Дүйнөнүн жети керемети

Жер жүзүндө укмуштай кооздукка ээ болгон жерлер көп. Алардын ичинен бөлүнүп алынган жети кереметтин кандай өзгөчөлүгү жана кереметтиги үчүн тандалганын төмөнкү макалада
 баяндайбыз.

 

Байыркы жети керемет

Эки миң жыл мурда Филон Византий 7 кереметтин тизмесин түзгөн. Тарыхый маалыматтарга караганда, башында үч гана керемет болгон. Кийин жети саны сыйкыр жана ыйык деп кереметтердин санын арттырышкан. Бул тизме ушул учурга чейин өзгөргөн эмес. Кереметтер тандалып жаткан мезгилде дүйнөдө байыркы жети кереметтен да кооз жерлер, имараттар болгон. Бирок тизме курулуштун кооздугуна карап эмес, анын көлөмүнө карата түзүлгөн. Ыйык делген жети кереметтин көпчүлүгү жок болуп, кайра курууга дуушар болсо, бүгүнкү күндө бир гана Хеопс пирамидасы сапатын жоготпой сакталып калган.

 

1. Хеопс пирамидасы

Хеопс пирамидасын 47 кылым мурда архитектор Имхотеп курган. Анын кереметтиги цемент, клей, мык колдонулбай курулганында болгон. Бул кереметтин бийиктиги 149,5 метр. Пирамиданын курулушунда колдонулган эң кичинекей таштын салмагы 2,5 тоннаны түзөт.

 

 

2. Вавилондун асма бактары

Бул бакча биздин заманга чейинки алтынчы кылымда пирамида түрүндө курулуп, алты кабаттан турган. Ар бир кабатта жасалма тектилерге мөмөлүү дарактар өстүрүлгөн. Өтүп бараткан адамдарга асмандан мөмөлөр асылып түшкөндөй көрүнгөн. Кызыгы бакчаны сугаруу үчүн орнотулган түтүктөрдөн суу жогорку кабатты көздөй аккан. Ал мезгил үчүн бул жогорку жетишкендик эле.

 

 

 

 

 

3. Александрия маягы

Б.з.ч. IV кылымда курулган маяктын бийиктиги 143 метрди түзөт. Архитектор Сострат. Бул маяктын башкалардан айырмасы ар тарабы аппак түстө. Анткени толугу менен мрамордон курулган. Александрия маягынын жардамы менен биринчи жолу жердин радиусу ченелген.

 

 

 

 

 

4. Эфестеги Артемида храмы

Бул храмдын чатыры 127 колонна менен кармалып турган. Уламыштарга ылайык, дүйнөдөгү 127 падышанын урматына коюлганы айтылат. Мындан тышкары колонналарга кулак төшөсө, шыбырттар угулуп турган. Бул курулуш бир канча жолу көрө албастар тарабынан өрттөнүп, акыры жок болгон.

 

 

 

5. Олимпиададагы Зевстин айкели

Архитектор Фидийдин колунан жаралган 12 метрдик айкел, алтын менен пил сөөгүнөн жасалган. Анын курулушуна эки жүз килограмм алтын жана бир тонна пилдин сөөгү корогону айтылат. Пил сөөгү жарылып, бузулбашы үчүн оливка майына салынган. Кийин Фидий алтынды уурдады деп өз шаарынан куулуп, түрмөдөн каза болгон.

 

 


 

 

6. Галикарнастагы падыша Мавсолдун күмбөзү

Падыша Мавсолдун урматына курулган имарат Түркиянын аймагында жайгашкан. “Мавзолей” сөзү дал ушул падышанын атынан улам колдонулуп калган. Анткени бул курулуш падышанын атынан коюлуп, ал жерде көмүлгөн. Мавзолей 19 кылым бою бузулбай турган. XVIII кылымдын аягында гана жер титирөөнүн кесепетинен жок болгон.

 

 
 
 
 
 
 

7. Гелиостун айкели

Родос аралында жайгашкан айкелдин бийиктиги 37 метрди түзгөн. Муну Херес аттуу архитектор элдин каражатына курган. Бүтөрүндө акчасы жетпей карызга баткан. Курулуш аяктаганда карызын төлөй албай, өз өмүрүн кыйганы айтылып келет. Айкел 65 жыл тургандан кийин сынып жок болгон.

 

 

 

 

Жаңы жети керемет.

Жаңы жети кереметти тандоону Швейцария саякатчысы Бернар Вебер сунуштаган. Бул жаңы кереметтерди планетанын жашоочулары СМСтин жардамы менен тандашкан. Тандоо 6 жылга созулуп, акыркы жыйынтык 2007-жылы жарыяланган. Тандоо критерийлери катары курулуштун кооздугу менен бирге анын оригиналдуулугу жана көлөмү эске алынган.

 

 

1. Тадж-Махал

Индиядагы Агра шаарында 1631-1654-жылдары курулган. Бул курулуш Жахан аттуу шахтын аялынын урматына салынган. Имаратты бүтүрүүгө 20000 куруучу тартылган.

 

 

 

 

2. Колизей

Римдин так ортосунда жайгашкан амфитеатр биринчи кылымда курулганы айтылат. Ал 50000 адам бата турган оруну менен дүйнөдөгү эң чоң амфитеатр болуп саналган.

 

 

 

 

 

3. Ыйса куткаруучунун эстелиги

Бул эстелик 709 метр бийиктикте Рио-де-Жанейро шаарында орун алган. Эстеликтин узундугу 38 метрди түзөт. Бул жаңы керемет 1931-жылы 12-октябрда ачылып, курулушуна беш жыл кеткен.

 

 

 

4. Улуу Кытай дубалы

Коргонуу максатында салынган Кытай чеби 1644-жылдары курулган. Бул чептин жети кереметке кошулуп калышынын себеби адамдар тарабынан жасалып, космостон көрүнгөн эстелик катары кабыл алынгандыгы болгон. Мындан тышкары дүйнөдөгү эң чоң мүрзө деп табылган. Курулуш мезгилинде он миллиондон ашык куруучу ал жерден каза тапканы айтылат. Чептин узундугу 8851 километр, бийиктиги 6-7 метрди түзөт.

 

 

 

5. Мачу-Пикчу

Булуттарга оролгон кыштак, деңиз деңгээлинен 2350 метр бийиктикте Амазонка токоюнда жайгашкан. Бул аймакты 1911-жылы америкалык археолог таап, анын 1440-жылы курулганын аныктап чыккан. Бул жерге баруу өтө татаал болгонуна байланыштуу уламыштарга караганда, өлкөнүн байлыктарын катуу үчүн салынган делет. Анткени кээ бир имараттары баалуу таштар менен жасалган.

 

 

 

 

6. Чичен-Ица

Мексикада жайгашкан Чичен-Ицанын 1000 жылдык тарыхы бар. Бул жер Мая уруусунан калган цивилизация катары таанылган. Бул аймактын дал ортосунда мая уруусуна таандык чиркөө орун алган. Кызыгы, жаз жана күз айларында чиркөөнүн тепкичинен жыландар түшүп келе жаткандай таасир калтырат.

 

 

 

 

7. Иорданиядагы Петра шаары

Бул керемет араб чөлүндө жайгашкан. “Петра” грек сөзүнөн которгондо, таш дегенди билдирет. Бул имараттын бул күнгө чейин сакталып калышынын себеби дал ошол таштардан курулгандыгында. Бул жер чөлдө сакталып калган эң кооз шаар деп табылган.

 

 

 

Жаңыл ИСАЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.