Жыргалбек АЖЫМАТОВ: “Операциясыз айыгып кетериме көзүм жетип турат”

Жыргалбек Ажыматов: “Эмне мынча сынайт экен пендесин же ушунчалык жакшы көрөбү чындап эле?

Баса аласыңар, каалаган жагыңарга бара аласыңар, каалаган нерсеңерди жей аласыңар. А мен жадагалса аялым, чоң кызым же башка бирөө ордуман тартып тургузмайын отура албайм. Эки метр араң басам, таптакыр алсыздык... Үч ай жаттым эле, дагы жатат окшойм...

Кечээ жакында Индиядан дарыгер-хирургдар келди, көрүндүм. Тез арада операция дешти. Эгерде боорумду алмаштырбасам жакынкы күтүүсүз бир убакта, балким, эртең же бир айдын ичинде бул органым иштен чыгып комага түшүп калуу ыктымалдуулугу жогору экен. Ал эми операцияга чоң акча керек. Эң аз дегенде 40 миң доллар деп атат. Балким, дагы кошулуп кетер.

Мен көрүнбөгөн табып деле калбады. Азыр тамчылатма ийне саюу жолу менен бейтапканада убактылуу жакшымын. Үч айдан бери күн сайын 5-6 миң сомдук дары-дармек алам.

“Көп түкүрсө көл болот” демекчи, сиздерден жардам накталай акча болбосо да, Москвага жиберилген “Кыргызча-англисче” заманбап сөздүгүмдү алып койсоңуздар, өзүңүздөргө (же башкаларга) пайдалуу болуп, ошол эле учурда мага чоң жакшылык, Жараткандын наамы менен соопчулук жасаган болосуздар. 0555 747867 номери аркылуу сатып алсаңыздар болот”.

– Жыргалбек мырза, активдүү иштеген адамдардын катарын толуктачу элеңиз, бул оору сизге кандайча жармашты?

– Эч ким ооруп калам деп ойлобойт экен, баары күтүүсүздөн болот тура. Мен кичинемде баары ооруган эле А гепатити, тактап айтканда, сарык оорусунун жеңил түрү менен ооруган экенмин. Дарыгерлердин айтымы боюнча, кийин диетаны жакшы кармабай коюп, ошондой эле компьютерде көп отургандыгымдан кыймыл аз болуп, ушул оору пайда болуптур. Мурда жакшына эле жүргөм, акыркы учурларда бир жак капталым оорлошуп ооручу болуп калган. Бир жарым жыл мурун ооруканага барсам, дарыгерлер боордун циррозу деген диагноз коюшту. Диагнозду жакшылап тактайын деп Бишкекке барсам, алар да ушул ооруну тастыкташып, 4-стадиядагы боор оорусунун өтүшкөн формасы дешти. Бул оорунун жаман жагы - адамды билинбей жүрүп жыгат экен. Ал эми жакшы жагы - операция жолу менен калыбына келет дешет. Оор тамактар боор оорунун душманы турбайбы, кыргыздар күчтүү тамактарды жейбиз да. Догдурлар мага алты ай сайын келип дарылануу керектигин айтышкан. Башында алты ай сайын барып турсам, кийин барбай калып тогуз ай өтүп кетти. Оорубай калса эле адам баласы унутуп калат экенбиз, болду жакшы болдум деп. Былтыр жайында Ысык-Көлгө эс алууга барып келгем. Ошондо алыс жол боорго күч келтириптир, кайра ооруп калдым.

– Азыр сизге басуу да оор болуп калыптыр, мындай абалга келгениңизге канча убакыт болду?

– Ушул жылдын апрель айынан баштап олуттуу ооруп калдым. Андан бери үч жолу ооруканага жатып чыктым. Эртеден кечке тамчылатма ийне сайдырып жатам. Айтор, бул оору менен алышып жаткан учурум, ооруканага жатсам эле жакшы болуп калган сыяктуу болом, үйгө чыгып келдим дегенче кайра абалым оорлошот. Азыр өтө алсызмын, дааратканага гана бара алам. Эми үмүтүмдүн баары эле операцияда болуп турат. Өткөндө Ошко Индиядан дарыгерлер келишти. Мен алар менен котормочусуз, англис тилинде эркин сүйлөштүм. Анализдерди карап, тез арада операция жасалыш керектигин айтышты. Андыктан тезинен донор менен акча табышым керек болууда.

– Актёр Азиз Мурадиллаевдин да боорун алмаштырыш керек деп жатып, өзү иштеп кетти го, сиздей андай мүмкүнчүлүк бар бекен?

– Мен боор оору десе эле баарын окшош деп жүрө бериптирмин, көрсө, боор оорунун 120дан ашык түрү бар экен. Анын баарын изилдеп чыктым. Азиз Мурадиллаевдики өтүшүп кете элек, башталган формасы экен. Меники өтүшкөн формасы болуп жатат, боорум катуу жабыркаптыр. Андыктан донор таап, операция жолу менен гана дарылаганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок өзүмдүн операциясыз эле айыгып кетериме көзүм жетип турат.

– Донор табылдыбы?

