НУРЖАН ТЕНТИМИШОВА, “БИШКЕК” УН КОМБИНАТЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ: «Жумуш ордум, айлыгым жок болсо да өжөрлөнүп эки жыл иштедим»

Аял - үйдүн куту, балдарга эне, сүйүктүү жар. Ошол эле учурда сырттагы ишти да өздөштүрүп, бизнестин көзүн таба билген аялдар көп. Алардын катарын “Бишкек” ун комбинатынын башкы директору, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбековна толуктайт. Ири компанияны жетектеп, бизнестин көзүн мыкты билген айым бизде конокто.

– Эң алгачкы тапкан айлыгыңыз канча болгон жана аны эмнеге коротконсуз?

– Мен кесибим боюнча орус тили мугалимимин. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Нарынга барсам, "Кыргызстандын 60 жылдыгы" атындагы мектеп жаңы эле салынып бүтүптүр. Аталган мектепке мугалим болуп кирип иштеп, алгачкы айлыгым болгон 170 рублди ошол жерден алгам. Союз учурунда аталган айлык маяна жакшы эле акча болчу. Анда бойдок элем, андыктан ошол айлыгымды толугу менен ата-энеме бергем.

– Ишкерликке таштаган кадамыңыз кандайча башталды эле?

– 1992-жылы Чыныбай Түркияда Билим берүү министрлигинин өкүлү болуп иштеп калды. 1994-жылы күз айында министр алмашып Чыныбайдын ордуна башка бир жигитти жөнөтүп жиберишип, биз үй-бүлөбүз менен бөтөн жерде көчөдө калдык. Ошондо Чыныбай бизнеске кетүүгө аргасыз болду. Мен Түркияда элчиликте иштеп калдым, жолдошум Бишкекке барып-келип бизнесин жүргүзө берди. 1997-жылы Кыргызстанга үй-бүлөбүз менен көчүп келдик. Мен анда балам менен үйдө олтуруп калгам. Балам 1 жашка чыкканда бала багуучу таптым да, өзүм иштейин десем Чыныбай: «Иштеп эмне кыласың, сага эмне жетпей жатат? Акчаны алып дүкөн кыдырып жүрө бербейсиңби?» - деп каршы болду. Ал учурда бизнесте айымдар азыркыдай көп эмес болчу. Кыргыздын “аял деген эркектин ишине киришпеш керек” деген менталитети бар эмеспи. А мен күйөөм багат деп олтуруп ала турган аялдардан эмесмин. Тескерисинче, жашоодогу жетишкендиктерге эки адам тең бирдей аракет кылыш керек деп эсептейм. Ошон үчүн Чыныбайдын каршы болгонуна карабай «Акун» компаниясына ишке чыгып алдым.

Биринчи күндөрү мен кассирдин жанында олтурдум. Ошол кезде биздин унубуз жакшы чыгып, бирден бир ун чыгарган ишкана болгондуктан элдер кезекке туруп, кассага акча төлөп өздөрү алып кетишчү. Сатуу бөлүмүбүз жок болчу. Кассага келген кардарлар менен сүйлөшкөн сайын, менде ар кандай суроолор пайда боло баштады. Мен өзүм мугалиммин, биз мугалимдер үйрөткөндү эле эмес, үйрөнгөндү да билебиз. Кандайдыр бир көйгөйлөр болуп калса, мен дароо эле китеп дүкөнүнө жөнөчүмүн. Ал учурда азыркыдай интернет жок болчу, китептен эле суроолорума жооп табууга аракет жасачумун. Бирок Чыныбай мага иш берген жок, эч кандай кызматым жана айлыгым жок эле. Бир жолу жумуштан соң башкы бухгалтерден сатуу боюнча отчётту сурадым. Ал менин кызмат ордум жок болгондуктан, андан отчёт сураганга акым жок экенин айтты. Мен унчукпадым, жанымда турган Чыныбай да эч нерсе деген жок. Биз үйгө барып да ал тууралуу кеп козгогон жокпуз. Жолдошумдун мени колдобой, кол алдындагы жумушчусуна кемсинттирип койгону мен үчүн абдан оор болсо да, унчуккан жокмун. Эртеси баягыдай эле жумушка барсам, менин аткаруучу директор болуп дайындалгандыгым тууралуу чечим кагаз алып келишти.

– Бизнес жолунда эң оор күндөр эсиңиздеби?

– Бизнесте эң оор күндөр - биз өзүбүздүн, туугандарыбыздын үйлөрүн күрөөгө коюп эң биринчи жолу кредитке чоң суммадагы акча алганыбызда болгон. Анткени ал акчабыз алдамчылардын колуна тийип калган. Ошондо биз эле эмес, бизге ишенип үйлөрүн күрөөгө берген туугандарыбыз да үйсүз калуу коркунучунда калышкан. Ал учурду эстесем азыр да денем калтырап кетет. Бирок Чыныбай күнү-түнү иштеп атып кырдаалдан чыгып кеткенбиз.

– Чыныбай Акунович комбинаттын иштерине да киришеби? Же баарын сизге жүктөп коюп өзү саясат менен эле алекпи?

– Чыныбай - стратег. Ал компаниянын келечегин ойлойт, алдына максат коюп, ошону ишке ашыруу үчүн иштейт. Жаңы долбоор, жаңы өндүрүштөрдү ал иштеп чыгат. Мен ошону улантам. Мунун баары үй-бүлө сыяктуу: эркек там салат, анан аял аны жайлуулук менен камсыздайт, бала тарбиялайт, үй иштери менен алек болот дегендей. Чыныбай саясатка кеткенден кийин чындыгында биз мурункудай өнүгө албай калдык. Мурда улам жаңы долбоор, идеялар менен иштеп турган болсок, ошол нерседен аксап калдык. Андыктан Чыныбайга: «Сени «Акун» фирмасы эле багып атат, кээде бизге деле көңүл буруп койбойсуңбу? Биз деле сенин шайлоочуларыңбыз»,- деп айтып калам. Бирок Чыныбай бир ишке кирсе баш-оту менен кирип, ошол иштин майын чыгара жасайт. Эс алуу күндөрү да ишине кетип калат.

