч ким калбай калса да отура беришти.

Кыз жигитке беш жыл каттады. Ар бир барган сайын ата-энесинен шылтоо таап уруксат суроо азап болчу. Көрсө, тозоктун башы ошондо башталган экен. Жолугушууга барган сайын Өктөм:

– Ким менен жолугуп жатасың, ким сага кызыгып жатат?-деп суракка алып, кыздын ансыз да сыгылган жүрөгүн эзе берчү. Өктөм беш жыл дегенде чыгып келди. Баягы жайдары, шайыр жигит түнт, шекчил болуп өзгөрүптүр. Кыз аны жылуу сөзү, жароокер назы менен дарылап, баарын мурдагы калыбына келтирем деп ата-энесине айтпай бирге жашап алып жаңылган экен. Күнү бою жумушка жаңы эле кирген кызга улам чалып тынчын ала берчү. Албай койсо анда жетип барып, көздөрү кызара тишин кычыратып кызды жулкулдата сыртка жетелеп чыгат да:

– Неге албадың, ким менен эмне кылып жаттың эле?!-деп сааттап суракка алат. Кокус бирдеме болуп жумушта кармалып же маршрут күтүп бир аз кечигип келсе, анда бүттү кызаңдап ачууланып, кызды чечинтип алып денесин текшерип, ал тургай жыттап көрүп кыйнай берчү. Урбаса да мындай басынтуу, ишенбөө кыз намысын тебелеп, жүрөгүн муздатып баратты. Акыры чыдабаган кыз кетип калды. Кетип калуу Өктөмдүн жиндилигин ансайын күчөтүп, кызды жумушунан, жолдон акмалап кармап алып чаң салчу болду. Айрыкча мас болуп алып жумушка келип жиндилик салганы Чолпонду чүнчүтүп, аргасы кеткенде жумуштан да чыгып алды.

Ошондой күндөрдүн биринде Чолпонго жашы бир топ улуу, кызматы, мартабасы, кадыры бар киши жуучу түшүп калды. Апасы дароо:

– Өзүң билип, жетим кыздай ата-теги белгисиз, кадырыңды билбеген бирөө менен жол-жобосу жок эле жашап алдың, аныңа да макул болдук. Эми бизди ук, болбосо балалыктан кечем,- деп маселени кабыргасынан койду. Кызга азыр баары бир эле. Анын жакшы күндөрү Өктөм менен кошо түрмөгө түшүп, Өктөм чыккан менен ал күндөр ошол сыз, караңгы, муздак жайда калып калган эле. Чолпон турмушка чыгарын Өктөм угуп калбаса экен деп кыпылдап, бүт номерин алмаштырып салды. Бирок, Өктөм аны жерге кирсе чачынан, асманга чыкса бутунан тартып алчудай издеп таап алчу болду. Бир күнү кечке маал дагы адатынча капыстан жолдон жолукту, бир аз кызуу экен. Көп күндөн бери ичкени ак шишик баскан жүзүнөн муңга, кусага, ичкиликке ууланган көздөрүнөн билинип турду.

– Чолпон, мен сенсиз жашай албайм, кайрыл,-деди жалооруп.

– Мен чарчадым, Өктөм, сен мага ишенбеген соң жашап эмне кылабыз?-деди жигитти аяй карап.

– Мен оңолом, көрөсүң го, сен төрөп эле берчи, оңолом. Анан сен да кечикпе да, жумушта телефонуңду ал да,-деди. Дагы эле баягы.

– Мен турмушка чыгып жатам,-деди муздак. Өктөм оболу ишенбей, бирок кыздын муздак көз карашынан баарын сезди.

– Менсиз эч качан бактылуу болбойсуң, мен сени каргайм. Сен мени гана, а мен сени гана сүйөм,-деди каргылдана.

– Каргай бер, каргыштын да эки учу болот, бири мага тийсе, бир учу сага тиет. Кел, жаман-жакшы айтышпай биздин сүйүү үчүн жылуу коштошолу,-деди кыз жалооруп.

– Мен сени бирөөгө тиет деп сүйгөн эмесмин. Эгер башкага тийсең мени унутпай, мен кирген түштөр сени уктатпай өтөрү чын, анткени сен да мени сүйөсүң. Кетпе, Чопа, суранам, кетпе!-деди куду баягы сот залындагы кыздын өзүндөй жалбарып.

– Жок, бата тиленип калды, мен кайрадан сен деп ата-энемди жер карата албайм. Ары үй-жайсыз, эртеңсиз, куру жалаа менен ишеними жок жашагандан чарчадым. Мен сени сүйбөй калдым,-деди өзүн зордоп.

– Анын үй-жайы бар бекен?-деди тишин кычырата ызалуу.

– Ооба, үй-жайы, эл ичинде кадыры, иштеген кызматы бар экен. Эң башкысы сенчилеп эзип кыйнабайт, жаныма тынч болсо болду.

– Сага үй-жай эле керек болсо экөөлөп жасайбыз, сен жанымда эле тур, мен баарын жасайм,-деди жигит чын дилинен. Көздөрү от боло жанып, жүрөгүн төшөй жалооруган жигитти карай албай, азыр ушул көздөрдү караса эле баарынан кечип кетерин билген Чолпон шарт баш көтөрбөй:

– Жок, эми баары кеч,-деди да шарт бурулуп басып кетти. Өктөм кыздын артынан:

– Мен сени каргадым, сага тетири бата бердим, кандай жакшы жанга жолуксаң да мени унутпай, башканы сүйө албай жүрүп өтөсүң!-деп каргылдана кыйкырды.

(Уландысы кийинки санда)

Айжаркын Эргешова