– Донор болгонго эң эле биринчи кезекте мүмкүн болгон бир туугандар болуп, алар сарык оору менен оорубаган болуусу шарт экен. Биз төрт бир тууганбыз, үч иним бар. Тилекке каршы, менин үч иним тең кичинесинде сарык оорусу менен оорушкан. Бирок бизде дале үмүт бар, анткени дарыгерлер: “Инилериң кичине кезинде ооруп, жакшы болуп кеткен болсо мүмкүнчүлүк бар. Кандарынан анализ алып көрөбүз”,- дешти. Азыр үч иним бирдей анализ тапшырып жүрүшөт. Алардын боору эле эмес, боордун айланасындагы органдары да таза болушу керек экен. Инилеримдики жарап калса деп тилеп атабыз. Донор болгон адамдар менен сүйлөшсөм, бир кишиге донор болгон баласы он күндөн кийин эле жумушка чыгып кетиптир. Азыр баласынын да, атасынын да абалдары жакшы экен. Ал эч коркпой эле коюш керектигин айтса үмүт артып, шыктанып калдым.

– Каражат жагы да чоң көйгөй го, китептериңизди сатып атыптырсыз, керектүү акча чогулчудайбы?

– Бери жагы эле 40 миң доллар керек болуп жатат. Бирок баргандан кийин анализ, дары-дармек, жашаган жер, тамак-аш, реабилитация болуп олтуруп 55-60 миң долларга барат экен. Китептеримди 1000 сомдон сатып атам, баары бир аталган сумманын чогулушу кыйын го. Өзүмдүн үй-жайымды сатсам да ага жетпей турган болуп атат. Басмага бериле турган даяр 5 китебим бар, алар да чыкпай турат. Сөздүгүм 500 нускада чыкты эле, сапаты мыкты болсун десем кымбат чыгып калган. Ал үчүн 19 жылдык өмүрүм кеткен, элге ыраазымын, кайдан болбосун келип алып кетип атышты. Азыр жайкы эс алуу болгондуктан китептин өтүшү жайлап калды. Мындай сөздүк Кыргызстанда меникинен башка жок. Башында кыргызча – англисче сөздүк жазам десем таң калышты эле, анткени кыргызчадан орусча, орусчадан англисчеге которулат деген түшүнүк бар эле да. Мен окуучулук кезден англис тилине кызыгам, кийин англис тили мугалими кесибине тапшыргам. Кызыгып жүрүп эле мыкты деңгээлде өздөштүрүп кеттим. Учурунда тилден абдан кыйналгам, андыктан кийинки муундарга пайдалуу болсун деп китепти чыгардым. өзүмдүн www.ajimatov.com сайтыма да сабактарды чыгара баштадым. Бирок азыр кичине эле компьютер, телевизорду карасам чыдабай кетем. Андыктан ишим токтоп калды.

– Балдарга арналган мультфильмдерди да которчу элеңиз, ал иштериңиз да токтоп калгандыр?

– Мультфильм которуум таптакыр токтоп калган жок, убактылуу тыныгуу болгон. Бирок, тилекке каршы, көп убакыттык тыныгуу болуп кетти. Адамдын эмгеги бааланып, стимул бере турган бир нерсе болушу керек экен. Мисалы, такси айдаган айдоочу дайыма эле өзүнүн акчасына май куюп алып элди ташый бербейт да. Мен башында көрөрмандар жакшы сөз айтып койсо кубанып иштей берчүмүн. Карасам чөнтөк жукарды, мен да үй-бүлө багышым керек болду. Ошону менен токтоп калган.

– “Аюу жана Маша” мультфильминдеги Машаны сүйлөткөн кичинекей кызыңыз чоңоюп калгандыр?

– Кызым Акбермет быйыл 10-класска барганы турат. Жылдар өтө берет экен да, аны карап биз да таң калабыз. Азыр анын ордун башка сиңдилери басып калды. Учурда беш баланын атасымын, ошол балдарымдын маңдайында аман болоюн деп тилеп олтурам.

Соня Муслима: Аллахым шыпаасын берсин, кайгырбаңыз, позитив менен жашаңыз. Мен ишенем жакшы болуп кетесиз, ишенем кыргыз кыргызды жалгыз мээнет менен таштабайт. Сиз айткан 40 миң доллар чогулат деп ишенем. Себеби биз кыргызбыз, кыргыздын атынан айлансаң аздык кылат. Китебиңизди кайдан алсак болот?

Гүлсана Молдалиева: Жыпаргүл Төрөбаева атайын эсеп ачкыла, жардам берели. Китепти да каалоочулар сатып алышсын. Оору менен кармашып жаткан адамга жардам берели, достор. Сакайып кетсин Жыргалбек иним! Үй-бүлөңдүн бактысына Жараткан сага шыпаа берсин!

Нурлан Каракозуев: Жыргалбек иним, буюрса, толук сакайып кетесиң! Аллах Таала сынап жатат, биз колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Канчалаган адамдар сен жараткан эмгекти жарата алган эмес. Сен мыктысың. Аллах Таала шыпаасын берет, буюрса.

Акмарал Абдыкаарова: Ии, азыр окуп аябай ойлонуп калдым. Чынында мындай ооруп калышыңызды билбептирмин, Кудай шыпаасын берсин. Баштагыдай зыңкыйып мугалимдерге усулдук жардам берип жүрүшүңүзгө тилектешпиз.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.