– Жумушта кайсы принципти бекем сактайсыз?

– Эшиктен кирип келе жатканда көрсөң керек, «Менеджер, көйгөй менен кирбе, аны чечүүчү жолдор менен кир» деген жазуу илинип турат. Ошол принципти колдоном. Мага жумушчулар мындай көйгөй болуп жатат деп кирсе: «Сен жумушуңду менден жакшы билесиң, аны кандай чечиш керек, ошонун жолдорун кошо ойлонуп кел», - дейм. Алар кандай кырдаал болгонун көрсөтүп, аны мындай чечсек болот деп чечимин кошо өздөрү жазып келет. Мен окуп "макулмун" же "жок" деген жерине кол коём. Бул нерсе жумушчуларымды өзүнүн чечимине жоопкерчиликтүү болуусуна үндөйт.

– Акчага байланыштуу кандай ырымдарды колдоносуз?

– Мен эч кандай ырым-жырым колдонбойм, колдонуп да көргөн эмесмин. Акчаны көбөйтүш үчүн ырым-жырым колдонбой, болгону иштеш керек.

– Аласаңыз көппү же бересеңизби?

– Аласабыз да көп, бересебиз да көп. Бересе деген бул кредитке алган акчаларыбыз. Чыныбай бир кезде: «Миллионердин миллион карызы болот» - деп айтып калчу. Анын сыңарындай бир иш жасайын десең кредитке акча алып иштетесиң. Ошондуктан биздин бересебиз көп. Өнүгөм деген адам кредитке акча албай коё албайт, бирок ошол каражатты акча алып келчү нерсеге жумшаш керек. Бересе менен катар аласабыз да көп. Мурунтан иштеп келе жаткан кардарларыбызга унду карызга беребиз, алар сатып, акчасын анан алып келишет. Сейфимде "кооптуу карыздар" деген узун тизме бар. Эми аны айрып ыргытып салсам деле болмок, бирок сейфте жүрөт (күлүп). Ошолор кайтарылбай калган карыздар. Негизи бирөө карызга акча сурап келсе бербеш керек же берсең аны кайра сурабашың керек экен. Андыктан бирөө карызга акча сурабаса экен дейм. Сураса көңүлүн кыйбай берип коёсуң, кайтарып бергенге мүмкүнчүлүгү болбой калса, ал сага экинчи жолобойт, качат. Ушинтип жакшы теңтуштарыбызды жоготуп алган учурлар көп болгон.

– “Ийгиликтүү карьера - жеке жашоонун душманы” дешет. Бул сөздүн сизге тиешеси барбы? Болсо ишкерлигиңиздин жеке жашооңузга кандай терс таасири тиет?

– Жок, балдарымды бала багуучу карады, үйгө да жардамчы алдым. Балдарыма толук кандуу тарбия бердим деп айта алам. Биз балдарыбызга татыктуу үлгү болууга аракет кылдык. Мени өкүндүргөн бир гана нерсе болду. Кыздарым Айдай менен Бегимай кичинекейинен Ысык-Көлдөгү пансионатыбызда иштешти. Жыл сайын жай келгенде барып иштеп, акча таап келип мектепке керектүү нерселерди алышчу. Студент кезде да окуудан эс алууга чыкканда эле пансионатка иштегени кетишчү. Бир жолу башкалардын балдарын карасам чет өлкөлөрдө эс алып жүрүшөт. Ошондо мен балдарымды кичинесинен иштетиптирмин деп жүрөгүм аябай ооруду. Анан кыздарымды отургузуп алып: «Кыздарым, силерди эч жакка эс алууга да жибербей, кичинеңерден иштетип туура эмес кылган окшойм»,- десем, кыздарым: «апа, пансионатты ачып берип койгонуңарга эле рахмат, биз жашообузду көлсүз элестете албайбыз»,- дешти. Ошондо жүрөгүм тынчып калды. Кыздарым такшалып калышты, азыр кайсы иш болбосун көзүн таба алышат. Улуу кызыбыз Айдай жогоруда айтканымдай, «Акун» фирмасынын башкы директору. Экинчи кызым Бегимай «Акун Ысык-Көл» пансионатынын директору, «Капитал» банкта директорлор кеңешинин мүчөсү. Экөө тең Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин (АУЦА) Бизнес башкаруу факультетин 2-чи жана 3-чү даражадагы дипломдор менен бүтүрүшкөн. Кийин Айдай Түштүк Кореядагы бизнес мектепке өтүп, баллы жогору болгондуктан жүз пайыз жеңилдик алып окуду. Аны бүтүрүп келгенден кийин Американын Нью-Йорк университетинин мамлекетти башкаруу боюнча магистратурасын окуду.

Уулубуз Эржан да Борбордук Азиядагы Америкалык университетиндеги Экономика факультетинин 2-курсун аяктады. Учурда досу менен жайкы эс алуу маалында Америкага атайын программанын негизинде кетип официант болуп иштеп жүрөт.

 

Динара ЧОКОЕВА

Эскертүү: Lady.kg сайтынын материалдарын көчүрүү, редакциядан уруксат алгандан кийин гана көчүрүлүшү шарт.